Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 31-декабры № 457
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 15- декабрындагы № 364 “Жер мунапысынын объектилерине жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча иштерди аяктоо боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Жер участокторун легалдаштыруу маселелерин кароо боюнча мамлекеттик комиссия (мындан ары – Мамлекеттик комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Мамлекеттик комиссия Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 15-декабрындагы № 364 “Жер мунапысынын объектилерине жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча иштерди аяктоо боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын 2–4-пункттарында аныкталган жер участокторун легалдаштыруу маселелерин кароо боюнча ишти жүргүзсүн.
3. Мамлекеттик комиссия жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына тиешелүү маалымат берсин.
4. Мамлекеттик комиссия жүргүзүлүүчү иштин жүрүшүндө келип чыгуучу маселелерди чечүү үчүн министрликтерден, административдик ведомстволордон, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан зарыл болгон маалыматты белгиленген тартипте суроого, ошондой эле макулдашуу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын адистерин жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн тартууга укуктуу деп белгиленсин.
5. Министрликтердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары (макулдашуу боюнча) Мамлекеттик комиссиянын суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматты, материалдарды ыкчам тартипте берсин жана анын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |

(КР Президентинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 119 тескемесинин редакциясына ылайык)

41. Жер участокторун легалдаштыруу маселелерин кароо боюнча мамлекеттик комиссиянын катчылыгынын функциялары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүчү түзүмдүк бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Министрликтердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары (макулдашуу боюнча) Мамлекеттик комиссиянын суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматты, материалдарды ыкчам тартипте берсин жана анын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Жер участокторун легалдаштыруу маселелерин кароо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамы
(КР Президентинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 119 тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө маселелерин тейлөөчү орун басары, Мамлекеттик комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары, Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары;
Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Бишкек шаарынын мэринин орун басары;
Ош шаарынын мэринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн аймактарды өнүктүрүү секторунун башчысы;
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү.