Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 18-декабрындагы № 15/II
Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине жер тилкелерин кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылдын 09-декабрындагы № 01-10/1176 ““Имарат”ЖЧКнан жеке жер тилкелерин акысыз муниципалдык менчикке алуу жөнүндө” катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ Мыйзамынын 27-беренесинин 15-пунктуна, 34-беренесинин 17-пунктуна ылайык,
Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине “Имарат” жоопкерчилиги чектелген коомдун жеке менчиктеги айыл чарба багытындагы эмес жер тилкелерин акысыз негизде алууга макулдук берилсин:
- жалпы аянты 422,89 ч.м. идентификациялык код: 7-04-16-0007-1287,
дареги: Ново-Покровка айылы, Пушкин көчөсү,36В
- жалпы аянты 148,07 ч.м. идентификациялык код: 7-04-16-0007-1288,
дареги: Ново-Покровка айылы, Пушкин көчөсү,36Г.
2. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысына жеке менчиктеги айыл чарба багытындагы эмес жер тилкелерин айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине кабыл алуу үчүн зарыл болгон даярдык иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Б.Смановго жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Минбаев |