Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 22-октябры № 688
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин агрономиялык тажрыйба жана үрөн чарбачылыгы жаатындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 288 "Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбалары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбалары жөнүндө жободо:
- 2-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) айдоо жерлердин менчик ээлиги жана (же) пайдалануу укугун ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (өзүндө документтердин түп нускалары болуу керек);";
- 6-пункттун төртүнчү абзацындагы "14 жумуш күндүн ичинде" деген сөздөр "7 жумуш күндүн ичинде" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 66 "Кыргыз Республикасында жеке агрономиялык тажрыйбаны жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы жеке агрономиялык тажрыйбаны жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жободо:
- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жеке агрономия менен алектенүүгө уруксат алууга талапкер болгон юридикалык же жеке жак ушул Жобонун 5, 6-пункттарында көрсөтүлгөн арызды жана документтерди электрондук түрдө берүүгө укуктуу. Ушул Жобонун 5, 6-пункттарында көрсөтүлгөн арыз жана документтер электрондук түрдө берилген учурда, аларды арыз ээсинен кагаз түрүндө талап кылууга жол берилбейт.";
- 5-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жогорку жана/же орто атайын агрономиялык билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (өзүндө документтин түп нускасы болуу керек)";
- 7-пункттун экинчи абзацындагы "10 жумуш күндүн ичинде" деген сөздөр "5 жумуш күндүн ичинде" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |