Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАТАЛЫШ РЕСУРСТАРЫ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 26-декабры № 01-01/412
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2018-жылдын 24-апрелиндеги № 01–7/203 «Пайдалуу кендерди ачык ыкма менен казуунун өндүрүштүк процесстеринин коопсуздук эрежелерди бекитүү тууралуу» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Тоо-кен ишканаларынын өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, өндүрүштүн негизсиз чыгымдарын жоюу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2018-жылдын 24-апрелиндеги № 01-7/203 “Пайдалуу кендерди ачык ыкма менен казуунун өндүрүштүк процесстеринин коопсуздугу жөнүндө эрежелерди бекитүү тууралуу” буйругуна тɵмɵнкүдɵй ɵзгɵртүүлɵр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Пайдалуу кендерди ачык ыкма менен казуунун өндүрүштүк процесстеринин коопсуздугу жөнүндө Эрежелерде:
- 100-пункттун биринчи абзацындагы «милдеттүү түрдө медициналык» деген сөздөрдөн кийин «кароодон жана» деген сөздөр менен толукталсын;
- 100-пункттун экинчи абзацындагы «кирүү алдында» деген сөздөрдөн кийин «вахта алдындагы медициналык кароодон,» деген сөздөр, ал эми «кызматкерлерине жайылтылбайт» деген сөздөрдөн кийин «(чарба жүргүзүүчү субъекттин аймагынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна чыккан технологиялык жабдууларды башкарган жумушчуларды кошпогондо)» деген сөздөр менен толукталсын;
- 152-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: «Ички чарбалык иштерди чарбакер субъекттин аймагынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна чыгарбастан аткарган учурда жолдомо кагаздары берилбейт»;
- 152-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Карьердин (разрездин) жолдорунда транспорт каражаттарынын, ошондой эле автомобиль жана трактордук поезддердин кыймылынын ылдамдыгы жана жүрүү тартиби жергиликтүү шарттарды эске алуу менен ишкананын администрациясы тарабынан белгиленет».
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуу башкармалыгы:
- белгиленген тартипте ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн, эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрдө, ушул буйрук жарыяланган булагын көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн;
- ушул буйрук күчүнө киргенден кийин үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына буйруктун көчүрмөсү маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
3. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
4. КР ЖРЭТКМнин 2025-жылдын 07-июлундагы № 01-01/192 жана 2025-жылдын 01-сентябрындагы № 01-01/270 буйруктар күчүн жоготту деп табылсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басарына – Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматынын директоруна жүктөлсүн.
Министр |
| М.А. Машиев |