Редакцияот 23.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

1-чакырылышынын кезексиз XVI-сессиясы

2025-жылдын 23-декабры №2

Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  “Жайыттарды пайдалануунун 2026-жылга карата планын” жана “2025-2030-жылдарга жайыттарды пайдалануунун планын” бекитүү жөнүндө.

 

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык  Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  “Жайыттарды пайдалануунун 2026-жылга карата планын” жана “2025-2030-жылдарга жайыттарды пайдалануунун планын” бекитүү жөнүндө угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

 

1. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  “Жайыттарды пайдалануунун 2026-жылга карата планы” жана “2025-2030-жылдарга жайыттарды пайдалануунун планы” бекитилсин.

 

2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

3. Бул токтомдун аткарылышы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго тапшырылсын.

 

 

 Төрага

А. Муталиев