Редакцияот 08.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы

 

2025-жылдын 08-октябры №7/2                                       

 

 

Керме-Тоо  айыл өкмөтүнүн 2025 - жылдын  III кварталында жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Керме-Тоо айыл өкмөтү тарабынан сунуш кылынган 2025-жылдын III кварталында  жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн каражаттарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө маселени Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясында карап жана талкууланып чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 27-беренесин жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы, токтом кылат:

 

1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын III кварталы ичинде жергиликтүү бюджетинин кирешеси жыл башына бекитилген планга карата өзгөрүүлөрү №1- тиркемеге ылайык.

2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын III кварталы ичинде жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн кошумча каражаттарынын өзгөрүүлөрү №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                                                                Абсатар уулу М