Загрузка документа…
|
| Тиркеме 2 |
|
| (Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 19-декабрындагы № 05/2-17/343 буйругуна) |
Балык өндүрмөлүгүн, ихтиологиялык мониторинг жүргүзүүнү жана балык запастарын көбөйтүүнү уюштуруу тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Балык өндүрмөлүгүн, ихтиологиялык мониторинг жүргүзүүнү жана балык запастарын көбөйтүүнү уюштуруу тартиби (мындар ары – Тартип) “Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасында аталган балык чарба иштерин жүргүзүүнүн эрежелерин аныктайт.
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) биологиялык негиздөө – жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине таасир этиши мүмкүн болгон жаныбарлар дүйнөсүн пайдалануу, чарбалык жана башка иштерге илимий негизделген корутунду;
2) суу биологиялык ресурстар (СБР) – табигый жана жасалма көлмөлөрдө табигый эркин абалдагы балыктар, омурткасыз суу жандыктары жана башка суу жаныбарлары жана өсүмдүктөрү;
3) балык чарбалык маанидеги суу объекттери – балык чарбасын жүргүзүү үчүн пайдаланылуучу же пайдаланууга мүмкүн болгон көлмөлөр, өзөндөр, суу сактагычтар, дарыялар жана аларга теңдештирилген каналдар же алардын айрым участоктору;
4) суу биоресурстарын уулоо (кармоо) – суу биоресурстарын алардын жашаган чөйрөсүнөн алып салуу;
5) балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу – балык чарбалык суу көлмөлөрдө балык запастарын калыбына келтирүү жана көбөйтүү максатында, жашоого жарактуу стадияга чейин өстүрүлгөн жаш балык чабактарын кийин табигый жана жасалма суу көлмөлөргө коё берүү менен чабактардын чыгаруу жана өстүрүү ишмердүүлүгү;
6) ихтиологиялык мониторинг – балык чарба көлмөлөрүнүн ихтиофаунасынын абалына байкоо жүргүзүү, баа берүү, талдоо жана болжолдоо системасы;
7) лимит – балык запастарынын туруктуу болушун жана көбөйүшүн камсыз кылуучу балык уулоо үчүн белгиленген мөөнөттөрдө балык уулоонун түрлөрү жана балык чарба көлмөлөрү боюнча балык уулоо объекттерин кармоонун (уулоонун) жол берилген жалпы көлөмү;
8) чакан балык уулоочу кеме – бул 80 регистр тоннадан кем эмес сыйымдуулуктагы кубаттуулугу 55 киловаттан (75 аттын күчү) кем эмес башкы кыймылдаткычтары менен же кубаттуулугуна карабастан асылма моторлуу, узундугу 20 метрден ашпаган жана жүргүнчүлөрдү батыруу сыйымдуулугу12 адамдан кем эмес өзү жүрүүчү кеме;
9) илимий мекеме – суу биоресурстарын балык чарбалык жактан изилдөөгө адистешкен илимий профилдик уюм;
10) суу биоресурстарын кармап алуунун жалпы жол берилген көлөмү – балык чарбалык суу көлмөлөрдө же балык уулоо участокторунда суу биоресурстарынын белгилүү бир түрлөрүн жылдык кармап алуунун (уулоонун) илимий негизделген чоңдугу;
11) балык өндүргүчтөр –жыныстык жактан жетилген балык особдору;
12) балык чарбалык көлмө – балык чарбасын жүргүзүү үчүн колдонулуп жаткан же колдонула турган, же балык запастарын өндүрүп чыгаруу үчүн мааниси бар суу объекти;
13) балык уулоо участоктору – балык чарбалык көлмөлөрдүн же дарыялардын өндүрмөлүк балык уулоону жүзөгө ашыруу, ошондой эле ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштуруу үчүн белгилүү бир чектерде түзүлүүчү өзүнчө участоктор;
14) балык тукумун көбөйтүүчү материал – балык чарбалык суу көлмөлөрдүн балык өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында көлмөлөргө жана балык уулоо участокторуна коё берилүүчү белгилүү бир жаш категориясындагы балык;
15) балык өстүрүү продукциясы (балык тукумун көбөйтүүчү материал) – андан ары өстүрүү жана товардык балыкты алуу максатында көлмөлөргө коё берүүгө арналган белгилүү жаш категориясындагы балык (личинкалар,, жаш балыктар, бир жылдыктар, ж.б.);
16) балык өстүрүү заводу – балык тукумун көбөйтүүчү материалын өндүрүү боюнча технологиялык циклы толук эмес балык чарбасы;
17) балык чарбалык илимий изилдөөлөр – суу көлмөлөрдү жана балыктардын түрдүк курамын, аларды бөлүштүрүүнүн өзгөчөлүктөрүн, балыктын өзүнчө популяция биологиясын жана сандык мүнөздөмөлөрүн, ошондой эле алардын жашоо чөйрөсүнүн шарттарын жана балык запастарына жана алардын жашоо чөйрөсүнө залал келтирбестен аларды кармоо мүмкүнчүлүгүн баалоону комплекстүү иликтөө;
18) балык чарба субъекти – белгиленген тартипте пайдаланууга берилген суу объектилеринде же балык уулоо участокторунда балык өстүрүү, балык уулоо жана балык запастарын көбөйтүү жаатында балык чарба ишин жүзөгө ашыруучу жеке (жеке ишкерлер) жана юридикалык жактар, анын ичинде коомдук бирикмелер.
2-глава. Балык уулоонун түрлөрү жана аны уюштуруунун тартиби
3. Балык чарбалык суу объекттериндеги балык жана башка суу биологиялык ресурстары, суу объектилерин пайдалануучулар тарабынан киргизилген аквакультура объекттерин кошпогондо, мамлекеттин гана менчиги болуп саналат.
4. Балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган балык жана башка суу биологиялык ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу боюнча бирдиктүү саясатты ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
5. Балык уулоону сарамжалдуу жүргүзүү деген гидробионттордун өнөр жайлык түрлөрүнүн санын экономикалык жактан кыйла натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуучу белгиленген туруктуу деңгээлде кармап турууга багытталган бир катар чараларды ишке ашырууну билдирет.
6. Балык уулоо төмөнкүдөй максаттарда жүргүзүлөт:
1) өнөр жайлык балык уулоо;
2) илимий изилдөө жана контролдоо;
3) көбөйтүү жана климатташтыруу;
4) спорттук жана ышкыбоздук балык уулоо.
7. Суу биоресурстары балык уулоонун бир же бир нече түрүн жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн.
Балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган илимий-изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана контролдук балык кармоого, жасалма көбөйтүү үчүн өндүрүүчүлөрдү кармап алууга, климатташтырууга, өнөр жайлык жана спорттук-ышкыбоздук балык уулоого квоталарды бөлүштүрөт.
8. Өнөр жайлык жана спорттук-ышкыбоздук балык уулоо илимий уюмдар жана/же балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын адистери тарабынан өнөр жайлык, спорттук-ышкыбоздук балык уулоо объекттерине белгиленген жалпы жол берилүүчү объекттерге гана киргизилген суу биоресурстарынын түрлөрүнүн тизмесине ылайык жүзөгө ашырылат.
9. Суу биоресурстарынын уруксат берилген жалпы юалык кармоо (лимиттер) ар бир балык чарба суу объектиси үчүн илимий уюмдун биологиялык негиздемесинин негизинде жана Балык чарбасы- биологиялык эксперттик кеңештин балык чарбасы чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык бекитилет, ал балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлөт, анын курамына ветеринария, курчап турган чөйрөнү коргоо, коомдук уюмдар ж.б. кирет.
10. Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө балык кармоо укугу балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген лимиттерде, балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген формадагы балык эсепке алуу документтерин берүү менен келишим боюнча бир жылдык мөөнөткө түшүм алуу квоталарынын чегинде конкурстук негизде берилет.
11. Өнөр жайлык балык уулоо чек араларын аныктоону балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашыруучу балык чарба көлмөлөрүнүн балык уулоочу участокторунда жүзөгө ашырылат.
12. Балык уулоо чакан балык уулоочу кемелерди пайдалануу менен же аларды пайдаланбастан жүргүзүлөт.
13. Бекитилген торлор жана жайылма торлор (сүйрөө) менен балык уулоо менен алектенген балык уулоочу кемелер жана кайыктар Кыргыз Республикасынын суу объектилеринде кемелердин жүрүү эрежелеринде белгиленген чырактарды жана белгилерди көрсөтүүгө тийиш.
14. Балык уулоочу кемелерге таяныч белгилери же кеме токтоочу жайдын калкып жүрүүчү белгилери менен белгиленүүчү кеменин жүрүү огунан 2 километрден аз аралыкта торду жаюуга, ошондой эле булуңдардын кире бериштерин туруктуу балык уулоочу шаймандар менен тосууга тыюу салынат
15. Тандалган аймакта же булуң зонасында кандайдыр бир өтүүчү кабелдин винтине торлор же сеткалар оролгон учурда кеме тыюу салынган зонага коюлган торлордун же сеткалардын бузулгандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт жана балык уулоо шаймандарын чыгаруунун кесепетинен токтоп калуудан улам келтирилген чыгымдардын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.
16. Техникалык жактан жакшы абалдагы чакан балык уулоочу кемелерди эксплуатациялоого алардын тиешелүү лицензиясы, капталында так белгиленген каптал номурлары, чакан кемени башкаруу укугуна күбөлүк, жылдык техникалык күбөлүктүн мөөрү бар кеме билети жана башкалар болгондо жол берилет.
17. Өнөр жайлык балык уулоо үчүн суу биологиялык ресурстарына жана алардын жашоо чөйрөсүнө зыян келтирбеген, уруксат берилген торлорду гана колдонууга болот.
18. Тыюу салынган балык уулоо шаймандарына төмөнкүлөр кирет:
1) синтетикалык нейлондон же башка полиамид мононеттерден
жасалган, жиптин диаметри 0,5 мм кем жана көзөнөгүнүн көлөмү 100 мм кем (көзөнөктүн конструктивдүү кадамынын өлчөмү 50 мм жана 55 мм) даяр түйүндүү балык уулоо торлору;
2) электр балык уулоо системалары.
19. Коммерциялык жана рекреациялык балык объекттерин уулоо укугун токтотуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) коммерциялык жана рекреациялык балык уулоо объекттеринин укугунун мөөнөтү аяктаганда;
2) тараптардын макулдашуусу боюнча;
3) өнөр жайлык жана спорттук-ышкыбоздук балык уулоо
объекттерин пайдаланууга берилген адам баш тартканда;
4) балык чарба субъектисинин иши токтотулганда;
5) келишимдин шарттарында каралган башка учурларда.
3-глава. Ихтиологиялык мониторингди уюштуруу жана өткөрүү тартиби
20. Балык чарба көлмөлөрүндө жана балык уулоо участокторунда ихтиологиялык мониторинг боюнча иштерди жүргүзүү балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген ихтиологиялык иштердин жылдык пландарына жана контролдук балык кармоону өткөрүү графиктерине ылайык жүргүзүлөт.
21. Балык ресурстарынын ихтиологиялык мониторингин илимий
уюмдар жана балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын адистери тарабынан жүргүзүлөт.
22. Суу биологиялык ресурстарынын ихтиологиялык мониторинг төмөнкүлөргө үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү системасы болуп саналат:
1) өзгөрүүлөрдү өз убагында аныктоого, аларга баа берүүгө жана болжолдоо үчүн балык популяциясынын абалына, алардын азык-түлүк менен камсыз болушуна жана алардын жашоо чөйрөсүнүн сапатына;
2) акыркы бир нече жылдагы кармоонун өлчөмүнө, алардын санына, жаштык топтордун катышына, балык уулоо объектилери болуп саналган балык ресурстарынын табигый көбөйүшүнө, ошондой эле алардын жашаган чөйрөсүнө;
3) жашоо узактыгына, биринчи жана массалык жыныстык жетилүү башталган курагына, өсүү темптерине жана башка биологиялык көрсөткүчтөргө.
23. Балык ресурстарынын ихтиологиялык мониторинги анын маалыматтарын төмөнкүлөр үчүн пайдалануу максатында жүргүзүлөт:
– балык ресурстарынын биологиялык абалынын, көптүгүнүн, табигый жана жасалма көбөйүшүнүн өзгөрүшүнө жыл сайын баа берүү жана болжолдоо, коммерциялык кайтарымды белгилөө, ошондой эле алардын жашоо чөйрөсүнүн абалын табигый жана антропогендик факторлордун таасиринен баалоо;
– уруксат берилген балыктын жалпы көлөмүн аныктоо жана кармоонун лимиттерин иштеп чыгуу, болжолдуу тапшырмаларды иштеп чыгуу;
– мониторинг жүргүзүүдө алынган маалыматтарды балык чарбаларынын мамлекеттик реестрине киргизүү;
- суу биологиялык ресурстарынын абалына жана алардын жашоо чөйрөсүнө таасир этүүчү терс процесстерди аныктоо жана аларды сактоо боюнча чараларды иштеп чыгуу максатында болжолдоо;
– балык жана башка суу биологиялык ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну уюштуруу, анын ичинде балык уулоого чектөөлөрдү белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана киргизүү;
– эндемикалык жана баалуу товардык балык түрлөрүнүн санын жана запастарын, ошондой эле алардын жашоо чөйрөсүн сактоо жана көбөйтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугун баалоо.
24. Ихтиологиялык мониторингди жүргүзүү ихтиологиялык материалды чогултуунун жана кайра иштетүүнүн бекитилген методикасына ылайык жүргүзүлөт.
25. Балык ресурстарына жана алардын жашоо чөйрөсүнө ихтиологиялык мониторинг жүргүзүүнүн алкагында илимий уюм балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын адистеринин катышуусу менен төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
– балык чарбалык маанидеги суу объектилеринин категорияларын аныктоо үчүн маалыматтарды чогултуу жана материалдарды даярдоо (суу объектилеринин сыпаттамасы жана суу биоресурстарын кармап алуунун (уулоонун) өзгөчөлүктөрү, көбөйүү жерлери, кыштоолору, массалык семирүү жана балыктардын миграциясы);
– жасалма көбөйтүү максатында кармалган жана өндүргүчтөрдү өстүрүү жана жыныстык продукттарды (икра жана чабак) тандоодо өлгөн, ошондой эле биологиялык анализдерди жүргүзүү үчүн келишимдик негизде атайын алынган балыктарды биологиялык талдоо;
- балык чарбалык маанидеги суу объектилеринин кыштоо, массалык тоюттандыруу жана өнөр жайлык балыктардын миграция жерлериндеги гидрологиялык жана температуралык режими жөнүндө маалыматтарды чогултуу;
– суу биоресурстарынын табигый көбөйүшү жөнүндө маалыматтарды чогултуу (урук чачуучу жерлердин (нерестилище) карточкаларын түзүү);
- суудагы тамак-аш организмдеринин биомассасын аныктоо үчүн гидробиологиялык материалдарды чогултуу;
– балык чарбалык маанидеги суу объектилериндеги суу биоресурстарыына антропогендик таасири жана алардын жашоо чөйрөсү жөнүндө маалыматтарды чогултуу (ышкыбоз балыкчылардын саны, алардын кармаган балыгын кошуу менен, анын ичинде мыйзамсыз балык уулоо жөнүндө маалыматтарды чогултуу);
– суу биологиялык ресурстарынын абалы жана алардын жашоо чөйрөсү жөнүндө маалыматтарды талдоо, иштеп чыгуу жана жалпылоо, суу биологиялык ресурстарын кармап алуу үчүн жаңы райондорду жана жаңы балык уулоо жерлерин издөө;
– сот жана укук коргоо органдарынын талабы боюнча чарбалык ишмердиктин натыйжасында балык ресурстарына келтирилген зыянга балык экспертизасын жүргүзүү;
– балык чарбаларынан келип түшкөн кайрылуулардын жана материалдардын негизинде балыктардын массалык кырылышынын жана алардын жашаган чөйрөсүнүн булганышынын натыйжасында келтирилген зыяндын өлчөмүнө корутундуларды жана эсептөөлөрдү (аныктамаларды) даярдоо.
26. Биологиялык абалынын жана суу биоресурстарынын көптүгүнүн жана башкалардын өзгөрүшүнө жыл сайын баа берүү жана болжолдоо максатында балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга белгиленген тартипте:
– балык ресурстарынын жана алардын жашоо чөйрөсүнүн абалына таасир этүүчү процесстердин өзгөрүшүнүн сыпаттамасы жана балык кармоонун жалпы жол берилген көлөмүн тактоо боюнча сунуштар;
– балык уулоого чектөөлөрдү иштеп чыгууну жана киргизүүнү, суу биоресурстарын жана балык чарба мелиорациясын кошуп алганда балык ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга, ошондой эле балык ресурстарын, алардын жашоо чөйрөсүн сактоо жана аларды балык уулоо эрежелерине киргизүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө биологиялык негиздеме.
4-глава. Балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүү боюнча иштерди уюштуруу жана жүргүзүү тартиби
27. Балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүү илимий уюмдардын же балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистеринин сунуштарынын негизинде түзүлүүчү болжолдуу тапшырмага ылайык жүзөгө ашырылат жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) балык өндүргүчтөрдү кармоо;
2) икраларды инкубациялоо үчүн чогултуу, даярдоо жана таштоо;
3) жаш балыктарды багуу;
4) жаш балыктарды балык чарба сууларына чыгаруу.
28. Балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган балык запастарын жасалма көбөйтүү боюнча иштерди жүргүзүү пландаштырылган жылдын 30-декабрына карата болжол-тапшырманы бекитет.
29. Божомол тапшырмада төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) ветеринардык-санитардык ченемдерге жана талаптарга жооп берген, икраны инкубациялоо жана личинкаларды жана жаш балыктарды өстүрө турган балык заводдорун, балык өстүрүү питомниктерди жана балык чарба субъекттерин көрсөтүү менен алардын түрлөрү боюнча өнөр жайлык жана эндемикалык балыктарды инкубациялоого икра таштоонун көлөмү, мөөнөтү,
2) жаш балыктарды, жасалма көбөйтүү объектилери болуп саналган балыктардын түрлөрүн коё берүүнүн көлөмдөрү жана мөөнөттөрү, суу объектилеринин аталыштары, балык отургузуучу материалды чыгаруучу субъекттердин аталыштары;
3) жаш балыктардын багуу стадиясын жана суу объектилерине кое берүү учурундагы балык түрлөрүнүн 1 даанасынын орточо салмагын;
4) көбөйтүү ишинин түрлөрү (балык өндүргүчтөрдү кармоо, икра чогултуу жана даярдоо, инкубациялоо үчүн икра салуу, личинкаларды жана жаш балыктарды өстүрүү).
30. Балык өндүргүчүтөрдү кармоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн алдында балыктын урук чачуучу абалын изилдөө, жыныстык жетилүү стадиясын белгилөө жана балыктын урук чачууга массалык миграциясынын башталышынын мөөнөттөрүн аныктоо үчүн илимий-ихтиологиялык же балык чарбалык изилдөөлөр жүргүзүлөт.
31. Илимий уюм же балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын адистери жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжалары боюнча тиешелүүлүгүнө жараша балыктын урук чачуу мезгилинин башталгандыгын жана балыктын жетилүү стадиясын көрсөтүү менен биологиялык негиздеме же балык чарба корутундусун түзөт.
32. Балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган өндүргүчтөрдү атайын кармоо боюнча иштерди жүргүзүү тартибине ылайык болжолдуу тапшырмага кирген балык чарба субъекттери менен балык уулоо жана эсепке алуу документтерин берүү менен балык запастарын жасалма көбөйтүү боюнча иштерге катышуу укугун берүү жөнүндө бир жылдык мөөнөткө келишим түзөт.
33. Өндүргүчтөрдү атайын кармоо балык оорулары жок жана бекитилген ветеринардык-санитардык жана балык чарбалык-биологиялык ченемдерге жана талаптарга ылайык суу объектилеринде жүргүзүлөт.
34. Балык өндүргүчтөрдү торлор менен кармоодо балыктын башка түрлөрү кармалып өлүп калса, ветеринардык кызматтын өкүлдөрүнүн катышуусунда белгиленген үлгүдөгү жок кылуу актысы түзүлүп жок кылынууга жатат.
Балык уулоо шаймандарды, мисалы, тор, трал ж.б. колдонууда, балык уулоо куралдарына башка баалуу жана эндемикалык түрлөрдөгү балыктар түшүп калган учурда, зыянкеч балыктардан тышкары, айрыкча икра жегич түрлөр жок кылынышы керек, ал эми калган балыктар табигый жашоо чөйрөсүнө кайра коё берилет.
35. Табигый суу объектилеринен алынган өндүрүүчү балыктар алдын ала иштетилген өзүнчө идиштерге, бассейндерге, көлмөлөргө салынат. Журналда аларды багуу шарттары (температура, кычкылтектин курамы, рН), сырткы көрсөткүчтөрү, ургаачылардын жеке жана жумушчу тукумдуулугу, алынган овуляцияланган жана уруктанган икралардын саны жазылат жана уруктануунун пайызы акыркы эки маалыматтардын негизинде белгиленет.
36. Энелик сан башынын жыныстык азыктарды алып койгондон соң жана журналга катталгандан кийин балыктын ветеринардык жана товардык-коштоочу документтери болгондо балыкты сатууга жол берилет. Эгерде жараксыздыгы аныкталса, ал жок кылынууга жатат жана жок кылуу актысы түзүлөт. Балыктын баалуу жана эндемикалык түрлөрүнүн өндүргүчтөрүнөн тирүү кезинде икра алынса, алар табигый чөйрөгө кое берилет.
37. Кээ бир балык чарба субъекттери тарабынан уруктанган икраларды, личинкаларды жана жаш балыктарды башка субъекттерге берүүгө балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана ветеринария кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда, тиешелүү кабыл алуу-өткөрүп берүү актыларын түзүү менен гана жол берилет.
38. Жаш балыктарды суу объектилерине кое берүү балык чарба субъекттери тарабынан балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен бекитилген жана макулдашылган суу объектилерин камдоо графиктеринин негизинде балык продуктуларын эсепке алуу жана кое берүү тартибине ылайык жүзөгө ашырылат жана комиссия мүчөлөрүнүн катышуусунда, балык чарбасын коргоо кызматынын, курчап турган чөйрөнү коргоо кызматынын жана ветеринардык коопсуздукту көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин катышуусу менен жүргүзүлөт.
39. Жаш балыктарды суу объектилерине коё бере турган жерлерге ташуунун алдында ветеринардык-санитардык ченемдерге жана талаптарга ылайык ветеринардык кызматтын өкүлдөрүнүн катышуусунда акт түзүлүп, чабактардын саны, орточо жана жалпы салмагы, бара турган жери көрсөтүлгөн накладной жазылат.
40.Суу объектилерин ар бир тирүү балык унаасына жүктөө кое берүү жана балыктандыруу боюнча комиссиянын жетекчилиги астында жүргүзүлөт.
Балык чабактарын ташууда алардын жоготууга учурашы балык өстүрүүчүлүк жана биологиялык ченемдер менен белгиленген чектерде жол берилет.
41. Табигый көлмөнү же суу сактагычты, көлмөлөрдү балыктандырууда алгач жаш балыктарды чыгаруу үчүн ылайыктуу, суу бетине транспорт каражаттарынын түздөн-түз оңой келген жери тандалып алынат. Мында абанын жана балыктандырылып жаткан көлмө суусунун температурасы эске алынат.
42. Жаш балыктарды чыгаруунун жана көлмөлөрдү балыктандыруунун натыйжалары боюнча жаш балыктарды чыгаруу жөнүндө бир нече нускада акт түзүлөт, анын бири жаш балыктарды чыгарган балык чарбасында калат, экинчиси балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга, ал эми калган нускалар же алардын көчүрмөлөрү жаш балыктарды чыгарууга катышкан башка кызыкдар тараптарга берилет.
43. Каттоо журналына киргизилбеген балыктар же икрасы алынбай калган балыктар, ошондой эле белгиленген тартипте катталбаган жана тиешелүү коштоочу документтер (актылар жана эсеп-фактуралар) таризделбеген икралар балык чарбасын коргоо кызматкерлери тарабынан эркин алып коюуга жатат.
44. Балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүү боюнча болжол-тапшырманы аларга көз каранды себептер боюнча аткарбаган жана/же аткарылган иштер жөнүндө отчетту өз убагында бербеген балык чарба субъекттерине келечекте балык запастарын көбөйтүү боюнча иштерди жүргүзүүгө жол берилбейт
45. Климатташтыруу, жаш балыктарды көлмөлөргө кое берүү, балык өстүрүү жана көлмөлөрдү балыктандыруу табигый жана жасалма көлмөлөрдө балык запастарын көбөйтүү боюнча комплекстүү иш-чаралардын курамдык бөлүгү болуп саналат.
46. Көп тараптуу экологиялык баалоону, илимий уюмдун инвазивдүүлүгүнүн тобокелдиктерин талдоону жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусун камтыган илимий биологиялык негиздемесиз, ошондой эле обочолонгон көлмө-сууга сынамык чыгарууну камтыбастан, балыктын жаңы түрлөрүн, суудагы гидробионтторду жана тоют организмдерин республиканын балык чарба көлмөлөрүнө климатташтырууга жана кое берүүгө жол берилбейт.
47. Ушул Тартиптин аткарылышын контролдоо балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
5-глава. Балык уулоодогу коопсуздук эрежелери
48. Бул Балык кармоонун коопсуздук эрежелери “Аквакультурада жана ички балык чарбаларында коопсуздуктун регионалдык практикалык кодексине” (мындан ары – Кодекс) ылайык түзүлөт жана балык уулоонун бардык түрлөрүндө кырсыктарды болтурбоого багытталган.
49. Балыкты изилдөөдө ал толугу менен кыймылсыз абалда же наркоздо болушу керек; изилдөөчү курч канаттарынан, уулуу перитонеумдан, икрадан (маринка, осман, усач), кээ бир ички органдардан жаракат албашы үчүн мээлей кийиши керек.
50. Аквариумдагы чирип жаткан балык чирип жатканда пайда болгон газдар менен ууланууга алып келиши мүмкүн. Балык кармагандан кийин, өзгөчө бассейндерди тазалагандан кийин колду дайыма жууш керек.
51. Инкубациялоочу жайларда жасалма көбөйтүү иштерин жүргүзүүдө коопсуздук максатында бассейндин/көлмөнүн үстүнкү четинен ашып, бассейнге секирүүгө тыюу салынат, тепкичти колдонуу керек.
52. Инкубациялык цехтердеги жана башка жайлардагы өтмөктөр жыныстык продуктуларды алуу учурунда балык өндүргтөр менен иштөө процессинде тайып кетпеш үчүн таштандылардан жана башка калдыктардан тазаланууга тийиш.
53. Балык менен иштөө аяктагандан же препараттарды (мисалы, эмдөөчү каражаттар) колдонгондон кийин жумуш жайы тазаланып, дезинфекцияланууга тийиш.
54.Кыргыз Республикасынын суу объектилеринде сүзүп жүргөн кемелердин коопсуздугун контролдоо суу транспортунун аймагын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
55. Кемеде/кайыкта сууга чыгууда куткаруучу күрмөнү жана коргоочу кийимди, тайгаланбаган бут кийимди кийүү зарыл, тең салмактуулукту сактап, кайыктын бир капталын ашыкча толтурбай, кемени/кайыкты шаймандар жана балык менен ашыкча жүктөбөш керек.
56. Коопсуздукту жана ыңгайлуулукту камсыз кылуу үчүн торлорду суунун агымы боюнча орнотуп, тордун колго, бутка жана кайыктын кыймылдуу бөлүктөрүнө оролушунан алыс болуу үчүн колду коргоочу кол каптарды колдону керек.
57. Катер жана моторлуу кайыктарды башкарууга уруксат берилген кемелердин команда курамынын, алардын жабдууларына карабастан, белгиленген тартипте берилген өзү жүрүүчү жана өзү жүрбөгөн кемелерди, моторлуу кайыктарды жана алардын механизмдерин башкарууга укук берген дипломдору, күбөлүктөрү же лицензиялары болууга тийиш. Кемеде өрткө каршы коопсуздук каражаттары болушу керек.
58. Кеменин коопсуз кыймыл ылдамдыгын тандоодо көрүүнүн, шамалдын/суунун жана агымдын шарттарын, кеменин маневрдүүлүгүн, кеме жүргөн аймакта жүк ташуунун интенсивдүүлүгүн эске алуу зарыл.
59. Адамга суудан чыгууга жардам берүү үчүн сууга куткаруучу күрмөнү, куткаруучу тегеректи же ачык түстөгү сүзүүчү нерсени дароо ыргытып, кемени адам турган жерге багыттоо керек.
60. Суудагы адамга жакындаганда кеме ага кошумча жаракат келтирбөө үчүн кылдат маневр жасоого тийиш. Куткаруучулар өздөрү сууга түшүп кетпеши үчүн этият болушу керек.
61. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) алкоголдук же баңгизаттын мас абалында чакан кемени башкарууга;
2) жүк көтөрүмдүүлүктүн, жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугунун жана белгиленген ылдамдыктын ченемдерин бузууга;
3) кемеде максималдуу жол берилген кубаттуулуктан ашкан моторду колдонууга;
4) катталбаган жана техникалык күбөлөндүрүүдөн өтпөгөн чакан кемелерде, ошондой эле каптал номерлери көрсөтүлбөгөн кемелерде сүзүүгө;
5) кеме айдоочунун чакан кемени башкаруу укугуна күбөлүгү жок болгон учурда моторлуу же парустук кемелерде сүзүүгө чыгууга;
6) туманда, музда же башка катаал метеорологиялык шарттарда чакан кемелердин кыймылына;
7) суу транспортунун ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу кызмат органынын, суу транспортунун аймагын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу кызмат органынын кемелерин жана авариялык-куткаруу кызматынын кемелерин кошпогондо, сууда сүзүү жана пляждар үчүн бөлүнгөн акваторияларга чакан кемелерди киргизүүгө;
8) Балык уулоонун кыймылдагы куралдарынын жана башка шаймандардын жанында турууга болбойт (шаймандар, садоктор/капастар, буйлар). Жүктүн астында же асылып турган жабдуулар солкулдаган жерлерде болууга тыюу салынат, анткени жүк кулап, олуттуу жаракаттарга алып келиши мүмкүн. Подъемниктерден/лебедкалардан алыс туруу зарыл.