Редакцияот 26.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 8-сессиясы

 

2025-жылдын 26-декабры №8/3                                       

 

 

Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 4-кварталына жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзөртүү киргизүү жөнүндө

Керме-Тоо   айылдык округу тарабынан даярдалып, айылдык округунун экономикалык жана социальдык өнүүсүнүн 2025 –жылга индикативдик божомолуна кошумча өзгөртүүлөр даярдалып, Керме-Тоо  айылдык округу тарабынан сунуш кылынып, атайын комиссияда талкууланып, айылдык Кенештин туруктуу комиссиялары тарабынан айылдык округунун 2025 –жылдын 4-кварталында  жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн каражаттарына  өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап Керме-Тоо  айылдык Кенешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй, токтом кылат:

 

1. Керме-Тоо айылдык округунун 2025-жылдын IV кварталында жергиликтүү

бюджетинин киреше бөлүгүнүн кошумча түшкөн кирешелеринин эсебинен өзгөрүүлөрү №1 тиркимеге карата бекитилсин (№ 1 тиркеме тиркелет).

2. Керме-Тоо айылдык округунун 2025-жылдын IV кварталы ичинде

жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн кошумча каражаттарынын өзгөрүүлөрү

№ 2 тиркемеге карата  бекитилсин  (№2 тиркеме тиркелет).

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, муниципалдык

менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссияга жүктүлсүн.

 

 

Төрага                                                                                Абсатар уулу М