Редакцияот 23.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VIII сессиясы

 

2025-жылдын 23-сентябры №47

 

 Арка айылындагы жеке менчик жер тилкесинин багытын өзгөртүү жөнүндө

      Жаштык айылынын тургуну Баянов Ильяс Абдумомуновичтин арызын негизинде Арка айылындагы №8030310020758 кодундагы 1500 м.кв турак жай куруу үчүн берилген жер тилкесине Намазкана куруу үчүн жер тилкесинин багытын өзгөртүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер адисинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Арка айылындагы №8030310020758 кодундагы 1500 м.кв турак жай куруу үчүн берилген жер тилкесине Намазкана куруу үчүн жер аянтынын максаттуу багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышы жана тийиштүү иш кагаздарын түзүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Тѳрага

Ж.Мурадилов