Редакцияот 13.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын IХ сессиясы

 

2025-жылдын 13-октябры №50

 IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Жаңы-Жер айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынын чакыруу жөнүндө

 

          Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270  “IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык, III Элдик Курултайдын Улуттук кеңешинин 2024-жылдын 21-декабрында кабыл алган Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндөгү жобонун негизинде Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:

1.    IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитети бекиткен календардык планга ылайык Жаңы-Жер айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйыны 2025-жылдын 1-ноябрына  саат 10:00 гө Арка айылынын Жеңиш маданият үйүндө өтүлө тургандыгы белгиленсин.

2.    IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо III Элдик Курултайдын Улуттук кеңешинин 2024-жылдын 21-декабрындагы чечими менен бекитилген Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндөгү жобо ылайык уюштурулсун жана өткөрүлсүн.

3.    Жаңы-Жер айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынына катыша турган делегаттарынын жалпы саны айылдын жашоочуларынын санына жараша төмөнкүдөй болуп бекитилсин.

-        Арка айылына – 24 делегат;

-        Борбордук айылына – 16 делегат;

-        Достук айылына – 19 делегат;

-        Жаштык айылына – 21 делегат.

4.    Жаңы-Жер айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынына делегаттарды шайлоого жарандардын ар бир айыл боюнча жыйындарды өткөрүүнүн графиги №1 -тиркемеге ылайык бекитилсин.

5.    Жаңы-Жер айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссиянын курамы №2 – тиркемеге ылайык бекитилсин.

6.    Өкүлчүлүктүү  жыйынды өткөрүүнү уюштуруу, материалдык техникалык

камсыздоо жана маалымдоо иштерин жүргүзүү жагы  Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө  милдеттендирилсин.

7.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин   Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология   боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Тѳрага

Ж.Мурадилов