Редакцияот 10.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын Х сессиясы

 

2025-жылдын 10-ноябры №55

 Арка айылындагы ветеринардык ишкананын имаратын Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик эсебинен чыгаруу жөнүндө

 

       Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу Арка айылындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде катталган ветеринардык ишкана кыргыз-тажик чек ара тилкесине туш келип, чек араны тосууга тоскоол болгондуктан, ветеринардык ишкананы бузуп, тазалоо үчүн муниципалдык менчик эсебинен чыгаруу максатында Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.    Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу Арка айылындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде катталган ветеринардык ишкана айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик эсебинен чыгарылсын.

 

2.    Токтомдун аткарылышы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

 

 

 

Тѳрага

Ж.Мурадилов