Редакцияот 10.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын Х сессиясы

 

2025-жылдын 10-ноябры №59

 Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Жаштык айылындагы  жеке менчик жердин бир бөлүгүнүн багытын өзгөртүү жөнүндө

 

      Жаңы-Жер айыл аймагындагы  Жаштык айылынын Первоцеленник көчөсүнүн №50 дарегиндеги  турак жай үчүн берилген жеке менчик жердин бир бөлүгүнүн максаттуу багытын соода түйүнүнө өзгөртүү жөнүндөгу Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө келип түшкөн арыздарынын негизинде, Жер Кодексинин 21-беренесинин негизинде Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.    Жаңы-Жер айыл аймагындагы  Жаштык айылынын Первоцеленник көчөсүнүн №50 дарегиндеги турак жай үчүн берилген жеке менчик жердин бир бөлүгүнүн максаттуу багытын соода түйүнүнө өзгөртүүгө макулдук берилсин.

 

2.    Лейлек райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына катты даярдап жөнөтүү жагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

 

Тѳрага

Ж.Мурадилов