Редакцияот 09.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын ХI сессиясы

 

2025-жылдын 9-декабры №61

 Арка массивине суу берүү үчүн Максат каналынын Лот 4 объектисинин курулушуна жер  бөлүп берүү жөнүндө

 

          Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 21-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-34-беренелерине ылайык Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:

1.    Арка массивине суу берүү үчүн Максат каналынын Лот 4 объектисинин курулушуна № 101, 102, 104, 105, 190, 191, 193, 194 – контурлардан убактылуу пайдаланууга 25,15га, биротоло пайдаланууга 16,08га, жалпы 41,20га жер тилкелери бөлүнүп берилишине макулдук берилсин.

2.    Тиешелүү иш-кагаздарын Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларына ылайык жүргүзүү жагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Айтбаевге жүктөлсүн.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин   Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология   боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Тѳрага

Ж.Мурадилов