ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын ХI сессиясы
2025-жылдын 9-декабры №64
Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Борбордук айылындагы жеке менчик жердин бир бөлүгүнүн багытын өзгөртүү жөнүндө
Жаңы-Жер айыл аймагындагы Борбордук айылынын Гозиев көчөсүнүн №22 дарегиндеги турак жай үчүн берилген жеке менчик жердин бир бөлүгүнүн максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндөгу Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө келип түшкөн арыздарынын негизинде, Жер Кодексинин 21-беренесинин негизинде Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
- Жаңы-Жер айыл аймагындагы Борбордук айылынын Гозиев көчөсүнүн №22 дарегиндеги (8030310010269) турак жай үчүн берилген жеке менчик жердин бир бөлүгүнүн максаттуу багытын соода түйүнү, унаа жуучу жай ишканаларына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
- Лейлек райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына катты даярдап жөнөтүү жагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага | Ж.Мурадилов |
|
|