Загрузка документа…
|
| Тиркеме 3 |
|
| (Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 19-декабрындагы № 05/2-17/343 буйругуна) |
Балыкты аклиматизациялоо, коё берүү, эсепке алуу, жайгаштыруу жана балык чарба көлмөлөрүн жана балык уулоо участокторун балыктандыруу боюнча жумуштарды жүргүзүү тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул балыкты аклиматизациялоо, коё берүү, эсепке алуу, жайгаштыруу жана балык чарба көлмөлөрүн жана балык уулоо участокторун балыктандыруу боюнча жумуштарды жүргүзүү тартиби (мындан ары – Тартип) Кыргыз Республикасынын “Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө” мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана балыкты аклиматизациялоо, чыгаруу, эсепке алуу, жайгаштыруу жана балык чарбалык суу сактагычтарды жана балык уулоочу участокторду балыктандыруунун эрежелерин белгилейт.
2. Аклиматизациялоо, балыкты жана суудагы омурткасыздарды жайгаштыруу*, көлмөлөрдү балыктандыруу балык өндүрүмдүүлүгүн жана көлмөлөрдүн биопродукциялык потенциалын жогорулатууга, суу биоресурстарының түрдүк курамын байытууга, өндүрүш балык түрлөрүнүн туруктуу популяцияларын түзүүгө, мамлекеттик маанидеги балык чарбалык көлмөлөрдө айрым баалуу балык жана суу омурткасыздардын санынын сакталышына жана көбөйшүнө багытталган комплекстүү иш-чаралардын курамдык бөлүгү болуп саналат.
3. Бардык балык чарбалык көлмөлөрдөгү баалуу өндүрүш балык түрлөрүн жана тоют организмдерин интродукциялоо, аклиматизациялоо боюнча иштер жогоруда аталган мыйзамга, илимий уюмдардын илимий биологиялык негиздемелерине негизделген курчап турган чөйрөңү коргоо жаатындагы мыйзамдарга, балык өстүрүу-биологиялык жана ветеринардык-санитардык ченемдерге жана талаптарга, ошондой эле ушул Тартипке ылайык жүргүзүлөт. Суу экосистемасына зыян келтирбөө үчүн интродукциялоо, аклиматизациялоо жана балыктандыруу боюнча иштерди өз алдынча жүргүзүүгө тыюу салынат.
• ____Эскертүү: Жайгаштыруу эскирген термин, заманбап илимий терминологияда интродукция термини колдонулат, мындан ары текстте интродукция термини колдонулат.
4. Ушул Тартипте төмөнкү негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
1) аклиматизациялоо – бул көбөйүүчү популяциялардын пайда болушу менен жашоого туруктуу тукумдун түзүлүшү, б.а. натуралдаштыруу менен организмдердин жаңы жашоо шарттарына (климаттык, химиялык, жаңы биоценоздорго) ылайыкташуу процесси;
2) абиотикалык факторлор – бул климаттык шарттар, физика-химиялык параметрлер жана ушул экосистеманын башка параметрлери сыяктуу жансыз жаратылыш факторлору;
3) балыктын жашоо ареалы – бул, кокусунан туш келип калган жерлерди кошпогондо, балыктын жашоо туруктуулук даражасына карабастан, анын белгилүү бир түрүнө таандык особдорунун географиялык таркаган аймагы;
4) биотикалык факторлор – бул ушул экосистеманын байырлоочуларынын жандуу жаратылыш факторлору,
5) биологиялык негиздеме – бул өндүрүш жана (же) баалуу лимиттелген балык түрлөрүн уулоо же кармоо боюнча илимий негизделген корутунду, суу объекттеринен балыкты уулоо үчүн уруксат берилген көлөмдөрүн аныктоо, же суу биоресурстарынын абалына жана алардын жашоо чөйрөсүнө таасир тийгизген чарбалык жана башка иш-аракеттер;
6) балыкты өстүрүү жана көбөйтүү биотехнологиясы – жаңы жашоо жерлеринде баалуу балык түрлөрүн көбөйтүү жана өстүрүү менен байланышкан иштерди жүргүзүү боюнча биотехнология боюнча илимий сунуштар;
7) бластомерлер – бул уруктанган жумуртка клеткасынын эмбриондук өнүгүү стадиясында бөлүнүүсүнүн натыйжасында пайда болгон клеткалар.
8) балыкты жайгаштыруу — бул айрым балык түрлөрүн балык уулоо жайларына чыгаруу иши;
9) суу биологиялык ресурстардын гибриди — ар кандай СБР түрлөрүн аргындаштыруудан алынган тукум;
10) көлмөлөрдү балыктандыруу — өз алдынча көбөйүүчү балык популяцияларын түзүү, баалуу, сейрек кездешүүчү, эндемдикалык жана жоголуп кетүү коркунучунда турган балык түрлөрүн сактоо жана товардык балык продукциясын алуу максатында балык чабактарын жана балыктарды көлмөлөргө жана балык уулоо участкаларына кое берүү;
11) жаш балыктарды инвентаризациялоо – бул милдеттүү түрдө инвентаризациялоо актысын түзүү менен топторго, класстарга бөлүштүрүү, ошондой эле балык ресурстарын натыйжалуу башкаруу үчүн ар кандай эсепке алуу жана экстерьердик параметрлерди баалоо ыкмаларын колдонууну өзүнө камтыган системалуу процесс,
12) балыкты интродукциялоо – бул ушул экосистемага таандык эмес, бөтөн өсүмдүк же жаныбар түрүн жаңы жашоо ареалына атайын же кокусунан киргизүү же көчүрүп келүү;
13) тоют базасы – көлмөлөрдө турган жана ихтиофауна үчүн азык катары пайдаланылышы мүмкүн болгон өсүмдүк жана жаныбар организмдеринин саны;
14) личинка – сырттан азыктандырууга өткөн учурдан тартып чабак стадиясына жеткенге чейинки жаш балык;
15) чабактар – чоң балыкка окшош кабырчыктарга жана формага ээ болгон жаш балыктар;
16) түрдү натуралдаштыруу – бул аклиматизациялоонун акыркы этабы/фазасы, анда киргизилген түр жаңы көлмөдө өзүнүн жашоо ареалын аныктайт, башка жашоочулар менен өз ара мамилелерин түзөт, табигый жол менен көбөйүүгө жөндөмдүү болот;
17) аклиматизациялоо объекти – көбөйүүгө жөндөмдүү жаңы жашоо чөйрөсүнө көчүрүү объекти;
18) жетилген (овуляцияланган) икра – урук чачуунун же жасалма симуляция жүрүшүндө репродуктивдүү органдардан (гонад) эркин ажыраган жана уруктанууга даяр болгон балыктын ургаачы жыныс клеткалары;
19) уруктандырылган икра – клеткага бөлүнүү процесси башталуусу менен уруктандыруу процесси нормалдуу жүргөн жетилген икра;
20) преличинкалар – эмбриондун чел кабыкты чокуп чыгуусунан тартып саргыч баштыкчанын дээрлик толук таркашына чейинки өнүгүү баскычы;
21) личинкалардын эндогендик (ички) азыктануу мезгили – личинканын денесиндеги азык запасынын эсебинен эркин эмбриондун (личинкалардын) өнүгүүсү уланган мезгил;
22) жумушчу төлдөө – жумуртканы эсепке алуунун көлөмдүк же салмактык ыкмасын колдонуу менен белиленген, балык чарба шартында ургаачысы ушул жылы чачкан же ургаачыдан жасалма уруктандыруу үчүн алынган бышып жетилген икринкалардын саны;
23) реципиент – аклиматизациялоо жана аклиматизациялоо объектисин өстүрүү үчүн тандалган көлмө же балык чарбасы;
24) балык чарба продукциясы (балык өстүрүүчү материал) – бул товардык балыкты андан ары өстүрүү жана алуу, көлмөнүн балык продуктуулугун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында көлмөлөргө коё берүүгө арналган белгилүү бир жаш категориясындагы балык (личинка, жаш балык, бир жылдык балык ж.б.);
25) балык чарба көлмөсү – балык өстүрүү, балык уулоо же балык көбөйтүү максаттарында пайдаланылуучу же пайдаланууга мүмкүн болгон табигый көлмолөр, суу сактагычтар жана дарыялар, ошондой эле алардын айрым участоктору (акваториялар);
26) балык чарбасы (балык чарба субъекти) – бул балык чарба ишин жүргүзгөн юридикалык жак, дыйкан (фермердик) чарба же жеке ишкер;
27) балык көбөйтүүчү завод – балыктын урук материалын өндүрүү боюнча толук эмес технологиялык циклдеги балык чарбасы;
28) балык чарба субъекти – белгиленген тартипте пайдаланууга берилген суу объекттеринде же балык уулоо участкаларында балык өстүрүү, балык уулоо жана балык запастарын көбөйтүү жаатында балык чарба ишин жүзөгө ашыруучу жеке (жеке ишкерлер) жана юридикалык жактар, анын ичинде коомдук бирикмелер;
29) бир жайлык балыктар – жашоосунун биринчи жайын өткөрүп, күз мезгилинде толук жетилген балык;
30) частик (майда көзөнөктүү тор менен кармалуучу) балыктары – бул өндүрүш балыктарынын бир тобунун аталышы: майда частик: кадимки же илиялык маринка, чебак, чебачок, лещ, окунь, карась ж.б.; ири частик: щука, сазан, карп, сом, амур, судак ак толстолобик ж.б.;
31) экстерьердик көрсөткүчтөр – бул узундугу, бою, салмагы, жынысы, дене түзүлүшүнүн түрүн, тамактануусун ж.б. мүнөздөгөн жыныстык жетилүү, семирүү стадияларын ж.б. морфометриялык көрсөткүчтөрүн аныктоо сыяктуу тышкы көрсөткүчтөр,,
32) максаттуу аклиматизациялоо – бул чарбалык, эстетикалык жана башка максаттарда өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды илимий түрдө негизделген көчүрүү.
2-глава. Балык чарба көлмөлөрүндө аклиматизациялоо, жайгаштыруу (интродукциялоо) боюнча иштерди уюштуруу жана жүргүзүү
5. Ар кандай аклиматизациялоо интродукциядан (белгилүү экосистемага мүнөздүү эмес өсүмдүктөрдүн же жаныбарлардын жаңы, бөтөн түрүнүн отурукташуусу) башталат жан суу-биологиялык ресурстарын натуралдаштыруу менен аяктайт. Ар бир интродукция натуралдаштыруунун акыркы фазасына жете бербейт.
6. Интродукция атайын же атайын эмес болушу мүмкүн. Атайлап интродукциялоо – көлмөлөрдүн балык өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн балык чарбалык максаттар үчүн балык түрлөрүн жана башка суу-биологиялык ресурстарын атайылап жайгаштыруу. Атайын эмес интродукциялоо – аквакультура объекттерин аклиматизациялоо учурунда суу-биологиялык ресурстарды кокусунан киргизүү.
7. Суу объектилеринин балык продуктуулугун жогорулатууга, илимий негиздеги бош аянттарды кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган аклиматизациялоо максаттуу аклиматизациялоо болуп саналат.
8. Максаттуу аклиматизациялоо негизги формалары:
– өндүрүш-чарбалык өндүрүш балык түрлөрүнүн балык запастарын жана балык чарба көлмөлөрүндө тоют базасын көбөйтүүгө багытталат;
– аквакультуралык объекттерди балык питомниктери, товардык балык чарбалары үчүн аклиматизациялоо багытталат;
– максаттуу, аз баалуу түрлөрдү, оорулардын козгогучтарын жок кылууга же бош биотопторду жаңы организмдер менен толтурууга багытталат.
9. Аклиматизациялоонун негизги методдору:
1) пассивдүү методу (аклиматизациялоо процессине чектелген кийлигишүү);
2) активдүү методу (интродуцентти /аклиматизантты азыктануу процесстерине активдүү кийлигишүү);
3) радиалдык аклиматизациялоо метод (акклиматизанттын уруктук баскычтарын түзүү жана андан соң суу сактагычтын ичинде же жакынкы суу сактагычтарга жайылтуу);
4) баскычтуу аклиматизациялоо методу (акклиматизанттарды жаңы климаттык аймактарга этап-этабы менен өткөрүү).
10. Методологиялык аклиматизациялоо 4 ыкма менен жүргүзүлөт:
1) түз (аклиматизациялпнган объекттерди ал байырлаган негизги энелик көлмөдөн (көлмө-донор) жаңы жашоо шарттарына же жаңы климаттык зонага которуу);
2) балык өстүрүүчүлүк өздөштүрүү (аклиматизациялануучу объект икраны инкубациялоо жана энелик үйүрүн түзүү үчүн балык питомнигине жайгаштырылат);
3) адаптациялоо (жаңы көлмө-реципиентке кое берүүнун алдында аклиматизациялоо объекттери суунун өзгөргөн температурасына, туздуулугуна жана башка физика-химиялык көрсөткүчтөрүнө алдын ала аклиматизациялоодон өтөт);
4) карантиндик (оору жаратуучу мите курттарды жана бактериялардан арылтуу үчүн аклиматизациялоо объекттерин атайын чарбаларда кармоо).
11. Аклиматизациялоонун негизги фазалары:
1) I фаза – көчүрүлгөн особдордун/интродуценттердин жаңы шарттарда жашоосу, б.а. физиологиялык адаптация мезгили же жаңы табигый-климаттык, абиотикалык жана биотикалык шарттарга аклиматизациялоо мезгили;
2) II фаза – көчүрүлгөн особдордун көбөйүшүнүн жана анын популяциясынын калыптанышынын башталышы;
3) III фаза – көчмөдүн/интродуценттин максималдуу санына жетүү, “жарылуу” фазасы. Сандык жарылуу көчмөн особдор жана алардын тукумдары мурда топтолгон жана аз керектелген тамак-аш ресурстарын аталган көлмөдө тоскоолсуз пайдаланганда жана аклиматизациялоонун биринчи фазасында биотикалык мамилелердин чыңалуусу начар болгондо байкалат (мите курттардын жоктугу, тамактанууда атаандаштардын жана душмандардын аздыгы, отурукташпаган биотоп ж.б.);
4) IV фаза – көчмөн менен биотикалык чөйрөнүн ортосундагы каршы курчушу. Жаңы популяциянын санынын олуттуу өсүшү менен анын жергиликтүү калк менен биотикалык мамилелеринин (түр ичиндеги жана түр аралык) курчушу сөзсүз түрдө болот;
5) V фаза – бул аклиматизацияланган объект болуп бара жаткан көчмөндү байырлаштыруу. Бул денгээлге аклиматизант бир нече муундардан кийин жетет, анда популяциянын саны, жашоо чөйрөсүнүн чоңдугу жана башка көрсөткүчтөр айлана-чөйрөнүн абиотикалык жана биотикалык факторлоруна шайкеш келет. Бул фазада аклиматизациялоонун морфофизиологиялык көрсөткүчтөрү өзгөрөт.
12. Суу объектилеринин фаунасын жана флорасын түзүү максатында балыктын баалуу түрлөрүн жана башка суу биологиялык ресурстарын интродукциялоо жана аклиматизациялоо боюнча иш-чаралардын алдында илимий уюмдар үчүн биологиялык негиздеме жана формаларына жана ыкмаларына жараша бул иш-чараларды жүзөгө ашыруунун программасы иштелип чыгат.
13. Илимий биологиялык негиздеме төмөнкү маалыматтардын негизинде түзүлөт:
1) суу биоресурстарын интродукциялоо жана аклиматизациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнүн максатка ылайыктуулугу;
2) өндүрүштүк запастарды, балык уулоону (кармоо) интродукциялоонун жана аклиматизациялоонун (биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, калыптандыруу жана калыбына келтирүү) максаты, туруктуу популяцияларды түзүүнүн күтүлүп жаткан мөөнөттөрү;
3) энелик көлмөнүн балык чарбалык мүнөздөмөлөрү, жырткыч балык түрлөрүнүн жана икра жегичтердин болушу, интродукциялануучу балык түрлөрү үчүн тоют запастарынын, тамак-ашка атаандаштардын болушу;
4) интродукцияланган объекттин чарбалык, экономикалык, өндүрүш (массалык, өндүрүшкө жеткиликтүүлүк), тамак-аш жана башка өзгөчөлүктөрү;
5) интродукцияланган көлмөнүн экосистемасына жана ихтиофаунасына күтүлүп жаткан таасир. Узак мөөнөттүү (10–20 жыл) кесепеттерди моделдештирү менен экологиялык тобокелдиктерди милдеттүү түрдө баалоо;
6) интродукциялоо объектилердин оорулары жана паразитофаунасы, жана алар интродукциялоо көлмөнүн фаунасы менен флорасына жана ушул региондун калкына тийгизиши мүмкүн болгон коркунучу;
7) интродукциялоо объектилеринин таза партиясын тандоо боюнча сунуштар (отурукташкан көлмөлөрдүн экологиялык системасы үчүн коркунучтуу күтүлбөгөн түрлөрдүн интродукциясына каршы кепилдик);
8) интродукциялоо, аклиматизациялоо объектинин мүнөздөмөсү: түрдүн аталышы, өлчөмү, тиричилик циклинин ар кандай стадияларындагы особдорунун салмагы, жашоо чөйрөсү, жашоо циклинин ар кандай стадияларындагы тамактануусу, балык чарбасын пайдалануу, көбөйтүү технологиялары;
9) суу биоресурстарын аклиматизациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү сунушталып жаткан көлмөнүн кабыл алуу жөндөмдүүлүгү:
– аклиматизациялоо үчүн сунушталган суу биоресурстарын жашоого, көбөйтүүгө жана натуралдаштырууга жарактуулук көз карашы менен жайгаштырылуучу көлмөнүн экосистемасынын мүнөздөмөсү, көлмө-кабыл алуучунун балык чарбалык мүнөздөмөсү, жырткыч балык түрлөрүнүн жана икра жегичтердин болушу, интродукцияланган балык түрлөрүнүн тоют базасы менен камсыздалышы, тамак-аш атаандаштарынын болушу, митефаунанын мүнөздөмөсү;
– интродукциялангандардын жайгашуусунун ыктымалдуу аянты жана аларды санынын балык уулоодо же экосистемада тоют объекти катары колдонууга мүмкүндүк берүүчү деңгээлге чейин чоңойушунун болжолдуу мөөнөттөрү;
– күтүлүүчү кармоолор (тоют омурткасыз жаныбарлар үчүн – күтүлгөн биомасса жана аларды балыктар массалык түрдө колдонуунун мүмкүн болгон мөөнөттөрү);
10) биотехникалык жумуштарды жүргүзүү боюнча сунуштар:
– балык көбөйтүүчү материалды алуунун орду;
– интродукциялоону жүргүзүү максатка ылайыктуу болгон суу биоресурстарын өнүктүрүү баскычы;
– интродукция мөөнөтү;
– жылдык интродукция үчүн биоресурстарынын керектүү саны жана интродукциянын кайталануусу;
– ташуу ыкмалары жана шарттары;
– кеңири интродукция жүргүзүүнүн алдында балык чарбачылык өзгөчөлүктөрү окшош болгон обочолонгонкөлмөлөрне сынамык интродукцияны жүргүзүү.
14. Эгерде тоют базасынын чоң биомассасы болгон шартта аклиматизациялангандардын санынын көптүгү, тамактанууда атаандаштардын жоктугу, душмандар жана мителердин саныны аздыгы байкалса, жана жагымдуу абиотикалык факторлордон кийин аклиматизациялоо ийгиликтүү өттү деп эсептелет, анан биотикалык чөйрө курчугандан соң, натуралдаштыруу, б.а. жана жаңы чөйргө көнүү башталат.
15. Интродукциялоо жана аклиматизациялоо боюнча иш-аракеттер ыйгарым укуктуу органдын арызы боюнча балык чарба субъекттери тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
16. Интродукциянын жана аклиматизациялоонун биологиялык негиздемеси Балык чарба- биологиялык эксперттик кеңеш (мындан ары – Эксперттик кеңеш) тарабынан каралат.
17. Эксперттик кеңештин чечими балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жылдык иш планына киргизүү үчүн негиз болуп саналат, ал ыйгарым укуктуу органдын жетекчилиги жана балык чарба субъекти тарабынан суу биоресурстарын интродукциялоо жана аклиматизациялоо боюнча пландаштырылган иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн бекитилет.
18. План төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) арыз берүүчү жөнүндө маалымат;
2) балык чарбалык көлмө жөнүндө маалымат (көлмөнүн балык чарба паспорту);
3) аклиматизациялоо боюнча иш-чаралардын деталдуу планы, анын ичине экосистеманын шарттарына адаптациялоонун этаптарын, ыкмалары,н формаларын, методдору жана чаралары кошуу менен;
4) популяцияны башкаруу боюнча чаралар (санды жөнгө салуу, аймактарды коргоо);
5) чараларды өткөрүү мөөнөттөрү;
6) суу экосистемасына тийгизген таасирине мониторинг жүргүзүү жана баалоо.
19. Балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган илимий уюмдар менен биргеликте:
– балыктын баалуу түрлөрүн жана башка суу биоресурстарын интродукциялоо, аклиматизациялоо боюнча иштерди уюштурууга жана ишке ашырууга катышат, бул иштерди жүргүзгөн балык чарбаларынын ишин координациялайт жана контролдойт;
– кокустан кирип кеткен интрудуцентти болтурбоо максатында, аклиматизациялоонун жүрүшүнө, аклиматизациялоонун тазалыгына мониторинг жүргүзөт;
– аклиматизациялоонун натыйжаларын, балык кармоонун жана аклиматизациялоонун иштеринин натыйжалуулугун баалоого катышат.
20. Аклиматизациялоо иш пландарына киргизилген республиканын көлмөлөрне балык чарба объекттерин интродукциялоо жана аклиматизациялоо, ошондой эле ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо боюнча иш-чаралар балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын байкоосу алдында жүзөгө ашырылат.
21. Аклиматизациялоо планында каралган көлмөлөрне балыктарды киргизүүнү токтотуу жөнүндө чечим илимий уюмдардын же балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын адистеринин сунуштарынын, корутундуларынын негизинде эксперттик кеңеш тарабынан кабыл алынат.
22. Интродукциялоо жана аклиматизациялоо боюнча иштерди жүзөгө ашыруучу балык чарба субъекттери ыйгарым укуктуу органга аклиматизациялоо объектилеринин ден соолугуна, тамактануусуна, жүрүм-турумуна жана көбөйүшүнө карата аткарылган иштер жана мониторинг жөнүндө маалыматтарды жана отчетторду беришет.
23. Ата мекендик жана чет өлкөлүк ихтиофаунаны аклиматизациялоонун өзгөчө баалуу объекттери менен иштөөдө ыйгарым укуктуу орган балык чарбаларынын айрым көлмөлөрүн аларда балыктын баалуу түрлөрүнүн энелик үйүрүн түзүү максатында энелик чарба катары пайдалана алат.
24. Аклиматизациялоо иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн балыктарды аклиматизациялоо боюнча иштерди тоют организмдерин аклиматизациялоо менен айкалыштырып жүргүзүү сунушталат.
25. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
– Ысык-Көлдө жана көл менен туруктуу же убактылуу байланышы бар көлмөлөрдө аклиматизациялоо иштерин жүргүзүү жана бөтөн балык түрлөрүн өстүрүүгө;
– ар бир түр үчүн мите фаунасынын өзгөчөлүгүнөн улам инфекцияны болтурбоо максатында интродукция, аклиматизациялоо объекттерин жакын тектештери байырлаган көлмөгө киргизүүгө.
26. Балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, балык чарбасы, “Кыргыз Республикасынын мергенчилер жана балык улоочуларынын коомдорунун уюму” коомдук бирикмеси жана башка көлмө пайдалануучулар жергиликтүү көлмөлөрдүн ихтиофаунасына зыян келтириши мүмкүн болгон балыктын жаңы түрлөрүн жана суу организмдерин республиканын көлмөлөрүнө уруксатсыз киргизүүгө жол берилбестиги тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.
3-глава. Балык продукциясын эсепке алуунун, коё берүүнүн жана балык чарбалык көлмөлөрдү жана балык уулоо аянттарын балыктандыруунун тартиби
27. Балык продукциясын эсепке алуу икраларды эсепке алуудан башталат. Балык запастарын жасалма көбөйтүү үчүн табигый көлмөлөрдөн кармалган балык көбөйтүу заводдрунда кармалган өндүргүч балыктардан икра алуу процессинде багуу шарттарын (температураны, кычкылтектин курамын, рН), энелик санын өндүргүчүтөрдүн экстерьер көрсөткүчтөрүн, ургаачылардын орточо жана жумушчу тукумдуулугун, алынган жетилген (овуляцияланган) жана уруктанган икралардын санын журналга киргизүү зарыл, акыркы эки маалыматтын негизинде уруктануу пайызын чыгаруу керек.
28. Икралардын уруктануу пайызы клетканын бөлүнүү стадиясында гана (эң жакшысы 16 бластомердин пайда болуу стадиясында) аныкталат, уруктанбаган икра бөлүнбөйт. Мисалы, текшерилген 150 икрадан 145и өрчүйт, уруктануу пайызы төмөнкүнү түзөт : 145 х 100/150 = 96,6 %
29. Эгерде уруктандыруу пайызы 80 %дан жогору болсо, мындай сынамыктар окшош натыйжаларды көрсөтөт, жана адатта кайталап алуу талап кылынбайт. Уруктануу пайызы төмөн болгон учурда, эмбриондун аномалдуу өнүгүүсүнөн улам олуттуу жоготуулар болушу мүмкүн, мында кайталап сынамык жүргүзүү милдеттүү болуп саналат. Икралардын уруктануу пайызы 50 %дан аз болгон учурда , мындай икралар андан ары инкубациялоо үчүн жараксыз деп эсептелет жана ветеринардык талаптарга ылайык акт боюнча эсептен чыгарылууга жана жок кылынууга жатат.
30. Икраны чокуп чыкан предичинкалар экзогендик (тышкы) азыктанууга өтүү мезгилине инкубациялоочу аппараттан лотокторго, бассейндерге же атайын аппараттарга которулат, ал балыктын түрүнө жана суунун температурасына жараша 3-5 күндөн 30 күнгө чейин созулат.
31. Жаш балыктарды эсепке алуу толук (салмак, көлөм, даана), убакытка жараша (салмак, көлөм), бонитировка ыкмалары менен жана фотоэлектрондук эсептегич сыяктуу заманбап ыкманын жардамы менен жүргүзүлөт. Көлмөлөргө изилдөө жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн инкубацияланган икралардын тиги же бул партиясы кайсы бассейнге которулгандыгы тууралуу журналга маалымат жазылат.
32. Толук эсептөө ыкмасы ченөөчү идишти (0,5 литрден кем эмес), өлчөнгөн салмагын (0,5 кг кем эмес) колдонуу менен же бардык кое берилген жаш балыктардын жеке санын аныктоону камтыйт.
33. Убакытка жараша ыкма менен жаш балыктарды эсепке алуу суу чыгаруучу жайларды ачкандан кийин дароо жүргүзүлөт жана жаш балыктарды жарадар кылбастан сынамыктарды алууга мүмкүндүк берүүчү атайын эсептөө аспаптарын пайдалануу менен көлмөдөн суу агып чыккан бүт убакыт бою уланат.
Сынамык алуунун жыштыгы жаш балыктардын миграциясынын интенсивдүүлүгүнө жараша, бирок ар бир 2 саатта бирден кем эмес болот.
Жаш балыктардын миграциясынын интенсивдүүлүгү жогорулаган учурларда сынамык алуунун узактыгын 30 мүнөт сайын 30 секунда жыштыгы менен белгилөөгө жол берилет.
Бардык сынамык таразага тартылат (убакытка жараша тараза ыкмасында) же өлчөөчү идиштин жардамы менен өлчөнөт (убакытка жараша көлөмдүк ыкмасында). Эгерде үлгү 0,5 кг ашпаса, анда бардык үлгү иштетилет; эгерде үлгү 0,5 кг ашык болсо, анда бүт үлгүнү таразага тарткандан же өлчөгөндөн кийин жаш балыктардын түрдүк курамына жана морфометриялык (өлчөм-салмак) көрсөткүчтөрүнө жараша бул сынамыктан 0,1-0,5 кг таразага тартылат жана иштетилет, мында алардын саны 100 даанадан кем болбошу керек.
Суткасына чыгарылган жаш балыктардын саны төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
Nсут. – суткасына чыгарылган жаш балыктардын саны;
– сутка ичинде эсепке алынган жаш балыктардын саны (24 сынамыктын жыйынтыгы боюнча 1 мүнөттүк экспозиция менен аныкталат, 1 саат аралыгы менен өткөрүлөт), экз.;
60 – убакыт аралыгы, мүн.
Бардык мезгил ичинде кое берилген жаш балыктардын жалпы саны төмөнкү формула менен аныкталат:
мында:
Nобщ. –бошотулган жаш балыктардын жалпы саны;
∑ Nсут – суткалык көрсөткүчтөрдүн суммасы;
Nсут. – суткасына кое берилген жаш балыктардын саны, экз.;
Сутка ичиндеги жаш балыктардын жалпы саны ар бир интервал үчүн алынган натыйжаларды кошуу менен аныкталат.
34. Бонитировкалоо ыкмасы учурунда жаш балыктарды эсепке алуу аларды кое берердин алдында жүргүзүлөт. Бул максатта юалык өстүрүүчү көлмөлөрдө эсептик зоналар белгиленет. Үлгүлөр чабак тралдын жардамы менен алынат, ал үчүн уулоо коэффициенти аныкталган. Тралдын уулоо коэффициенти бир тралда кармалган жаш балык санынын балык уулоо шайманын аракет зонасында сүйрөө циклдеринин санына болгон катышы катары аныкталат.
Жаш балыктардын иш жүзүндөгү санын аныктоо үчүн көлмөнүн аянтын балык ууланган аянттын 1 м2ге эсептелген жаш балыктардын санына көбөйтүү жана бул продуктуну тралдан кармоонун нормасына бөлүү зарыл.
Тандалган сынамыктарды талдоонун негизинде, балык уулоочу шаймандардын кармоо коэффициентин эске алуу менен, ыктымал- статистикалык методдорду колдонуп, көлмөдөгү жаш балыктардын саны эсептелет. Бонитирлөө эсеби ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген тиешелүү методдор боюнча күндүз каалаган убакта жүргүзүлөт.
35. Жаш балыктарды заманбап ыкмалар менен эсептөө агымда орнотулган жана суунун агымы аркылуу өткөн жаш балыктарды каттаган фотодатчикке туташтырылган фотоэлектрдик эсептегичти колдонуу менен жүргүзүлөт.
36. Эсепке алуунун тиги же бу ыкмасын колдонуу балык чарбанын тибине жана өстүрүлүп жаткан балыктын түрүнө жараша болот.
37. Сига жана частик балык түрлөрүнүн чабактары өндүрүү жана өстүрүү мене алектенген балык заводдор жана инкубациялоочу цехтер убакытка жараша эсепттөөнү колдонушат.
38. Эки жашар частик жана өсүмдүк жегич балыктарды кое берүүдө толук каттоо ыкмасы гана колдонулат.
39. Механикалык таасирлерге өтө сезгич сига балык түрүнүн чабактарын эсепке алуу убакытка жараша ыкманы колдонуу менен, бир сааттык сынамык алуу интервалы (мүнөттүк экспозиция) менен жүргүзүлөт.
40. Лосось балык түрүн өстүргөн жана кое берген турган балык заводдору жана инкубация цехтери толук эсепк алуу колдонушат.
Бир жашка чейинки жана андан кийинки лосось балыктарын өстүрүүдө бардык жаш балыктар кыштоодо жана сорттоодо эсепке алынат (инвентаризацияланат). Эсептке алуунун жыйынтыктары ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча отчет менен таризделет.
41. Балык чарба көлмөлөрүндөгү балык продукциясын кое берүү ушул Жобого ылайык балык көбөйтүүчү материалына ветеринардык коштоочу документтер жана балыктандырылып жаткан балык чарба көлмөсүнүн эпизоотиялык абалы жөнүндө оң корутунду болгондо жүргүзүлөт.
42. Кое берүү актылары бир нече нускада түзүлөт жана кое берүүгө катышкан мамлекеттик органдардын, илимий жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө берилет.
43. Балык чабактарын багуу же балык чарба көлмөлөрүнө же алардын участокторуна коё берүү ыйгарым укуктуу органдын, ветеринария кызматынын, айлана-чөйрөнү коргоо, илимий жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен балык чарба субъекттинин катышуусунда комиссия тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш. Комиссиянын ишине катышуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн.
44. Көлмөлөрдү балыктандыруу максатында балык көбөйтүүчү матералын өстүрүү менен алектенген балык чарба субъекттери жыл сайын көлмөлөрдү балыктандыруу жана жаш балыкты кое берүү мөөнөттөрүн жана көлөмдөрүн көрсөтүү менен жаш ьбалыкты кое берүү графиктерин түзүшү керек, ошондой эле өз ишинде ветеринардык-санитардык, балык чарбалык-биологиялык ченемдерди жана талаптарды жетекчиликке алып, балык чарба продукциясынын изилденишин камсыз кылууга тийиш.
45. Кое берилген балык продукциясынын эсепке алуу тишелүү документтерди милдеттүү түрдө тариздөө менен жүргүзүлүүгө тийиш, аны балык өстүрүү боюнча адистер жүргүзөт.
46. Баштапкы эсепке алуу документи болуп ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген формадагы балык продукциясын каттоо карточкасы саналат, ал балык чарба субъектинин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн сериялык номерге ээ болууга тийиш.
47. Эсепке алуу карточкасы жок кылынууга жатпайт жана балык чарба субъектисинде 5 жылдан кем эмес сакталууга тийиш. Эсепке алуу карточкаларына жазуулар кара же көк түстөгү сыя же гель калемсаптары менен жазылат, эсепке алуу карточкаларын өчүрүүгө, оңдоого жана алмаштырууга тыюу салынат. Ката жазылгандар бир сызык менен сызылат жана балык чарбасында балык продукцияларын эсепке алууга жооптуу башкы балык өстүрүүчүнүн колу менен күбөлөндүрүлөт.
48. Эсепке алуу карточкасынын бланктары балык чарба субъектисинин (балык чарбасынын) жетекчисинде же башкы балыкчыда, ал эми жаш балыктарды коё берүү мезгилинде – жаш балыктарды кое берүүгө жана эсепке алууга жооптуу балык өстүрүүчү адисте сакталууга тийиш.
49. Көлмөлөрдөн, бассейндерден жана башка өстүрүүчү курулмалардан балык чарба көлмөлөрнө кое берилген жаш балыктардын санын эсепке алуу карточкаларында ыйгарым укуктуу органдын жана балык продуктыларынын чыгарылышына контролду жүзөгө ашыруучу ветеринардык кызматтын өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлөт.
50. Кое берилген чабактардын сапаты жөнүндө жазуулар (ар бир сутка үчүн орточо индивидуалдык салмак) каттоо карточкаларына балык чарба субъектинин жооптуу балык өстүрүүчүсү же жооптуу балык өстүрүүчү тарабынан жазылат.
51. Конкреттүү өстүрүүчү көлмөдөн жаш балыктарды кое берүү аяктагандан кийин комиссиянын катышуусунда эсепке алуу карточкаларынын негизинде балык продукциясын кое берүү жөнүндө акт түзүлөт.
52. Ар бир өстүрүүчү көлмө боюнча актылардын негизинде тиешелүү балык чарбадан балык продукциясын кабыл алуунун жыйынтыктоочу акты түзүлөт.
53. Балык өстүрүү продукциясын өзүнчө өстүрүүчү объектке жана бүтүндөй балык чарба субъектиси (балык чарбасы) үчүн кое берүү жөнүндө актылары 2 нускада түзүлөт, алардын бири ыйгарым укуктуу органга өткөрүлүп берилет, экинчиси балык чарба субъектисинин (балык чарбанын) делосуна сакталат.
54. Актыда (балыктын ар бир түрү боюнча) төмөнкүлөр чагылдырылышы керек:
– коё берилген же өткөрүлүп берилген жаш балыктардын саны, алардын орточо салмагы жана эсепке алуу ыкмасы;
- стандарттуу эмес салмактагы жашы жете элек балыктардын кое берилген же өткөрүлүп берилген саны;
– чыгаруунун башталышынын жана аяктоосуну календардык даталары;
– колдонулган идиш, идиштеги кампалардын тыгыздыгы, идиштеги суунун температурасы;
– балык чабактарын кое берүү жерлеринин мүнөздөмөсү;
– интродукция көлмөсүндөгү суунун температурасы, суунун сапаты;
– ташуу маршруту, аралыгы, ташуунун узактыгы;
- ташуу учурунда жаш балыктардын өлүшү жана башка зарыл маалыматтар.
55. Балык өстүрүү мезгили аяктагандан кийин 2 нускада жаш балыктарды ташып кетүү жөнүндө жалпы акт түзүлөт, анда жасалган рейстердин жана жаш балыктар кое берилген көлмөлөрдүн жалпы саны көрсөтүлөт. Жаш балыктарды ташып кетүү боюнча жалпы акт балык чарбасынан жаш балыктарды кое берүү боюнча актына тиркелет.
56. Өстүрүлгөн жана көлмөлөргө коё берилген жаш балыктарды эсепке алуу боюнча бардык материалдар катуу отчеттуулук документтери болуп саналат жана 5 жылдан кем эмес сакталууга тийиш.
57. Төмөнкүлөгө тыюу салынат:
1) Балык чарбалык көлмөлөрүн аклиматизациялоо, интродукциялоо жана балыктандыруу боюнча иштерди жүзөгө ашыруучу балык чарба субъекттери көлмөн-кабыл алуучунун эпизоотиялык абалын жана аклиматизациялоо объектилерин илимий жана биологиялык негиздемеси, мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу жана ветеринардык корутундусу жок киргизүүгө жол бербөөгө милдеттүү.
2) аклиматизациялоо объектилери менен бирге көлмөлөргө башка түрлөрдү, анын ичинде жырткыч балыктарды же эндемикалык балык түрлөрүнүн жана суудагы тоют организмдеринин жок болушуна же өлүмүнө алып келишине, ошондой эле көлмөлөрдө эпизоотиялардын пайда болушунун жана жайылышына себеп болгон оору козгогучтарды киргизүүгө жол берилбейт.
3) Суу биоресурстарынын генофондун (СБР) сактоо максатында ар кандай түрлөрдү жана тукумдарды аргындаштыруу жолу менен алынган балык гибриддерин балык чарбалык көлмөлөргө кое берүүгө тыюу салынат. Гибриддерди аквакультурада колдонууда гибриддердин табигый көлмөлөргө жана дарыяларга кое берилишине жол бербөө боюнча чараларды көрүү зарыл.
4) Балык чарбасы субъекттери гибриддердин, бөтөн түрлөрдүн/интродукцияланган түрлөрдүн табигый көлмөлөргө жана дарыяларга чыгып кетүүсүнө жана киришине жол бербөө максатында интродукциялоо жана аклиматизациялоо процессине катуу көзөмөл жүргүзүүгө милдеттүү.
5) Келтирилген зыяндын ордун толтуруу алынбай калган пайданы эсепке алуу менен зыяндын ордун толтурууга же зыяндын ордун толтуруу боюнча иш жүзүндөгү чыгымдарды эсептөөнүн ченемдерине жана ыкмаларына ылайык жүзөгө ашырылат.
4-глава. Ветеринардык-санитардык ченемдер жана талаптар
58. Балык уруктарын өстүрүү менен алектенген балык чарбасы (балык өстүрүүчү завод, балык питомниги, толук системалуу чарба) “жабык чарба” принцибинде иштеши керек, карантиндик жана изоляциялык көлмөлөрү, башкы көлмөсү жана тундурма көлмөсү, сактоочу жайлары, балык өстүрүү жабдууларын сактоочу жайлары бар болушу зарыл. Чарба жүргүзүүчү субъекттин аймагы кирген жана чыккан транспорт каражаттарын дезинфекциялоо менен камсыздалууга тийиш.
59. Аклиматизациялоо, интродукциялоо, балыктандыруу боюнча иштерди жүргүзгөн балык чарба субъекти ветеринардык-санитардык, балык чарба-биологиялык ченемдерди жана талаптарды, буфердик зоналар жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы боштуктар боюнча ветеринардык-санитардык талаптарды сактоого тийиш, актыларды түзүү же атайын тазалоо кызматтарын чакыруу менен бардык аймак боюнча ар дайыма дезинфекциялоо, дератизациялоо жана дезинсекциялоо боюнча иштерди жүргүзүшү милдеттүү.
60. Жылына бир жолу (зарыл болгон учурда жогорку зонада сууну булгаган объекттер болсо) суунун сапатын нитраттарга, нитриттерге, хлориддерге, сульфаттарга жана башка уулуу заттарга лабораториялык текшерүүдөн өткөрүү зарыл.
61. Балык өндүргүчтөр балык оорулары жок көлмөлөрдөн кармалууга же ветеринардык оорулары жок балык чарбаларынан алынып келинүүгө тийиш; көлмөлөргө кою берүүдөн мурун, алар карантиндик көлмөлөрдө 30 күн карантинде болушу керек.