Загрузка документа…
|
| Тиркеме 4 |
|
| (Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 19-декабрындагы № 05/2-17/343 буйругуна) |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик балык чарба фондун пайдалануу тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Кыргыз Республикасынын мамлекеттик балык чарба фондун пайдалануу тартиби (мындан ары – Тартип) “Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасында аквакультураны жана балык чарбасын уюштуруу жана башкаруу үчүн балык чарба фондунун каражаттарын пайдалануунун эрежелерин аныктайт.
2. Бардык табигый жана жасалма көлмөлөр, ошондой эле аквакультура, өндүрүш, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо үчүн колдонулган же потенциалдуу жарактуу дарыялар, балык менен бирге жана башка суу биологиялык ресурстары балык чарбалык көлмөлөр болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик балык чарбасынын фондун (мындан ары – балык чарбасынын фонду) түзөт.
3. Аквакультуранын артыкчылыктуу багыттары болуп: жайыт, көлмө, өнөр жай (капаска, бассейн, жабык суу түтүгү бар түзүлүштөргө) жана рекреациялык.
4. Балык чарбалык көлмөлөргө төмөнкүлөр кирет:
1) Аквакультура жана балык уулоо максатында балык чарбасын өздөштүрүү жана пайдалануу үчүн берилүүчү табигый жана жасалма көлмөлөрдүн тизмегине (мындан ары – Балык чарбалык көлмөлөрдүн тизмеги) киргизилген көлмөлөр жана көлмө участоктору;
2) балык чарбасы ишмердүүлүгү чектелген көлмөлөр;
3) балык чарбалык көлмөлөрдүн жана алардын участокторунун
резервдик фонддору.
5. Балык чарба фондунун негизги пайдалануучусу болуп балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы саналат, ал көлмөлөрдүн категорияларын белгилейт, садоктук, жайыт, рекреациялык (спорттук жана ышкыбоздук балык уулоо) аквакультураны жана балык уулоону уюштуруу жана жүргүзүү үчүн көлмөлөрдү аныктайт, ошондой эле көлмөнүн экологиялык сыйымдуулугуна ылайык садоктук аквакультура объекттеринин жүк ченемин белгилейт.
6. Ушул Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
1) аквакультура – кийин сатуу үчүн аквакультура продукциясын алуу максатында толук же жарым-жартылай контролдонуучу шарттарда аквакультура объекттерин өстүрүү, күтүү жана көбөйтүү боюнча айыл чарба ишинин түрү;
2) акватория – табигый, жасалма же шарттуу чектер менен чектелген суу бетинин участогу;
3) жергиликтүү түр – бул белгилүү аймак же экосистема үчүн түпкүлүктүү түр.
4) бассейн – балык кармоо үчүн көбүнчө бетондон курулган суу менен камсыздалган жана дренаждык системасы бар жасалма курулма. Ошондой эле бассейн деп балык кармоо үчүн арналган бетондон, полипропиленден, айнектен жасалган идиш аталат;
5) биологиялык негиздөө – жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине таасир этиши мүмкүн болгон жаныбарлар дүйнөсүн пайдалануу, чарбалык жана башка иштер боюнча илимий негизделген корутунду;
6) вегетация мезгили – бул табигый факторлор (температура, жарык убакыттын узактыгы ж.б.) менен байланышкан балыктардын өсүшү жана өнүгүшү үчүн эң ыңгайлуу мезгил, ал эреже катары, апрелден октябрга чейин созулат;
7) суу сактагыч – ирригациялык, энергетикалык жана балык чарбалык максаттар үчүн сууну топтоо жана сактоо үчүн жасалма көлмө. Алар көл, канал, нук, жайылма, сай типте болот, акыркы үч түрү дагы тиешелүүлүгүнө жараша көлмө деп аталат:
– нуктуу көлмө (же нуктуу суу сактагыч) дарыяны плотина менен тосуу жолу менен жасалат түзүлөт;
– жайылма көлмө (же жайылма суу сактагыч) дарыянын жайылмасын плотина менен тосуу жолу түзүлөт;
- сай көлмө (же сай суу сактагычы) сайды же капчыгайд
бөгөгөн плотина аркылуу түзүлөт;
8) суу биологиялык ресурстары (СБР) – табигый жана жасалма
көлмөлөрдөгү табигый эркиндик абалында турган балыктар, суу омурткасыздар жана башка суу жаныбарлары жана өсүмдүктөрү;
9) үлүш – чарбалык мааниси боюнча бир тектүү токой аянты;
10) табигый балык өндүрүмдүүлүгү – анын табигый тоют базасынын эсебинен улам көлмө аянтынын бирдигине балык биомассасынын өлчөмү (кг/га);
11) аквакультуранын жабык шарттары – аквакультура объектилеринин эркин чыгуусуна бөгөт коюучу тосмолор менен суу объектисинен (анын бөлүктөрү) бөлүнгөн суу чөйрөсүндө балык өстүрүү, багуу жана көбөйтүү иштери жүргүзүлүүчү шарттар;
12) зообентос – балык үчүн тоют болгон суу сактагычтардын түбүн байырлаган суу организмдеринин жыйындысы;
13) зоопланктон – балык үчун тоют болгон суу агымы менен пассивдүү аккан балык тоют организмдеринин жыйындысы;
14) ирзоляциялык көлмө, бассейн – шектүү же оорулуу балыктарды бөлүү үчүн колдонулат. Түзүлүшү жана жайгашуусу боюнча көлмө карантиндик көлмөлөр менен бирдей талаптарга жооп бериши керек, бирок алардан айырмаланып, изоляциялык көлмөнүн аянтынын 60 % кыштоо үчүн кеминде 1,5 м тереңдикте болууга тийиш;
15) балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу – балык чарбалык суу көлмөлөрдө балык запастарын калыбына келтирүү жана көбөйтүү максатында, жашоого жарамдуу стадияга чейин өстүрүлгөн жаш балык чабактарын кийин табигый жана жасалма суу көлмөлөргө коё берүү менен жаш балык чабактарын чыгаруу жана өстүрүү боюнча ишмердик; и увеличения рыбных запасов в рыбохозяйственных водоемах;
16) өнөр жай аквакультурасы – чакан балык өстүрүүчү резервуарларда (желимден жасалган бассейндерде), тор садоктордо, циркуляциялык системаларда (жабык суу менен камсыздоо системаларында), чакан бетондолгон бассейндерде жана башка түзүлүштөрдө гранул, экструдия тоюттарын пайдалануу менен жогорку товардык балыктын жогорку интенсивдүү өндүрүү;
17) балык интродукциялоо – ушул экосистемага таандык эмес,
бөтөн өсүмдүк же жаныбар түрүн жаңы жашоо ареалына атайын же кокусунан киргизүү же көчүрүп келүү;
18) тоют коэффициенти – балыктын 1 кг салмак кошуусун алуу үчүн балык жеген табигый же жасалма тоюттун өлчөмүнүн катышы
19) карантиндик көлмө, бассейн – башка уюмдардан алынып келинген балыктарды кармоо үчүн пайдаланылат, анда обочолонгон суу түтүктөрү жана суу агып чыгуучу түтүктөрү болууга тийиш;
20) көлмө контуру – топографиялык сүрөткө тартуунун натыйжасында картада же планда аныкталган чекиттүү пунктир же түз сызык менен белгиленген объекттер менен чектелген жердин бир түрү;
21) лимит – балык запастарынын туруктуу болушун жана
көбөйүшүн камсыз кылуучу белгилүү бир түрдөгү балыктарды, айрым көлмөлөрдөн жана белгилүү бир мезгил аралыгында кармоонун жол берилген максималдуу көлөмү;
22) аквакультура объектилери – бул жасалма жол менен түзүлгөн жашоо чөйрөсүндө асыл тукумдук максаттар үчүн пайдаланылуучу суу организмдери;
23) климатташтыруу объекти – бул көбөйүүгө жөндөмдүү объекти жаңы жашоо чөйрөсүнө көчүрүү;
24) ачык аквакультура шарттары – аквакультура объектилерин өстүрүү, багуу жана көбөйтүүчү көлмөлөрнөн (алардын бөлүктөрүнөн) аквакультура объекттеринин эркин чыгуусуна тоскоол болгон тосмолор менен бөлүнбөгөн суу чөйрөсүндө жүргүзүлүүчү шарттар;
25) рекреациялык аквакультура – жарандар үчүн эс алуу жайларын түзүү менен ышкыбоздук жана спорттук балык уулоонун уюшкан түрлөрүн өнүктүрүү үчүн атайын балык чарбалык көлмөлөрнде (көлдөрдө, суу сактагычтарда, дарыяларда) же алардын участокторунда спорттук жана ышкыбоздук балык уулоо түрлөрүн камдоо жолу менен жүзөгө ашырылуучу спорттук жана ышкыбоздук балык уулоо;
26) балык чарбалык көлмө – аквакультура, балык уулоо үчүн пайдаланылуучу же пайдаланылышы мүмкүн болгон же балык ресурстарын кайра өндүрүү үчүн маанилүү болгон суу объектти;
27) балык чарбальк мелиорациялоо – бул суу
биоресурстарынын табигый көбөйүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана көлмөлөрдүн балык продуктуулугун жогорулатуу максатында суу чөйрөсүнүн гидрологиялык, экологиялык жана гидробиологиялык абалын жакшыртуу боюнча иш-чаралар;
28) балык көбөйтүү – балык чарбалык көлмөлөрдү балыктандыруу үчүн балыктын баалуу түрлөрүнүн икраларын инкубациялоо жана жаш балыктарды өстүрүү;
29) балык чарба-биологиялык негиздеме – көлмөнүн балык чарба потенциалын белгилөөгө жана алынган маалыматтардын негизинде анын балык чарбасын өнүктүрүүгө жана пайдаланууга жарактуулугу жөнүндө корутунду түзүүгө мүмкүндүк берүүчү чаралардын комплекси;
30) балык чарба продукциясы – аларды андан ары өстүрүү жана товардык балык өндүрүү максатында көлмөгө кое берүүгө арналган белгилүү бир жаш категориясындагы балыктар (личинкалар, жаш балыктар, бир жылдыктар, эки жылдыктар, ж. б.);
31) балык продуктулары – суу биологиялык ресурстарын жана аквакультура объекттерин кармоодон, өсүмдүктөрдөн жана жаныбарлардан алынган, кайра иштетилген же иштетилбеген түрдө, анын ичинде тирүү балык;
32) балык чарба иши – балык өстүрүү, балык уулоо жана балык продукцияларын өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу менен байланышкан айыл чарбанын бир тармагы;
33) балык питомниги – бул толук эмес технологиялык цикл менен балык өстүрүү чарбасы, анда балык өстүрүүчү материал гана өстүрүлөт;
34) жайыт аквакультурасы– бул табигый азыктануу шартында товардык балыкты алуу үчүн балык өстүрүү материалын чыгаруу жолу менен балык чарба көлмөлөрүндө жүргүзүлгөн аквакультуранын багыты;
35) көлмө аквакультурасы – товардык балык продуктуларын өндүрүү максатында көлмөлөрдө, суу баскан карьерлерде адам көзөмөлдөгөн шарттарда товардык балыктарды өстүрүү боюнча аквакультуранын багыты;
36) суудагы заттын жол берилген максималдуу концентрациясы (БМК) – андан жогору болгондо суу пайдалануунун белгиленген түрү үчүн жараксыз суудагы заттын концентрациясы. Мында ЧДКга барабар же андан аз концентрацида бул зат суу бардык тирүү жандыктар үчүн толугу менен жок болгон суудай эле зыянсыз бойдон калат.
37) заттарды суу объектисине чыгаруунун жол берилген чеги – суу объектисинин ушул пунктунда контролдук тосмодогу суунун сапатынын ченемдерин камсыз кылуу же эгерде ал ченемден начар болсо, суунун пайда болгон сапатын начарлатпоо максатында убакыт бирдигинде белгиленген режим менен бөлүп чыгарууга жол берилген агынды суудагы заттын массасы:
38) толук системалуу чарба – личинкалардан баштап товардык өлчөмдөгү балыктарга чейин балык өстүрүү менен алектенген толук технологиялык циклдеги балык чарба;
39) пайдалануучу – балык чарбалык маанидеги көлмөлөр же алардын участоктору аквакультура, балык өстүрүү же балык уулоо максатында пайдаланууга белгиленген тартипте берилген юридикалык жана/же жеке жак;
40) садок – балыкты багуу жана өстүрүү үчүн жасалма курулма, көлмө;
41) садоктук аквакультура – атайын жабдылган табигый же жасалма жол менен жасалган көлмөлөрдө же садоктордо балык өстүрүү;
42) балыктардын жашоо чөйрөсү – балык табигый эркиндик абалында жашаган табигый суу чөйрөсү (суу мейкиндиги);
43) суу балыктары – бир эле балык чарбалык көлмодө (көл, суу сактагыч, дарыя) жашоочу жана көбөйүүчү балыктар.
2-глава. Балык чарбалык көлмөлөрдү жана алардын участокторун пайдалануунун тартиби жана түрлөрү
7. Балык чарба фондунун курамына кирген мамлекеттик маанидеги балык чарбалык көлмөлөрөдө (Ысык-Көл, Соң-Көл көлдөрү жана Токтогул, Базар-Коргон, Киров, Орто-Токой суу сактагычтары) аквакультура жана балык уулоо мамлекеттин катуу көзөмөлүнүн астында жүргүзүлөт.
8. Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрү өзгөчө коргоо жана пайдалануу режими бар балык чарбалык көлмөлөргө кирет, ошондой эле баалуу жана эндемикалык балык түрлөрүнүн икраларын даярдоо үчүн энелик көлмө катары пайдаланылат. Илимий-биологиялык негиздеме, мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу, айлана-чөйрөгө таасирин баалоо (АЧТБ ), эпизоотиялык абал жөнүндө ветеринардык кызматтын же балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын корутундусу болгондо, бул суу объекттеринде аквакультурага жол берилет.
9. Республикалык маанидеги балык чарба көлмөлөрнүдө балыктын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча зарыл иштерди, мисалы, жасалма жол менен көбөйтүү, балыктандыруу, балык чарбасын мелиорациялоо, интродукция, климатташтыруу, коргоо, балык запастарынын абалына мониторинг жүргүзүү эл аралык гранттар, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдардын тиешелүү жылга бекитилген бюджеттеринин чегиндеги мамлекеттик каржылоонун ж.б. эсебинен балык чарбасы чөйрөсүндөгү мамлекеттик органы, ветеринардык кызмат, айлана-чөйрөнү коргоо жана илимий мекемелер тарабынан жүзөгө ашырылат;
10. Пайдаланууга берилген балык чарбалык көлмөлөрдө балыктандыруу, коргоо жана балык чарбалык мелиорациялоо ушул көлмөлөрдү же көлмөс участокторун пайдалануучулардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
11. Балык чарбалык көлмөлөр жана/же алардын участоктору төмөнкү категорияларга бөлүнөт:
1) жогорку категорияга балыктын эндемикалык, баалуу түрлөрүнүн жана башка чарбалык суу организмдеринин урук чачуучу жерлери, массалык семиртүүчү жана кыштоочу чуңкурлары жайгашкан көлмөлөр кирет;
2) биринчи категорияга кычкылтектин курамына өтө сезимтал балыктын баалуу түрлөрүн сактоо жана көбөйтүү үчүн пайдаланылуучу көлмөлөр кирет;
3) экинчи категорияга балык чарбасынын башка максаттары үчүн пайдаланылуучу көлмөлөр кирет
12. Балык чарба көлмөлөрүндө же алардын айрым участокторунда аквакультураны жүргүзүү конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен балык чарба субъекттеринин ортосунда түзүлгөн балык чарба көлмөлөрүн пайдалануу укугун бекитүү жөнүндө келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
3-глава. Балык чарбасын жайгаштыруучу жерди
(участоуту) тандоонун тартиби
13. Аквакультура объектисин (жылуу, муздак суу) аныктоо жана товардык балык өстүрүү үчүн көлмөнү тандоо максатында балык өстүрүү зонасы (региондун физикалык-географиялык өзгөчөлүктөрү) белгиленет.
14. Кыргыз Республикасында абанын температурасы 15°С жана андан жогору болгон жылына жылуу мезгилдин узактыгы менен төрт балык өстүрүүчү зоналар бар: 1-балык өсүүчү зонада жылуу мезгилдин узактыгы жылына 91-105 күн болгон облустар жана райондор жайгашкан; 2-зонада жылына 106-120 күн, 3-зонада – 121-135 күн; 4-зонада – 136-150 күн болот.
15. Балык өстүрүүчү зонага жараша төмөнкү аквакультура объекттерин өстүрүү сунушталат:
– 1-зонада: кубулжума форель, сига, пелядь;
– 2-зонада: кубулжума форель, сига, пелядь, карп, карась;
– 3-зонада: көлмөлөрдөгү жана бассейндердеги кубулжума форель, карп, карасб, осетр балыгынын түрлөрү жана гибриддери, сом балыгынын түрлөрү, ак амур, чаар толстолобик;
– 4-зонада: карп, карасб, осетр балыгынын түрлөрү жана гибриддери, сом балыгынын түрлөрү, ак амур, чаар толстолобик.
16. Аквакультура үчүн көлмөнү тандоодо көлмөнүн ихтиологиялык, гидробиологиялык, паразитологиялык мүнөздөмөлөрү, анын морфометриялык көрсөткүчтөрү, гидрологиялык режими, суунун физикалык-химиялык көрсөткүчтөрү изилденет.
17. Бул көрсөткүчтөрдүн негизинде көлмөнүн паспорту жана жайыт жана рекреациялык аквакультура үчүн көлмөнүн потенциалынын балык өстүрүү жана биологиялык негиздемеси даярдалат.
18. Көлмөнүн гидрофизикалык жана химиялык режими өстүрүлүп жаткан балыктын биологиялык өзгөчөлүктөрүнө жооп бериши керек жана толук кандуу товардык балыктарды өндүрүүгө кепилдик берүүгө тийиш. Суунун курамында Кыргыз Республикасында белгиленген максималдуу жол берилген концентрациядан (ЧЖК) ашкан уулуу жана зыяндуу заттар болбошу керек.
19. Садокутк чарбаны жайгаштыруу пландаштырылган көлмө өстүрүлүп жаткан балыктын физиологиялык керектөөлөрүн физикалык, химиялык жана биологиялык касиеттери боюнча оптималдуу канааттандырууга тийиш. Суу сактагыч өнөр жай жана тиричилик ишканаларынан чыккан уулуу заттар, айыл жана токой чарбасында колдонулуучу гербициддер жана башка пестициддер менен булганбашы керек.
20. Садокутк чарбаны пландаштырганда ихтиофаунаны, көлмөнүн эпизоотиялык абалын, морфометриясын, гидрологиясын, тереңдиктин таралуу табиятын, суу астындагы агымдын болушун, агым ылдамдыгын, ар кандай тереңдиктеги суунун физикалык-химиялык параметрлерин, толкунду жана шамалды ж.б. изилдөө боюнча бардык комплекстүү иш-чараларды жүргүзүү зарыл.
21. Балык өстүруү суу чөрөсү түзүү үчүн дарыя же жер астындагы суулар (артезиан скважиналары) булак болуп саналган бекемделген көлмөлөр менен бассейндерде көлмө жана бассейн аквакультурасын уюштуруу үчүн жер участогун тандоодо көлмөлөрдү куруу, гидротехникалык курулуштарды, суу менен камсыздоо жана дренаж системасын, зарыл инфраструктураны түзүү зарыл. Мындай балык чарбаларын түзүү балык чарбасы, ветеринария, экология жана шаар куруу чөйрөсүндөгү мыйзам ченемдерине жана талаптарына ылайык ишке ашырылууга тийиш.
22. Көлмө-бассейндик чарбаларды түзүү үчүн төмөнкүлөрдү изилдөө зарыл:
1) аймактын физикалык-географиялык мүнөздөмөлөрү (климат, аймактын гидрографиясы, абанын орточо температурасы) жана балык өсүүчү зонаны белгилөө;
2) суу объектисинин булагынын гидрологиялык режими (дарыя, жер астындагы суулар);
3) суунун физика-химиялык көрсөткүчтөрү;
4) келечектеги балык чарбасынын потенциалын белгилөө үчүн суу чыгымын аныктоо;
5) рельефтин формалары жана жер бетинин эңкейишинин пайызы;
6) көлмө курууга жарактуулугун баалоо үчүн топурак түрү.
Келечектеги балык чарбасын түзүү боюнча изилдөөлөрдүн натыйжасы болуп балык чарбасы, ветеринария жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы стандарттарга жана талаптарга жооп берген балык чарбасын уюштуруу жана башкаруу үчүн балык өстүрүүнүн жана биологиялык негиздемесин даярдоо саналат.
23. Иштеп жаткан балык чарбасы үчүн ветеринардык-санитардык жана балык чарбалык-биологиялык стандарттарга жана талаптарга жооп берген балык чарбасынын паспорту түзүлөт.
Көрсөтүлгөн стандарттар жана талаптар сакталбаган учурда балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган корутунду берет. Бул корутундуда ушул стандарттарга жана талаптарга шайкеш келбегендиктин параметрлери, сунуштамалар жана ылайык келтирүүнүн мөөнөттөрү камтылууга тийиш.
24. Көлмө-бассейндик аквакультурадагы (муздак, жылуу суу) балык чарбанын түрүнө жараша процесстин циклдик мүнөзүнө (толук системалуу, балык көбөйтүүчү завод, балык питомниги, өндүрүштүк, жабык чарба принцибинде иштеген товардык), анын кубаттуулугунан көлмөлөр, бассейндер үчүн балык чарбасы ээлеген жалпы аянт аныкталат.
4-глава. Жайыт, рекреациялык жана садок аквакультурасын уюштуруу жана башкаруу
25. Балык чарба көлмөлөрүндө жайыт жана рекреациялык аквакультура төмөнкүлөр болгон учурда жүзөгө ашырылат:
1) көлмонүн балык чарба паспорту;
2) балык өстүрүү- биологиялык негиздеме;
3) балык чарбасын өнүктүрүү боюнча бизнес-план.
26. Жайыт жана рекреациялык аквакультура табигый семиртүү шартында товардык балык алуу үчүн ветеринардык жактан сапаттуу балык урук материалы менен балыктандыруу жолу менен жүргүзүлөт.
Көлмөгө жаш балыктардын кое берилгендигин тастыктоо жана суу биоресурстарын көлмөдөн алууга негизи болуп жаш балыктарды көлмөгө кое берүү актысы саналат.
27. Суу-биологиялык ресурстарынын, анын ичинде балыктардын запастарын сактоо максатында балыктардын урук чачуу мезгилинде жана жеринде, балыктардын урук чачкан жерлерге миграциялык жолдору боюнча, өндүргүчтөрдү жасалма жол менен көбөйтүү үчүн кармоону кошпогондо, аларды уулоого тыюу салынат.
28. Ысык-Көлдө жайыт жана рекреациялык аквакультураны уюштурууда жана жүргүзүүдө ихтиофаунанын генетикалык булганышын болтурбоо максатында ветеринардык нормаларга жана талаптарга ылайык жасалма жол менен көбөйтүү үчүн аталган көлмөнүн балык түрлөрүн өндүргүчүтөрдү кармоо зарыл.
29. Жаратылыш ресурстарын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында жайыт жана рекреациялык аквакультура суу сактагычтарда, анын ичинде декаддык жана суткалык жөнгө салуучу бассейндеринде жүргүзүлүшү мүмкүн. Балык чарбалык маанидеги суу сактагычтардагы суунун деңгээли балыктардын табигый көбөйүшүн жана жашоосун камсыз кылуу үчүн жетиштүү болушу керек, суу агызылгандан кийин көлмөнүн тынч кезиндеги суу көлөмүнүн минималдуу тереңдиги 0,5 метрден жана акваториянын аянты 1 гектардан кем эмес болууга тийиш.
30. Суу чарба уюмдары бош суу сактагычтарга пландык иштерди пландаштырууда жана жүргүзүүдө балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга суу сактагычтардан суунун агызылышы жөнүндө алдын ала билдирүүгө милдеттүү.
31. Төмөнкү бьефке суу куюлгандан кийин суу сактагычтагы суунун деңгээли балык чарба, суу ресурстары, айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн жана пайдалануучунун өзүнүн катышуусу менен комиссия тарабынан белгиленет.
32. Суу чарба уюмдарынын же көлмөнү пайдалануучунун кабарлоосунун негизинде комиссия суу сактагычты бошоткондон кийин пайда болгон суу бетинин факт түрүндөгү аянтын инструменталдык түрдө аныктайт, бир нече нускада акт түзөт, анын бири пайдалануу акысын эсептөө үчүн балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берилет, экинчиси пайдалануучуда калат.
Эгерде суу чарба уюмдары суунун кое берилгендиги жөнүндө билдирбесе, суу сактагычты пайдалануучу бул жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
33. Суу сактагычтарды энергетикалык жана ирригациялык максаттарда пайдаланууда (суу сактагычтар, суткалык жана он декадалык бассейндер) балык чарбалык максаттары үчүн, мында суу сактагычтын аянты алардын вегетация мезгилинде энергетикалык жана ирригациялык максаттар үчүн агызылгандыгына байланыштуу өзгөрөт, төлөмдүн өлчөмү куралдын жардамы менен аныкталуучу .суу бетинин факт түрүндөгү аянтына жараша белгиленет,
34. Плотинаны курууда гидротүйүндөрдө балык өтүүчү курулмаларды куруунун максатка ылайыктуулугун аныктоо зарыл. Балык өтүүчү курулманы долбоорлоодо балыктын ар бир түрү белгилүү бир максималдуу сүзүү ылдамдыгына ээ экендигин жана ылдамдыгы бул максималдуу ылдамдыктан жогору болгон агымды балык жеңе албасын эске алуу зарыл. Карп балыктары үчүн оптималдуу агымы 0,8ден 1,2 м/сек чейин; осетр балыктары үчүн – 1,0дон 1,5 м/с чейин; лосось үчүн – 2,0ден 3,0 м/сек чейин.
35. Балык өтүүчү түзүлүшкө кире бериш дарыянын нугунун плотинадан төмөн бөлүгүндө жайгаштырылышы керек, мында агымдын ылдамдыгы балыктын берилген түрлөрү үчүн алгылыктуу.
36. Жашоо чөйрөсүнүн сапатын, балыктардын урук чачуу шарттарын (анын ичинде эндемикалык жана сейрек кездешүүчү түрлөрүн) жакшыртуу жана суу объекттеринде балыктын продуктуулугун жогорулатуу максатында балык чарбалык мелиорация жүргүзүү тартибине ылайык балык чарбасы жана биологиялык мелиорация боюнча иштер жүргүзүлөт.
37. Жайыт аквакультурасында зыянсыз балык чарбасын түзүү олжо 50 кг/га кем эмес, 80 кг/га кем балык кармалган учурда 10 % рентабелдүүлүктү камсыз кылуу менен ишке ашырылат.
38. Жайыт аквакультурасын жүргүзүүдө көлөонүн ылайлануусун эске алуу маанилүү, анткени 50 сантиметрден ашык ылай катмары суунун гидрохимиялык көрсөткүчтөрүнө жана анын натыйжасында балыктардын жашоо чөйрөсүнүн сапатына терс таасирин тийгизет. Терс таасирлер 6 метрден ашкан тереңдикте зыянсыздандырылат.
39. Балыктын урук материалын сууда эриген кычкылтектин жетиштүү концентрациясы бар тынч жерге ташталууга тийиш. Балыктандырууну алдында жашы балык бар идиш тандалган участокто сууга 30-40 мүнөт коюп, акырындык менен температураны теңдештирүү керек.
40. Балык чарба көлмөлөрүндө садок аквакультурасы төмөнкүлөр болгон учурда жүргүзүлөт:
1) балык чарбасы жана балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым
укуктуу орган тарабынан берилген балык чарбанын биологиялык негиздемеси/паспорту;
2) илимий уюмдун биологиялык негиздемеси;
3) балык чарбасын өнүктүрүү боюнча бизнес-план;
4) мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу;
5) айлана-чөйрөгө таасирин баалоо (АЧТБ);
6) ветеринардык кызматтын же балык чарбасы жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын эпизоотиялык абалы боюнча корутундулары.
41. Садок аквакультурасын таза суулуу агып чыкма жана олиготрофтук көлмөлөрдө кумдуу же таштак жерлерде жүргүзүү продуктивдүү.
42. Кубулжума форельди өстүрүү үчүн 12 м кем эмес тереңдикте садокторду орнотуу зарыл, садоктун түбүнөн участоктун тереңдигине чейинки аралык 3 м кем эмес болууга тийиш.
Туюк көлмөлөр үчүн садок курулмаларын жүктөөгө жол берилген нормасы суу сактагычтын жалпы аянтынын 0,1 % түзөт, ал эми агып чыкма көлмөлөр жана суу сактагычтар үчүн анын экологиялык сыйымдуулугуна ылайык болот.
43. Садок чарбаларын эпизоотикалык жактан жагымсыз көлмөлөргө
жайгаштырбаш керек, мында жергиликтүү балыктар массалык түрдө мите курттар менен жабыркаганы, ошондой эле бактериялык жана вирустук оорулар менен ооругандары байкалат.
44. Балыктын эндемикалык жана өзгөчө баалуу түрлөрүнүн запастарын сактоо үчүн садоктордон балык агып кеткен учурларды болтурбоо максатында белгиленген техникалык талаптарга жана шарттарга ылайык келген, даярдоочу заводдун техникалык документтери болгон учурда садокторду заводдо гана орнотууга жана эксплуатациялоого жол берилет.
45. Балык чарбалык көлмөлөрдүн суу коргоо зоналарында жана
тилкелеринде жайгашкан жер участоктору суу жана жер ресурстарын жөнгө салуучу мыйзамдардын талаптарын эске алуу менен балык чарба иштерин жүргүзүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн.
46. Көпүрөлөрдүн, плотиналардын, өтмөктөрдүн жанында, суу
каптоо коркунучу бар зоналарда, кеме жүрүүчү участоктордо садок курулмаларын жайгаштырууга тыюу салынат.
47. Жайыт, садоктук, көлмө-бассейн. рекреациялык аквакультураны уюштурууда жана жүргүзүүдө, ошондой эле балык чарбачылыгына тиешелүү инфраструктураларды жайгаштырууда колдонулуучу чектөөлөр:
1) автомобиль жана темир жолдордун бөлүнгөн тилкесинде, жол жээктеги тилкеде (автомобиль жолунун бөлүнгөн тилкесинин туурасы категориясына жараша эки тараптан 12ден 32 метрге чейин, жол жээктеги тилкенин туурасы категориясына жараша 10дон 50 метрге чейин; темир жолдор үчүн бөлүнгөн тилкенин туурасы категориясына жараша четки рельстин огунан 30дан 50 метрге чейин). Транспорт жана башка транспорттук инфраструктураны башкаруу тармагындагы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу талап кылынат;
2) мамлекеттик аэродромдордун реестрине киргизилген бардык жарандык аэродромдун контролдук пунктунан 20 км радиус ичинде. Жарандык авиация тармагындагы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу;
3) жогорку чыңалуудагы электр өткөрүүчү линиялардын коргоо зоналарында (чыңалуусуна жараша – ар бир тараптан 10дон 40 метрге чейин) энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу;
4) ичүүчү суу менен камсыз кылуучу булактардын санитардык-коргоо зоналарында – жайгаштырууга санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл тармагындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген уруксат документтери болгон учурда гана жол берилет.
5-глава. Көлмө жана бассейн аквакультурасын уюштуруу жана башкаруу
48. Көлмө аквакультурасы жарым-жартылай же толугу менен адам көзөмөлдөгөн шарттарда: нуктуу, сайдагы, дамба көлмөлөрдө. суу баскан карьерлерде, овардык балык продуктуларын кийин сатуу үчүн өндүрүү максатында жүргүзүлөт.
49. Көлмө-бассейндик аквакультура балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген балык өстүрүү жана биологиялык негиздемесинин, жер участогун туруктуу же убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечиминин негизинде жүргүзүлөт. Балык чарбачылыгынын жана биологиялык негиздемесинин негизинде балык чарба субъекти балык чарбасын өнүктүрүү планын (бизнес-план) түзөт.
50. Көлмө чарбаларында балыктарды өстүрүү жана семиртүү үчүн ар кандай көлөмдөгү көлмөлөр колдонулат. Чакан балык көлмөнүн аянты 0,1ден 1,5 га чейин же андан көп болушу мүмкүн. Чоң көлмөлөрдүн балык продуктуулугу кичинекей көлмөлөргө салыштырмалуу бир аз төмөн.
51. Балыктын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана фитопланктон, зоопланктон, бентос сыяктуу көлмөлөрдүн тоют базасынын бардык компоненттерин пайдалануу үчүн поликультурада ак же кара амур сыяктуу чөп жеүүчү балык түрлөрү, ак же чоң сазан жана башка кошумча түрлөр менен тоют базасына жараша белгилүү катышта өстүрүү сунушталат.
52. Көлмөнү өсүмдүк басып кетишине каршы күрөшүү үчүн (камыш, саз өсүмдүктөрү менен) биологиялык мелиорациялоочу каражат катары ак амурдун чоң үлгүлөрүн киргизүү сунушталат.
53. Көлмөлөргө карп түрүндөгү товардык балыкты өстүрүүдө көбөйтүү материалы менен (күзүндө, бир жайлыктар же жазында орточо салмагы 20-30 грамм болгон бир жылдыктар) балыктандыруунун алдында көлмө даярдалышы керек.
Даярдоого көлмөнү кургатуу, түпкүрүн (түбүн) күйбөгөн акиташ менен иштетүү, таштандыларды жана баалуулугу төмөн балыктарды жок кылуу үчүн көлмөнүн түбүн тоңдуруу жана кургатуу кирет. Андан ары чөп жеүүчү балыктардын табигый тоют базасын өнүктүрүү жана көбөйтүү үчүн минералдык (азот, фосфор, суунун жээгин бойлой 5 т/га эсептөө боюнча кальций) же органикалык (чириген кык, анын чыласы, жашыл кык: көлмөнүн түбүнө буурчак жана дан эгиндерин себүү) жер семирткичтерди кошуу зарыл. Карпты жасалма тамак менен азыктандыруу зарыл.
54. Бассейндик аквакультура киреше алуу максатында бетон, пластик бассейндерде, айланма суу менен камсыздалуучу бассейндерде (УЗВ) жүргүзүлөт. Бассейндик аквакультурада, өзгөчө УЗВда балыктын баалуу лосось (негизинен кубулжума форель породалары: Дональдсон форели, Камплоопс, Адлер ж. б.) жана осетр (негизинен бешип, бэстер сыяктуу ж. б. гибриддер) балык түрлөрү өстүрүлөт.
55. Тоолуу сел кооптуу аймактарда форель балыгын өстүрүү учурунда балык чарбасын суу ташкындарынан коргоо чараларын көрүү зарыл.
56. Аквакультура объекттерин көлмөлөрдө жана бассейндерде кармоо шарттары оптималдуу болууга жана технологиялык, балык чарба-биологиялык ченемдерге жана температурага, кычкылтек шарттарына, рН режимине ылайык келүүгө тийиш.
57. Эпизоотия тобокелин болтурбоо үчүн эпизоотияга каршы алдын ала иш-чараларды жүргүзүү, ошондой эле суунун сапатын контролдоо, балыктардын жүрүм-турумун үзгүлтүксүз байкоо, балыктын ден соолугун текшерүү үчүн ай сайын аларды уулоо (байкоолордун жыйынтыгын атайын журналдарга жазуу) жана оорунун белгилери байкалган учурда бул тууралуу ветеринардык кызматтын өкүлдөрүнө билдирүү маанилүү.
Ветеринардык кызматты менен макулдашпастан антибиотиктерди жана гормоналдык препараттарды колдонууга тыюу салынат.
Суу биологиялык ресурстарынан жана аквакультура объектилеринен алынган кайра иштетилген же иштетилбеген түрүндөгү балык тамак-аш продукциясы жүгүртүүгө чыгарылганда Евразия экономикалык биримдигинин техникалык регламенттеринин талаптарына жооп берүүгө тийиш.
58. Балык чарбаларынын бардык түрлөрүндө балык өстүрүү-биологиялык жана ветеринардык-санитардык ченемдерге жана талаптарга ылайык көлмөлөрдөн, суу алуучу курулмалардан, кампалардан белгилүү аралыкта жайгаштырылууга тийиш болгон өз алдынча суу түтүктөрү жана суу булактары бар карантиндик жана изоляциялык көлмөлөр болууга тийиш.
59. Толук системалуу чарбаны түзүүдө, балык питомнигин, балык көбөйтүүчү заводду курууда технологиялык схеманы түзүү маанилүү, анда өзүнүн энелик үйүрүнүн болушун же аны түзүү, же табигый чөйрөдөгү өндүргүчүтөрдү пайдаланууну эске алуу керек.
60. Толук системалуу чарбада лабораториясы бар инкубациялык-личинка цехи, башкыдан баштап тундургучка чейин, чабактарды өстүрүү үчүн көлмөлөр, өсүүчү, кыштоочу, көз карандысыз суу менен камсыз кылуучу жана толугу менен түшүүчү көлмөлөр системасы болушу керек.
61. Толук системалуу чарбаны, балык питомнигин, балык өстүрүүчү заводду, садок чарбасын түзүү балык отургузуунун жогорку тыгыздыгын, жасалма тоюттарды колдонууну, антибиотиктерди, суу экосистемасына терс таасирин тийгизүүчү ар кандай препараттарды колдонууну камтыйт.
Балык чарба субъекти мамлекеттик экологиялык экспертизага бизнес-план берүүгө милдеттүү.
6-глава. Жашоо чөйрөсүн коргоо боюнча жалпы талаптар
62. Балыкты жана башка суу биоресурстарын көбөйтүү жана өстүрүү максатында балык чарба көлмөлөрүндө садокторду жана башка жасалма курулмаларды жана объекттерди жайгаштырууга мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу, ыйгарым укуктуу органдын балык суу-биологиялык негиздемеси жана балык чарба ишин жүргүзүү үчүн көлмө-сууну же балык уулоочу участокту пайдалануучуга белгиленген тартипте бекитип бергенден кийин илимий уюмдар тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген өстүрүү объекттерин өстүрүүнүн биотехникалык методикасы болгондо жол берилет.
63. Балыктын эндемикалык жана өзгөчө баалуу түрлөрүнүн запастарын сактоо жана көбөйтүү үчүн маанилүү болгон балык чарбалык маанидеги табигый көлмөлөрне балыктын бөтөн түрлөрүнүн жана гибриддеринин клеткалардан чыгып кетишин болтурбоо максатында, алардын даярдоочу тарабынан техникалык документтери болгон шартта, белгиленген техникалык талаптарга жана шарттарга жооп берген заводдук гана клеткаларды орнотууга жана иштетүүгө жол берилет.
Ушул көлмөдө жашаган балыктардын массалык өлүмүнө алып келген балыктардын башка түрлөрү садоктон качкан учурда пайдалануучу милдеттүү:
– болгон окуя жөнүндө балык чарба, айлана-чөйрөнү коргоо
чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарга токтоосуз маалымдоого;
– суунун экологиялык калыбына келтирүүнү өз эсебинен жүргүзүүгө.
64. Балык чарбалык көлмөлөрдү же алардын айрым тилкелерин ошол суу экосистемасына мүнөздүү болбогон балык түрлөрү менен балыктандыруу, ошондой эле гибриддерди жана генетикалык жактан модификацияланган түрлөрдү илимий жана биологиялык негиздемесиз, узак мөөнөттүү илимий изилдөөлөрсүз, коомдук угууларсыз жана интродукциялоо, климатташтыруу жана реклиматташтыруу боюнча иштерди жүргүзүү тартибин сактабастан киргизүүгө тыюу салынат.
65. Ууртун таштоочу жайларга, кыштоочу балык чуңкурлары жайгашкан жерлерге, балыктардын миграциялык жолдоруна садокторду жана башка жасалма курулуштарды жайгаштырууга тыюу салынат.
66. Тазаланбаган, зыянсыздандырылбаган, жана дезинфекцияланбаган саркынды сууларды балык чарбалык көлмөлөргө, ошондой эле жер астындагы горизонтторго агызууга тыюу салынат.
67. Агызууга жол берилбейт:
1) жол берилүүчү чектелген концентрациясы же болжолдуу
жол берилген деңгээлдери белгиленбеген заттарды камтыган саркынды сууларды, ошондой эле табигый заттарды кошпогондо аналитикалык контролдоо методдору жок заттарды;
2) жугуштуу оорулардын козгогучтарын камтыган, ошондой эле концентрациясы жол берилген чектик концентрациядан жана алардын фондук маанисинен ашкан заттарды камтыган агынды суулар, эгерде алар үчүн булгоочу заттарды айлана-чөйрөгө чыгарууга уруксатта көрсөтүлгөн заттарды чыгаруунун жол берилген чектик ченемдери белгиленбесе;
3) өнөр жай ишканаларынын, калктуу конуштардын аймактарынан бөлүнгөн, жол берилген концентрациянын деңгээлине чейин тазаланбаган, мунайзаттарды камтыган, суу транспортунун сүзүүчү каражаттарынан тазаланбаган саркынды сууларды, жер астындагы сууларды, балласт сууларды жана башка зыяндуу заттарды ташталган саркынды сууларды
68. Балыктын бөтөн түрлөрүнүн (интродукция, климатташтыруу объекттери) ар бир түрү үчүн мите фаунанын өзгөчөлүгүнөн улам жугуп калбаш үчүн тектештери жок көлмөлөргө киргизүү сунушталат.
7-глава. Балык чарбасын өнүктүрүү жана аквакультура жана балык чарба максаттарында пайдалануу үчүн берилген табигый жана жасалма көлмөлөрдүн тизмесин жүргүзүү
69. Балык чарбасын өнүктүрүү жана аквакультура, балык чарба максаттарында пайдалануу үчүн берилген табигый жана жасалма көлмөлөрнин тизмеги (мындан ары – Тизмек) балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
70. Тизмеге жайыт, садок, рекреациялык аквакультура жана өндүрүш, спорттук-ышкыбоздук балык уулоо үчүн конкурстук негизде пайдаланууга берилген көлмөлөр кирет.
71. Балыктын эндемикалык, баалуу товардык түрлөрүнүн генофондун жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо максатында энелик көлмөлөр катары пайдаланылышы мүмкүн болгон балык чарбалык көлмөлөрүндө чарбанын биоартүрдүүлүк ишмердүүлүгү чектелүү болот.
72. Тизмеге кирбеген, бирок балык чарбалык максаттар үчүн пайдаланылышы мүмкүн болгон калган көлмөлөр балык чарбалык көлмөлөрдүн жана алардын участокторунун резервдик фондун (мындан ары – резервдик фонд) түзөт.
73. Балык чарба көлмөлөрнин резервдик фондун балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
74. Балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган көлмөлөрниүн категорияларын белгилейт, резервдик фонддун көлмөлөрнүн балык чарбалык потенциалына баалайт жана ушул көрсөткүчтөрдүн негизинде аларды агроөнөр жай комплексинин алкагында ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилүүчү Тизмеге киргизүү максатында көлмөлөрдү пайдаланууга берүү боюнча конкурстук комиссия үчүн көлмөлөрдүн тизмесин түзөт.