Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жыл 07-июну №7
Резерв фондтун көлөмун 2%га көтөрүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевдин 24.05.2024-жылдагы №01-19/238 чыгыш сандуу кайрылуусунун 1-пунктун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы жардамга муктаж жарандар көп болгондуктан жана ар кандай багыттагы маселелериди чечүү үчүн мыйзамдуу жагын кароо менен Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн резерв фондун 2% га көтөрүүгө уруксат берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий Kanysh-Kya.gov.kg маалымат сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына, ФЭБ башчысы К.Темирбековго тапшырылсын, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М.Ш. Аликеев |