Загрузка документа…
|
| Тиркеме 5 |
|
| (Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 19-декабрындагы № 05/2-17/343 буйругуна) |
Балык уулоо эрежелери жана өндүрмөлүк, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо объекттерине киргизилген суу биоресурстарынын түрлөрүнүн тизмеги
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Балык уулоо эрежелери жана өндүрмөлүк, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо объекттерине киргизилген суу биоресурстарынын түрлөрүнүн тизмеги (мындан ары – Эреже) “Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык иштелип чыкты.
2. Ушул Эрежелер мамлекеттик коруктардын суу участкаларын, товардык балык өстүрүү максатында бекитилген суу акваториясынын участкаларын кошпогондо, бардык балык чарбалык көлмөлөргө жана алардын участокторуна жайылтылат.
3. Ушул Эрежелерде төмөнкү негизги терминдер жана алардын аныктамалары колдонулат:
1) ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо – жеке адамдар тарабынан жеке керектөө үчүн, эс алуу (эс алуу максатында) жана спорттук максаттарда, киреше алуу максатын көздөбөстөн, жүзөгө ашырылган ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо;
2) лимит – балык уулоо үчүн аныкталган мөөнөттөрдө балык
уулоо объекттерин кармап алуунун алардын түрлөрү жана балык чарбалык көлмөлөр боюнча жол берилүүчү балык запастарынын туруктуу жашоосун жана өндүрүп чыгаруусун камсыз кылуучу жалпы көлөмдөрү;
3) квота – балык кармап алуу лимитинин бир бөлүгү, көлмөлөрдүн бекитилип берилген участокторунда жана балык уулоо үчүн белгиленген мөөнөттөрдө балыктын өндүрмөлүк түрүн уулоонун ар бир өзүнчө балык өндүрмөлүк субъект үчүн белгиленген көлөмдөрү;
4) мормышка – бул силикондон жасалган жеңил салмактагы жем;
5) балык кармоонун ченеми - ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо менен алектенген бир адамга белгиленген балык кармоонун жол берилген көлөмү;
6) ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо объектилери – табигый эркин абалдагы балыктар, суу омурткасыздары, балыктандыруу объектилери жана башка суу биоресурстары;
7) суу биоресурстарын кармоонун жол берилген чеги – суу биоресурстарынын жалпы жол берилген кармалышы-балык чарба көлмөлөрүндө же балык кармоо участокторунда конкреттүү түрлөрдүн суу биоресурстарын жылдык олжолоонун (кармоонун) илимий негизделген чоңдугу;
8) өнөр жайлык балык уулоо объектилери – кармоо, олжо алуу жана даярдоо объектилери катары кызмат кылган балык, икра, рак, башка суу омурткасыз жаныбарлар жана суу тамак-аш объекттери;
9) мыйзамсыз балык уулоо продукциялары – тыюу салынган ыкмалар менен, балык уулоого тыюу салынган убакта жана жерлерде, жыйноого тыюу салынган түрлөр боюнча белгиленген лимиттерден (квоталардан) жана ченемдерден ашыкча алынган балык продукциясы, ошондой эле аларды кармоо укугуна уруксаты жок адамдар тарабынан кармалган же бул продукцияны сатып алуунун мыйзамдуулугун ырастоочу документтери жок адамдардан аны сатуу жеринде табылган балык уулоонун бардык продукциялары;
10) өнөр жайлык балык уулоо – балык уулоочу кемелерди жана өнөр жайлык торлорду колдонуу менен балык чарба көлмөлөрүндө балыктын товардык түрлөрүн кармоо ишмердүүлүгү;
11) рекреациялык балык уулоо тармагы – жеке жактарды балыктандыруунун негизинде көлмөлөрдө жана жана балык уулоо участокторунда жүзөгө ашырылуучу ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо чөйрөсүндө акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү ишмердүүлүгү;
12) балык көбөйтүүчү материал – товардык балык алуу максатында андан ары өстүрүү үчүн суу объектилерине кое берилген белгилүү бир жаш категориясыясындагы балыктар;
13) балык өнөр жай журналы – бул балык уулоо сезонунун мезгилинде балыкчылар балык уулоо бригадалары кармаган балыктардын эсеби жүргүзүлүүчү өнөр жайлык ишти жүзөгө ашыруучу балык чарба субъектинин негизги эсепке алуу документи болуп саналат, ал кармалган балыкты эсепке алуу жана кабыл алуу үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн адамда түздөн-түз болууга тийиш;
14) балык чарбалык көлмөсү – балык чарбасын жүргүзүү үчүн пайдаланылуучу же пайдаланылышы мүмкүн болгон же балык запастарын көбөйтүү үчүн мааниси бар суу объектиси;
15) балык уулоочу жерлер – балыктардын жашоо чөйрөсү жана көбөйүүчү жери болуп саналган, же алардын көбөйүшү, семириши, кыштоосу, миграциясы үчүн маанилүү болгон, ошондой эле ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо үчүн пайдаланылган же пайдаланылышы мүмкүн болгон көлмңуң, агымдын же анын бир бөлүгүнүн акваториясы;
16) балык уулоо участогу – ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону жүзөгө ашыруу үчүн белгилүү чектерде түзүлгөн бүт суу объектиси (көл, суу сактагыч, дарыя) же анын бир бөлүгү;
17) ышкыбоз балыкчы – балык уулоо эрежелерине ылайык ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо менен алектенүүгө белгиленген тартипте укук алган жеке жак;
18) балык уулоо пункту – суу объектилеринин балык уулоо аймактарында кармалган балыктарды жана алардан даярдалган икраларды кабыл алуу жана эсепке алуу үчүн атайын бөлүнгөн жай;
19) балык чарба субъекттери – белгиленген тартипте пайдаланууга берилген көлмөлөрдө же балык уулоо участкаларында балык өстүрүү, балык уулоо жана балык запастарын көбөйтүү жаатында балык чарба ишин жүзөгө ашыруучу жеке же юридикалык жактар, анын ичинде коомдук бирикмелер;
20) олжо – өнөр жайлык, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо процессинде кармалган балыктардын көлөмү;
21) эпизоотия – бул адатта көлмөдөгү балыктарда, бир же бир нече дарыя системасынын бассейниндеги бир нече суу объекттеринде катталган балыктын бир же бир нече түрүнүн арасында оорунун көрсөткүчүнөн кыйла жогору болгон жугуштуу оорунун кеңири таралышы.
2-глава. Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону жүргүзүү тартиби
4. Спорттук жана ышкыбоздук балык уулоо Кыргыз Республикасынын балык чарбалык суу объектилеринде, балык уулоо учаткаларында жана дарыяларында акы төлөнүүчү балык уулоо билеттерин жана жеке колдонуу үчүн ыйгарым укуктуу органдын карталарын пайдалануу менен жүзөгө ашырылат.
5. Республиканын дарыяларында дарыя форелинин жана дарыя османынын запастарынын бузулушуна жол бербөө максатында балыктын бул түрлөрүн кармоо илимий мекемелер менен макулдашылган жана балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү уруксат берилген балык уулоонун жалпы көлөмүн эсепке алуу менен мамлекеттик лимиттерге жана квотага ылайык катуу жүргүзүлөт.
6. Спорттук жана ышкыбоздук балык уулоонун объекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) балыктын баалуу лимиттелген түрлөрү: амударья форели, гегаркуни форели (ысык-көл форели), дарыя османы.
2) ири частик: сом, ак амур, щука, сазан, карп, судак, толстолобик, змееголов;
3) майда частик: кадимки же илиликй маринка, ельцы, линь, лещ, красноперка, окунь, плотва, карась
7. Тиешелүү балык чарба субъекттерине, коомдук уюмдарга жана балыкчылар бирикмелерине бекитилип берилген суу объектилеринде ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо (ельцы, судак, сазан, карп, усач, щука, сом, кадимки маринка, толстолобик, амур, карась, окунь, красноперка, лещ, линь, плотва) коомдук уюмдар жана балыкчылар ассоциациялары (мындан ары – көлмөлөрдү пайдалануучулар) аталган көлмөлөрдү пайдалануучулар тарабынан берилген жолдомолор боюнча жүзөгө ашырылат.
8. Суу объектилеринде жана пайдаланууга берилген балык уулоо учаскаларында ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштуруунун жана жүргүзүүнүн шарттары жана тартиби ыйгарым укуктуу орган менен суу объектилерин пайдалануучулардын ортосундагы макулдашуу менен аныкталат.
9. Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо менен алектенген жарандар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул Эрежелерди жана барган көлмөдө (суу сактагычтын участогунда) белгиленген балык кармоо режимин сактоого;
2) көлмөлөрдө талаптагыдай санитардык шарттарды сактоого, муз үстүндө жана көлмө жээктеринде таштандыларды жана башка калдыктарды калтырбоого, көлмөлөрдүн булганышына жана кирдешине жол бербөөгө;
3) көлмөлөрдө жана балык уулоо жана спорт базаларында коомдук тартипти бузбоого, балык запастарын коргоочу кызматкерлерге балык уулоо эрежелерин бузууга жол бербөөгө көмөк көрсөтүүгө;
4) ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону жүргүзүү укугун тастыктаган балык уулоо документтеринин (балык уулоо лицензиясы, балык уулоо картасы) кагаз жүзүндө же MegaPay мобилдик тиркемесинде алардын электрондук версиялары болушу жана аларды балык запастарын коргоо, айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин талабы боюнча берүүгө;
5) суу объектилеринин жээктеринде орнотулган балык кармоону жөнгө салуу боюнча белгилердин, такталардын, кулактандыруулардын жана башка эскертүүчү-маалыматтык белгилердин бузулушуна жол бербөөгө.
3-глава. Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо режими
10. Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоого жыл бою (урук чачуу мезгилинен тышкары) төмөнкү ыкмаларды жана балык уулоо шаймандарын колдонуу менен уруксат берилет:
1) жайкы, кышкы жана түпкү кайырмактар;
2) спиннинг;
3) “мушка” менен уулоо;
4) “блесна” менен уулоо;
5) “кружка” жана “жерлица” менен уулоо, мында бир балыкчыга 5 даанадан ашпаган санда уруксат берилет;
6) моторлуу кайыкты пайдаланбастан “дорожка” (же “троллинг”) менен уулоо.
11. Бир балыкчыга же кайыкка бир эле учурда үчтөн ашык шайманды колдонууга уруксат берилет, мында илгичтердин жалпы саны бир кайырмакка же кайыкка эки даанадан ашпашы керек.
12. Иштеп жаткан өлчөмү 50х50 сантиметрден ашпаган, торчосунун көзөнөгү 5 миллиметрден ашпаган подъемниктерди (малявочниктер) колдонуу менен ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо жүргүзүлүп жаткан бардык көлмөлөрдө чабактарды жана жемди кармоого жол берилет.
13. Көлөмү 200 см3 ашпаган балык кармоочу куралдарга туташтырылган же кошулбаган “кормушкаларды” колдонууга жол берилет. Балык уулоо аяктагандан кийин “кормушкаларды” көлмөдөн алынып салууга жатат.
14. Муздун үстүндө убактылуу көчмө шамалдан коргоочу жеке түзүлүштөрдү орнотууга жол берилет. Балык уулоо аяктагандан кийин шамалдан коргогучтар балык уулоо жүргүзүлгөн жерден алып салынат.
15. Балыктын лимиттелбеген түрлөрүн (чоң жана майда балыктарды) кармоонун суткалык нормасы, бир кармалган балыктын салмагы белгиленген суткалык нормадан ашкан учурларды кошпогондо, бир ышкыбоз балыкчыга суу объектилерине бир сапарга 5 килограммдан ашпайт. Мында ышкыбоз балыкчыга картада жана билетте көрсөтүлгөн бүт мөөнөткө суу сактагычтан балык кармоонун эки күндүк чегинен ашпаган чектерде – 10 килограммдан ашпаган балык алууга уруксат берилет.
Балыктын лимиттелген түрлөрүн кармоонун суткалык нормасы балык уулоо карточкаларында көрсөтүлөт.
16. Балыктын баалуу лимиттелүүчү жана лимиттелбеген түрлөрүн кармоо укугуна балык уулоо белетин жана балык уулоо карточкасын колдонуу мөөнөтү 1, 2, 3 сутканы түзөт.
17. Балык уулоо билеттери жана балык уулоо карточкалары менен кармалган ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо объекттери жеке керектөө үчүн пайдаланылат.
18. Балык уулоо лицензиясынын жана балык уулоо карточкасынын бланктары типографиялык ыкмалар менен даярдалат, номерленет жана катуу отчеттуулук бланктары болуп саналат.
19. Ысык-Көл судагын, таштанды жана аз баалуу балык түрлөрүн кармоо илимий изилдөө максаттары үчүн адистештирилген илимий мекемелердин кызматкерлери тарабынан жыл бою жүргүзүлөт; балык чарба субъекттери тарабынан, Ысык-Көл мамлекеттик жаратылыш коругунун акваторияларын кошпогондо, Ысык-Көлдүн балык уулоочу участкаларында жырткыч, таштанды жана аз баалуу балык түрлөрүнүн санын кыскартуу боюнча балык өстүрүү жана мелиоративдик иш-чараларды жүргүзүү тартибине ылайык иштер жүргүзүлөт.
20. Акы төлөнүүчү балык уулоо белгиленген мамлекеттик суу объектилеринде ышкыбоздук жана спорттук акысыз балык уулоо укугу 1, 2, 3-топтогу майыптарга, башка мамлекеттердин аймагындагы согуштардын жана аскердик операциялардын катышуучуларына, тиешелүү күбөлүгү болгон Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюучуларына, 14 жашка чейинки өспүрүмдөргө чоң адамдын коштоосунда балык кармоого суткалык балык кармоонун чегинен ашпаган чектерде 2,5 кг ашык эмес өлчөмдө уруксат берилет.
4-глава. Спорттук балык уулоо боюнча мелдештерди уюштуруу
21. Балык уулоо боюнча спорттук мелдештерди уюштурууну балык чарба көлмөсүнө же балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга ыйгарылган пайдалануучу ишке ашырат, ал мелдештин башкы судьясын дайындоого укуктуу, судья өз кезегинде өзү судьянын жардамчыларын тандап алат.
22. Жеке жана/же командалык биринчилик үчүн мелдештер бир же эки күндүн ичинде “кармоо жана бошотуу” принциби боюнча өткөрүлөт, күнүнө бир раунд менен, ар бир раунддун узактыгы уюштуруучу тарабынан аныкталат.
23. Мелдешке 14 жаштан жогорку эркектер жана аялдар катыша алат.
24. Спортчулардын негизги жабдуулары болуп: кайырмак, катушкалар, жиптер, илгичтер, жасалма жемдер, тирүү жем, тор, мелдеш аяктаганга чейин кармалган балыктарды чогултуу жана садок эсптелет.
25. Спорттук балык уулоонун түрлөрү:
– түбүндо жана поплавок менен уулоо;
– “нахлыст” менен уулоо;
– спиниг;
– суу түбүндөгү балык уулоо.
26. Аба ырайынын ыңгайсыз шарттарында же башка күтүүсүз жагдайларда мелдеш башкы судьянын чечими менен токтотулушу мүмкүн.
27. Аба ырайы же башка жагымсыз жагдайлар мелдешти улантууга мүмкүндүк бербесе, анын узактыгы белгиленген убакыттын жарымынан азын түзсө, тур өтпөй калды деп эсептелет.
28. Балыктын уруксат берилген түрлөрүн жана өлчөмүн гана кармоого болот. Спортчулар кармаган балыктарды мүмкүн болушунча сууга чөктүрүлгөн садокто сактоого милдеттүү. Садоктун тору табигый же жасалма жиптен болушу керек. Металл садокторду колдонууга тыюу салынат.
29. Мелдештин бардык катышуучулары мелдештин эрежелерин жана ушул Жобону сактоого тийиш.
30. Мелдештин катышуучуларын электр чубалгыларынан, трансформаторлордон, жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларынын мамыларынан жана башкалардан 50 метрден аз аралыкта жайгаштырууга, ошондой эле күн күркүрөгөн учурда мелдештерди өткөрүүгө тыюу салынат.
5-глава. Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону жүзөгө ашыруудагы чектөөлөр жана тыюу салуулар
31. Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоого тыюу салынат:
1) төмөнкү жоголуп бара жаткан жана баалуу балык түрлөрүн: ысык-көл жылаңач османы, ысык-көл маринкасы, щуковидный сымал жерех (лысач), түркстан усачы, түркстан сому, чүй остролучкасы, арал усачы, сига (Соң-Көлдө көлүндө жана Орто-Токой суу сактагычында кышкы муз катмарынын астындагы сигадан башкасы), пелядь;
2) балык кармоонун төмөнкү шаймандары жана ыкмаларына:
– балык уулоо шайманы: жупташкан спиннинг же перетяга, бардык типтеги тор, шакекчелер, спутниктер, терең блесна, жарыдыргыч жана уулуу заттарды колдонуу: электр тогун, тешип өтүүчү балык уулоочу куралдарды, ок атуучу куралдарды жана пневматикалык куралдарды;
– ыкмалар: илмектерди колдонуу же илмек менен балык уулоо, юардык конструкциядагы капкандарды, мордущкаларды торлорду, кошумча торду (же узунунан кеткен торду), тосмолорду колдонуу менен;
3) жерлерде:
– дарыялардын жана каналдардын оозунун алдында 100 метр аралыкта эки тараптын оозунан жана көлмөнүн түпкүрүнө, ошондой эле дарыянын же каналды жогору бойлой 150 метр аралыкта, плотиналардын, шлюздардын жана көпүрөлөрдүн алдында 150 метр аралыкта эки тарапка;
– Ысык-Көл көлүнө куйган Тоң, Аксай жана Ак-Терек дарыяларында, агым боюнча жогору жагынкөздөй дарыянын оозунан 10 чакырым аралыкта;
– суу астындагы магистралдык каналдарда жана мелиоративдик тутумдарда, ошондой эле шлюз каналдарында жана камераларда;
– балыктардын массалык топтолгон жерлеринде, балыктардын урук чачууга миграциялык жолдорунда жана урук таштоочу жайларда;
– аталган көлмөлөрдө ышкыбоздук балык кармоону ачууга илимий биологиялык негиздеме даярдалганга чейин жаңыдан пайда болгон суу сактагычтарда жана балык уулоо үчүн иштетилбеген табигый көлмөлөрдө;
– суу акваторияларынын аймактарында, садок курулмалары жайгашкан жерлерде;
– чарбалык балык өстүрүүнү, балык уулоону же балык запастарын көбөйтүүнү уюштуруу үчүн пайдалануучуларга бекитилип берилген көлмолодө жана балык уулоо учаскаларында.
Ысык-Көлдө:
– № 11 балык уулоо участогунда сүзүүчү кемелерден – 1-ноябрдан 31-декабрга чейин;
– № 15 жана 39 балык уулоо участокторунда – жыл бою;
4) урук чачуу мезгилинде:
Ысык-Көлдө:
– чебакты уулоо– 15-марттан 30-апрелге чейин;
– чебакты, линьди, лещти – 1-майдан 1-июлга чейин;
– сазанды, карпты – 15-майдан 15-июлга чейин;
– форелди (гегаркуни) 1-октябрдан 1-декабрга чейин.
Башка балык чарбалык көлмөлөрдө:
– щуканы, красноперканы, плотваны, чебакты, карасьты, окуньду, усачты, лещти, маринканы, линьди, судакты, сазанды, карпты, сомду, толстолобикти, амурду – 1-майдан 1-июнга чейин;
– дарыя османын – 15-июндан 15-июлга чейин;
– амударья (дарыя) форелин – 15-октябрдан 15-декабрга чейин.
5) Белгиленген өлчөмдөн аз:
– төмөнкү өлчөмдөрдөн кичине балыктарды кармоого (сантиметр менен): карасьты – 18, линьди – 18, лещт и – 20, чебакты – 17, сомду – 40, көл маринкасын – 25, дарыя маринкасын – 18, чебачокту – 10, дарыя османын – 15, красноперканы – 10, сазанды – 20, карпты – 20, плотваны – 12, щуканы – 20, амударья (дарыя) форелин – 20, судакты – өлчөмүн чектебестен (балыктын минималдуу өлчөмү тумшуктун чокусунан (оозу жабык болсо) орто нурларынан сүзгүч куйруктарынын түбүнө чейинки аралыкты өлчөө менен аныкталат);
– өлчөмү 10 сантиметрден аз (көзүнүн сызыгынан куйрук пластинкаларынын учуна чейин) ракты кармоо, рактардын ургаачы-икрянкаларын кармоо жана рактарды сууруп же тешиктеринен кууп чыгаруу, ошондой эле дары жана химиялык препараттардын негизиндеги жемдерди колдонуу;
6) сутканын караңгы убагында (саат 22:00дөн 5:00гө чейин) сүзүүчү каражаттардан;
7) катталбаган сүзүүчү каражаттардан, ошондой эле корпусунда так каптал номери жок кайыктардан;
8) балык уулоо документтери жок (билеттери, уруксаты жана балык уулоо карточкалары), ошондой эле мөөнөтү өтүп кеткен жана жараксыз балык уулоо документтери менен;
9) көлмөдө же ага жакын жерде жардыруучу жана уулуу заттар, ошондой эле тыюу салынган балык уулоо куралдары менен болууга;
10) балыктын урук чачуу мезгилинде көлмөнүн урук таштоочу учаскаларында моторлуу кемелерди пайдаланууга.
32. Суу акваториясынын булганышын болтурбоо жана балык чарбалык суу объекттеринде балыктардын жана башка суу биологиялык ресурстарынын жашоо чөйрөсүн жана биомассасын сактоо максатында төмөндөгүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салынат:
1) суу сактагычтарда жана жээкте суу жээгинен 30 метрден жакыныраак жерде транспорт каражаттарын жууга, ошондой эле көлмөлөрдө жана алардын жээктеринде көлмөлөрдүн гидрохимиялык режимине терс таасирин тийгизүүчү иштерди жүргүзүүгө;
2) максималдуу жол берилген концентрациялары (ЧЖК) белгиленбеген заттарды камтыган саркынды сууларды агызууга;
3) жугуштуу ооруларды пайда кылуучу козгогучтарды, ошондой эле концентрациясы жол берилген эң жогорку концентрациядан жана алардын фонддук маанилеринен ашкан заттарды камтыган саркынды сууларды агызууга;
4) өнөр жай ишканаларынын жана калктуу конуштардын аймактарынан агылган, мунай продуктуларын камтыган максималдуу жол берилген концентрацияга чейин тазаланбаган саркынды сууларды, тазаланбаган саркынды сууларды, агынды сууларды, балласт сууларын жана башка зыяндуу заттарды сүзүүчү суу транспорттук кемелерден агызууга;
5) балыктын баалуу чектелген түрлөрүнүн урук чачуу жана көбөйүү жерлери болуп саналган дарыялардын нугунан таш жана шагыл таштарды чогултууга;
6) балык запастарын коргоо, курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук боюнча органдардын автотранспорт каражаттарын кошпогондо, балык чарба көлмөлөрүнүн муздарына автотранспорт каражаттарынын киришине;
7) балыктардын миграциялык жолдору катары кызмат кылган урук таштоочу жайлардын, азыктандыруучу жайлардын, кыштоочу чуңкурлардын жана суу сактагычтардын аймактарында жардыруу, тереңдетүү, түбүн тазалоо иштерин жүргүзүүгө жана топурак төгүүгө;
8) ушул Эрежелерде каралбаган жаңы шаймандарды жана балык уулоо ыкмаларын колдонууга;
9) мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу жок балык чарба көлмөлөрүнүн жээк коргоочу тилкесинде курулуш жана чарбалык иштерди жүргүзүүгө.
6-глава. Өнөр жайлык балык уулоону уюштуруунун тартиби
33. Балык чарбалык көлмөлөрдө жана/же көлмөлөрдүң суу балык уулоо участокторунда өнөр жайлык балык уулоо илимий уюмдар тарабынан аныкталган лимиттерге жана балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, балык чарба субъектилери тарабынан конкурстук негизде бекитилген квоталарга ылайык жүзөгө ашырылат.
34. Суу биологиялык ресурстарын өнөр жайлык балык уулоо үчүн пайдалануу укугу белгиленген чектерде, аларды кармап алуу үчүн квоталардын (нормалардын) чегинде төмөнкүлөрдүн негизинде берилет:
1) балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен бир жылдык мөөнөткө түзүлгөн келишимдин;
2) балык уулоо жана өнөр жайлык документтердин;
3) жыл сайын балыктандырууга катышуунун.
35. Өнөр жайлык балык уулоо максатында белгиленген тартипте айрым көлмөлөр жана/же балык уулоо участоктору бекитилип берилген балык өнөр жайынын субъекттери (мындан ары – балык чарба субъекттери) балык түрлөрү, көлмөлөр жана балык уулоо участоктору боюнча кармалган балыктардын эсебин жүргүзөт.
36. Балык уулоо ишин жүргүзүү үчүн балык чарба субъекттери туруктуу же убактылуу (сезондук) балык кармоочу бригадаларды түзүшөт жана буйруктар менен балык жыйноону, балык чарбасында алынган балыктарды кабыл алууну, эсепке алууну жана сактоону уюштуруу үчүн жооптуу адамдарды дайындашат.
37. Балыкчыларды балык кармоо мезгилинде балык кармоо иштерине тартуу аларды балык уулоо субъектинин штаттык бирдигине киргизүү жолу менен, түзүлгөн эмгек келишимдеринин же макулдашуулардын шарттары боюнча эмгек акысын төлөө менен ишке ашырылат.
38. Жалданма балыкчылар менен эмгек келишимдерин (макулдашууларды) түзүүдө алардын эмгек аксынын натуралай төлөөнүн негизинде – кармалган өнөр жайлык балыктар менен төлөм жүргүзүүгө тыюу салынат.
39. Балыкчылардын балык уулоочу субъекттер тарабынан берилген тизмелер боюнча ар бир балыкчыга өзүнчө берилген, алардын инсандыгын күбөлөндүргөн балык уулоо билеттери болгондо балык уулоонун өнөр жайлык түрлөрүн кармоо боюнча иштерге катышуусуна жол берилет.
40. Өнөр жайлык балык уулоо объекттерин кармоодо балык чарба субъекттери жана балык кармоо бригадаларынын балыкчылары ушул Жобонун талаптарын сактоого жана көлмөлөрдүн балык кармоо участкаларында кармалган балыктын жана өнөр жайлык балык уулоонун башка объекттеринин сакталышын камсыз кылууга жана анын бузулушуна жана өнөр жайлык кармоолордун уурдалышына жол бербөөгө милдеттүү.
41. Ар бир өзүнчө балык уулоо пункту үчүн балык пунктунун улук кызматкер дайындалат, ал балыкчылар тарабынан кармалган чарбалык балык уулоо объектилерин эсепке алуу жана сактоо үчүн жооптуу жана балыкчылардан кабыл алынган балыктарды күн сайын кабыл алууну, өз убагында таразага тартууну жана эсепке алууну камсыз кылууга милдеттүү.
42. Балык уулоо журналы ар бир өзүнчө балык уулоо станциясында жүргүзүлүүгө, балык уулоо станциясынын улук кызматкеринде болууга жана өнөр жайлык балык уулоо жерлерде дайыма сакталууга тийиш.
43. Өнөр жайында кармалган балыктарды таразага тартуу үчүн балык чарба субъекттерине бекитилген бардык балык уулоо пункттарында ишке жарамдуу таразалар болууга жана аны менен камсыздалууга тийиш.
44. Балык уулоочу бригаданын балыкчыларынын өнор жайында алынган бардык балыктары токтоосуз түрдө балыкчылардан кабыл алылуучу пункттун улук кызматчысына тапшырылууга тийиш, ал кабыл алынган балыктарды балык уулоо журналына катташы керек.
45. Балык уулоо пунктунда балык уулоо журналдарында жана өнөр жайлык билеттерде белгиленген тартипте катталбаган өнөр жайлык балык уулоо объекттери табылган учурда ал мыйзамсыз кармалган деп таанылат жана белгиленген тартипте алып коюлат, мында алып коюлган объекттер балык чарба субъекттери үчүн белгиленген балык кармоо лимитинин (квотасынын) эсебине киргизилет.
46. Бекитип берилген балык кармоо участкаларында балык кармоо үчүн пайдаланылуучу балык уулоонун бардык тор куралдары балык чарба субъектинин аталышын, бул торлорду тейлеген балыкчылардын фамилияларын жана ячейкалардын өлчөмүн көрсөтүү менен белгиленген тартипте биркаланууга (маркаланууга) тийиш.
47. Өнөр жайлык балык уулоо үчүн суу биологиялык ресурстарына жана алардын жашоо чөйрөсүнө зыян келтирбеген уруксат берилген торлорду гана колдонууга болот.
48. Өнөр жайлык балык уулоо менен алектенүүгө уруксат берилген балык чарба субъекттери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ар бир балык уулоо пунктунда балык уулоо журналын туруктуу жүргүзүүнү камсыз кылууга жана бекитип берилген көлмөлөрдө жана балык уулоо участокторунда кармалган бардык балыктарды жана өнөр жайлык балык уулоонун башка объекттерин анда өз убагында каттоого;
2) өнөр жайлык балык уулоонун айрым объекттери жана көлмөлөр (участоктор) боюнча белгиленген лимиттерден (квоталардан)ашпоого;
3) ар бир өзүнчө балык кармоочу бригада жана ар бир балыкчы үчүн балыктын түрлөрү жана көлмөлөр (квоталар) боюнча кармоонун көлөмүн көрсөтүү менен аларга бөлүнгөн лимиттердин (квоталардын) чегинде өзүнчө тапшырмаларды белгилөөгө;
4) ар бир балык уулоо пунктунда өнө жайынан кармалган балыктарды таразага тартуу жана эсепке алуу үчүн жарактуу таразаларга жана өнөр жайынан бошотулган балыктарды өткөрүп берүү-кабыл алуу квитанцияларына же алардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүнө ээ болууга;
5) балык уулоочу субъекттин менчигин аныктоо үчүн балык уулоо куралдарын макалоого;
6) балык уулоочу жайларды, ошондой эле атайын бөлүнгөн көлмөлөрдү жана балык уулоо куралдарын алып чыгуучу жайларда көлмөлөрдүн суу жээк тилкелерин талаптагыдай санитардык шарттарда кармоого;
7) бекитип берилген көлмөлөрдө же алардын айрым участокторунда балык запастарын көбөйтүүнү жана балык суу-мелиоративдик иш-чараларды жүзөгө ашырууга;;
8) балык коргоо кызматкерлерине балыкты жана өнөр жайлык балык уулоонун башка түрлөрүнүн кармалышын өнөр жайдын райондору боюнча мүнөздөгөн маалыматтарды жана маалыматтарды берүүгө;
9) кармалган балыктын тарапка агып кетишине жол бербөөгө, кармалган жеринде балыкты сатууга, ошондой эле өнөр жайлык кармалган балык менен башка мыйзамсыз иштерди (алмашуу, белекке берүү жана күрөөгө коюу) жасабоого;
10) бөлүнгөн лимит мөөнөтүнөн мурда жана толук өздөштүрүлгөн учурларда балык уулоону токтоосуз токтотууга, балык уулоочу шаймандардын бардыгын өнөр жайдан чыгарууга жана балык уулоо жана эсепке алуу документтерин алар алган жерге берүүгө;
11) балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга кармалган балыктын көлөмү жана балык запастарын көбөйтүү жөнүндө белгиленген отчетторду тез арада берүүгө;
12) балык чарба кызматкерлерин балык кармоочу жайларга, кампаларга, базаларга жана башка жерлерге балык уулоо каражаттарын жана ыкмаларын, балык кармоо документтерин жана өнөр жайлык кармалган балыктарды текшерүү үчүн тоскоолдуксуз кирүүгө уруксат берүүгө;
13) өнөр жайлык балык уулоону жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча балыкчыларына окутуунун бардык түрлөрүн системалуу түрдө жүргүзүүгө.
Өнөр жайылк балык уулоочу бригадалардын балыкчылары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өзүнүн жанында тийиштүү түрдө таризделген белгиленген формадагы балык уулоо билеттерин алып жүрүүгө жана балык коргоо органдарынын кызматкерлеринин биринчи талабы боюнча көргөзүүгө;
2) балык уулоо учаскасында балык кармоонун белгиленген тартибин сактоого;
3) суу сактагычтардын акваториясында балык уулоо үчүн пайдаланылуучу өнөр жацйлык балык уулоочу шаймандарды орнотуу жерлерин атайын буйкалар менен белгилөө;
4) өнөр жайда кармалган бардык балыктарды жеке балык уулоо билеттерине токтоосуз түрдө каттатууга жана аны дароо балыкчылар кармаган балыктарды кабыл алууга жана эсепке алууга жооптуу балык уулоо станциясынын улук кызматкерине берүүгө;
5) балык уулоочу куралдардан кармалган балыктарды өз убагында алып кетүүнү, алардын бузулушуна жана чирип кетишине жол бербөөнү камсыз кылууга.
49. Балык уулоо журналына кирбеген жана лимиттери белгиленген суу биоресурстарынчегинде балык чарба объектилеринин бардык кармоолорунун жалпы салмагынын 8 %дан ашпаган өлчөмдө кошумча кармоого лимиттин (квота) уруксат берилет.
50. Балык уулоо мезгили аяктагандан кийин жана балыктарды жана өнөр жайлык балык уулоонун башка объекттерин өнөр жайлык кармоо үчүн балык уулоо документтеринин мөөнөтү аяктагандан соң балык уулоочу субъекттер суу сактагычтан бардык балык уулоо куралдарын алып чыгууга жана аларды чакан кемелер менен бирге суу сактагычтардан жана балык уулоо пункттарынан тышкары, аларды туруктуу сактоочу жайларга алып чыгууга милдеттүү.
51. Балык уулоо пункттарынан балык уулоочу объектилерди өлчөп, балык уулоо журналына каттагандан кийин гана алып кетүүгө жол берилет жана алынып жаткан балыктын датасы, түрү жана салмагы көрсөтүлгөн коштомо документтер (жол баракчалар) боюнча жүргүзүлөт.
52. Кыргыз Республикасынын аймагында өнөр жайлык балык уулоо объектилерин жүгүртүү ветеринардык-санитардык талаптарга жана ЕАЭБдин “Балыктын жана балык продуктуларынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентинин талаптарына ылайык ветеринардык (ар бир партия) жана товардык коштоочу документтер менен коштолууга тийиш.
7-глава. Өнөр жайлык балык уулоодо балык кармоону эсепке алуу тартиби
53. Кармалган балыктын жана башка суудагы биологиялык ресурстардын эсеби түздөн-түз балык кармоо пункттарында же балык кармоо жерлеринде жүргүзүлөт жана балык кармоону уюштурууга жооптуу адамдар, ошондой эле балык кармоо бригадаларынын балыкчылары тарабынан балык уулоо белеттеринде жыйынды балык уулоо журналдарында, балык уулоо билеттеринде чагылдырылат.
54. Балык уулоо журналы балык уулоо ишин жүргүзүүчү балык чарба субъекттеринин негизги эсепке алуу документи болуп саналат, мында балык уулоо мезгилинде балык уулоо бригадаларынын балыкчылары тарабынан кармалган балыктардын эсеби жүргүзүлөт, ал түздөн-түз балык уулоо пунктунда ушул балык уулоо участогунда кармалган балыктарды эсепке алуу жана кабыл алуу үчүн жооптуу адам тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш.
55. Балык уулоо журналы катуу отчеттуулуктун документи болуп саналат жана аны берген органдын мөөрү басылып, номерлениши, көктөлүшү жана мөөр басылышы керек.
56. Маалымат балык уулоо журналына балык уулоочу бригаданын балыкчылары тарабынан кармалган балык кармоо пунгкттарына келген күнү киргизилет.
57 Ар бир балыкчы балык уулоочу жайдан кармалган балыктын эсебин күн сайын жүргүзүүгө жана бардык кармаган балыгын балык уулоочу тордон алгандан кийин дароо өздүк балык уулоо билетине каттоого милдеттүү.
58. Балык чарба субъекттери балык чарбасында суу объектилери жана балык түрлөрү боюнча кармалган балыктардын көлөмүнүн эсебин жүргүзүшөт жана отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин ар бир ай сайын балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга белгиленген форма боюнча отчет беришет.
59. Ар бир балыкчы балык уулоочу жайдан кармалган балыктын эсебин күн сайын жүргүзүүгө жана балык уулоочу тордон алгандан кийин бардык балыкты дароо өзүнүн жеке балык уулоо билетине каттоого милдеттүү.
60. Балык уулоо билеттери аны берген органдын мөөрү менен басмылып, номерлениши жана көктөлүшү керек.
8-глава. Өнөр жайлык балык уулоо объектилери катары классификацияланган суу биоресурстарынын түрлөрүнүн тизмеси
61. Бардык балык чарба суу объектилериндеги өнөр жайлык балык уулоо объектилерине төмөнкүлөр: гегаркуни форели, ак сига, пелядь, ак толстолобик, ак амур, лещ, сазан, карп, судак, карась, маринка, рак, артемия, креветка жана башка рак сымалдуулар жана төмөнкү суудагы тоют объекттери: трубочник, мотыль, дафня, бокоплав жана башка биологиялык ресурстар кирет.
62. Мамлекеттик маанидеги балык чарба көлмөлөрүндөгү эндемикалык жана баалуу өнөр жайлык балык түрлөрүнүн тизмеси: Ысык-Көл көлү;
Көлдүн эндемикалары: ысык-көл жылаңач османы, ысык-көл маринка, ысык-көл чебагы, ысык-көл чебачогу, ысык-көл гольяны, ысык-көл пескари, ысык-көл губачы.
Кызыл китепке кирген түрлөрү: ысык-көл жылаңач османы, ысык-көл маринкасы.
Баалуу чарбалык балык түрлөрү: гегаркуни форели , кадимки сига, крап-сазан, ысык-көл чабагы, , судак, лещ.
Аз баалуу балык түрлөрү: тибет голеци, боз голеци, ысык-көл гольяны, пескарь, карась, элеотрис, тибетский голец, гольян;
Соң-Көл көлү:
Баалуу чарбалык балык түрлөрү: сиг, пелядь.
Аз баалуу балык түрлөрү: тибет голеци, гольян.
Токтогул суу сактагычы:
Кызыл китепке кирген балык түрлөрү: щука сымал жерех (лысач), түркистан сому.
Балуу товардык балык түрлөрү: гегаркуни форели (ысык-көл форели), кубулжума форель, кадимки сига, кадимки маринка, ак толстолобик, ак амур, карп-сазан.
Аз баалуу балык түрлөрү: боз голец, тибет голеци, Кушакевич голеци, элеотрис, карась, амур чебачогу, таргыл быстрянка.
Орто-Токой суу сактагычы
Баалуу товардык балык түрлөрү: сига, гегаркуни форели, кубулжума форели, кадимки маринка.
Аз баалуу балык түрлөрү: голец, карась, амурский чебачек, элеотрис, быстрянка.
9-глава. Өнөр жайлык балык уулоодогу чектөөлөр жана тыюулар
63. Өнөр жайлык балык уулоо объекттерин кармоодо төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) суу объектилеринин ихтиофаунасына терс таасирин тийгизүүчү түйүндүү токуусуз монофиламенттүү торлорду жана оордук катары коргошунду колдонууга;
2) мыйзамсыз балык уулоодон балык продукцияларын сатуу;
3) астып алуунун мыйзамдуулугун ырастоочу документтери жана ветеринардык коштоочу документтери жок балыкты жана башка балык уулоо объекттерин сатууга;
4) балык субъекттеринде балык уулоо журналдары жана өнөр жайлык билеттери жок болгон учурда балыкты жана өнөр жайлык балык уулоонун башка объекттерин кармоону жүргүзүүгө;
5) жараксыз же каттоодон өтпөгөн чакан кемелерди, ошондой эле каптал номурлары корпусунда так белгиленбеген кемелерди балык уулоого киргизүүгө;
6) балыктын жоголуп бара жаткан төмөнкү түрлөрүн кармоого: ысык-көл жылаңач османын, ысык-көл маринкасын, щука сымал жерехин (лысач), түркстан усачын, түркстан сомун, чүй сомигин, арал усачын;
7) 5-главанын 32-пунктунда көрсөтүлгөн тыюу салынган жерлерде жана тыюу салынган убакта;
8) садок конструкциялары 600 м радиуста (карп чарбалары) 1 километрге чейин (форель чарбалары) жайгашкан жерлерде;
9) айрым өнөр жайлык балык уулоо объектилери үчүн белгиленген лимиттерден (квоталардан) ашып кеткенде;
10) белгиленбеген балык уулоо куралдарын колдонууга;
11) стационардык балык уулоочу шаймандарын шахмат түрүндө орнотууга;
12) балык уулоо журналында катталган толук орнотулган учурдан тартып, жээкке алынганга чейин 24 сааттан ашуун жапкыч торлордун жана тузактардын болушуна.
64. Төмөнкү учурларда алынган өнөр жайлык балык уулоо объектилери мыйзамсыз балык уулоонун продукциясы катары таанылат:
1) өнөр жайлык балык уулоо документтери жок;
2) балык уулоо билеттери жана карталары жок;
3) тыюу салынган мөөнөттө, тыюу салынган куралдар жана ыкмалар менен, тыюу салынган жерлерде, тыюу салынган түрлөрдү карманда;
4) белгиленген лимиттерден (квоталардан) жана балык кармоо нормаларынан ашканда.
10-глава. Балык уулоо эрежелерин бузгандык үчүн жоопкерчилик
65. Балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул Эрежелерге ылайык белгиленген лимиттердин жана квоталардын чектеринде спорттук-ышкыбоздук жана өнөр жайлык балык уулоо жана суудагы биологиялык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик башкарууну жана жөнгө салууну жүзөгө ашырат.
66. Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган спорттук-ышкыбоздук жана өнөр жайлык балык уулоону жүзөгө ашырууда жаратылышты коргоо мыйзамдарынын жана ушул Эрежелердин талаптарынын сакталышына көзөмөл жүргүзөт.
67. Ыйгарым укуктуу органдардын өз ара аракеттенүүсү маалымат алмашуу, суудагы биологиялык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууну, көбөйтүүнү жана коргоону камсыз кылууга, ошондой эле биологиялык түрлөрдү жана суу экосистемасынын сапатын сактоого багытталган иш-аракеттерди макулдашуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
68. Ушул Эрежелерди бузган, суу объектилеринин булганышына жол берген жана суу биоресурстарына зыян келтирген адамдар, ошондой эле балык чарба субъекттери Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
69. Мыйзамсыз балык уулоо менен балык запастарына зыян келтирген жарандар жоопкерчиликке тартылганына карабастан, келтирилген зыяндын ордун өз ыктыяры менен же соттун чечими менен, зыянды эсептөө ыкмаларына жана төлөмдөрүнө ылайык калыбына келтиришет.
70. Көлмөлөрдө жана алардын жээктеринде катталган кайыктарды гана колдонууга жана сактоого уруксат берилет. Катталбаган кайыктарды көлмөлөрдө жана алардын жээктеринде пайдаланган жана сактаган адамдар балык уулоо эрежелерин бузгандар катары каралат.
71. Ушул Эрежелерди бузган жарандардан алардын жанында турган балык кармоочулук куралдары, кайыктар жана ышкыбоздук жана спорттук балык кармоочулук укугуна балык кармоочулук документтери (билеттер, жолдомолор жана балык кармоочулук карточкалар) алынып коюлат.
72. Алынган балык кармоо куралдары жана кайыктар балык коргоо органдарынын базаларында же башка жерлерде, аталган органдардын кароосу боюнча, бузуучулардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе чечилгенге чейин сакталат.
73. Балык уулоо шаймандары же кармалган балыктар менен көлмөдө же көлмөнүн жээгинде болуу балык уулоого барабар болуп эсептелет.