Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 12-мартындагы №13
«Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын 2025-жылдын 29-январындагы кезектеги V сессиясынын №11 «Үч-Терек айыл аймагында турак жайларга салык эсептөөдө базалык ставканы бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
Токтогул райондук мамлекеттик салык кызматынын 2025-жылдын 04-мартындагы чыгыш №01-04/83 сандуу катына ылайык, Үч-Терек айыл аймагындагы турак жайларга салык эсептөөдө базалык ставканы бекитүү боюнча Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын 2025-жылдын 29-январындагы кезектеги V сессиясынын №11 «Үч-Терек айыл аймагында турак жайларга салык эсептөөдө базалык ставканы бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизип, турак жайдын курулган курулуш материалдарынын түрүнө жана курулган жылына карабастан бир ставканы бекитип берүү жөнүндөгү Мамлекеттик салык кызматынын Токтогул району боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары М.Чыныбековдун сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 13-беренесинин 1, 2-пункттарына жана 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктуна таянып, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын 2025-жылдын 29-январындагы кезектеги V сессиясынын №11 «Үч-Терек айыл аймагында турак жайларга салык эсептөөдө базалык ставканы бекитүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2.Үч-Терек айыл аймагындагы турак жайларга салык эсептөөдө салыктын базалык ставкасы турак жайдын курулган курулуш материалдарынын түрүнө жана курулган жылына карабастан бир ставка менен 5 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
4. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
Г. Маленов
|