Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жыл 07-июну №9
Кыска мөөнөттүү тайпа ачуу жөнүндө
Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал айылындагы “Алтын-Бешик мектепке чейинки билим берүү уюму” мекемесинин жетекчиси М.Эшикулованын 06.06.2024-жылдагы №01/14/16/2 чыгыш сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал айылындагы Алтын-Бешик мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин бош турган бөлмөсүнө ата-энелердин талабы менен электрондук кезекте турган балдардын саны көп болгондугуна байланыштуу “Билим берүүнүн негиздерин бекемдөө” долбоорунун негизинде үч сааттык мөөнөттүү тайпаларды ачууга макулдук берилсин.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги имаратка ачылган үч сааттык кыска мөөнөттүү тайпаларда эмгектенген тиешелүү кызматкерлердин эмгек акыларын бюджетке киргизүү жагы Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнө жүктөлсүн жана “Билим берүүнүн негиздерин бекемдөө” долбоорун ишке ашыруу үчүн тиешелүү иш кагаздарын көзөмөлдөө “Алтын-Бешик МЧББУ” мекемесинин жетекчисине милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий Kanysh-Kya.gov.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу “Алтын-Бешик МЧББУ” мекемесинин жетекчиси М.Эшикуловага тапшырылсын, көзөмөлдөө жагы Маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын жүктөлсүн.
Төрага: | М.Ш. Аликеев |