Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 18-декабрындагы № 13/II
““Жашыл Мурас” муниципалдык ишканасына атайын техника кран-манипулятор алуу жөнүндө” долбоорун жактыруу жөнүндө
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүң 2024-жылдын 09 декабрындагы №01-10/1191 2025-жылга даярдалган долбоорлорду жергиликтүү бюджеттин эсебинен кош каржылоо жөнүндө катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 3, 13, 33 жана 51-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 6 пунктуна, 34-беренесинин 1 пунктуна ылайык, Узун-Кыр айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында,
Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылга ““Жашыл Мурас” муниципалдык ишканасына атайын техника кран-манипулятор алуу жөнүндө” долбоору жактырылсын.
2. Айыл өкмөтүн башчысына Ысык-Ата аймактык финансы башкармалыгына долбоорду каржылоо өтүнүчү менен кайрылып, долбоордук- сметага ылайык 25 пайыз 1 300,0 миң сомду (бир миллион үч жүз миң) түзгөн төлөмдү жергиликтүү бюджеттин салымы катары каржылоого кепилдик берилсин.
3. Бул токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Т.А.Минбаев |