Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2025-жылдын 29-январындагы №3
« Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө»
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата жергиликтүү жана Республикалык бюджетин бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу К.Көкөевдин маалыматын угуп жана талкуулап, 2021-жылдын 20-октябры № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2пунктун негиздеп,Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү жергиликтүү салыктардан жана топтоонун көлөмү №1 тиркеменин негизинде, 2025-жылга карата 30млн 425миң 300сом, мунун ичинен 2млн. сом жайыт пайдалануучулардан, атайын каражаттан 3млн 210миң сом , теңдөө гранты-3млн. 722миң 900 сом жана жергиликтүү бюджет 21млн 492миң 400сом өлчөмүндө бекитилсин жана өз убагында жыйноону камсыздоо жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Омуркановго тапшырылсын.
2. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү №2 тиркеменин негизинде 2025-жылга карата 25млн 215миң 300сом өлчөмүндө бекитилсин. Эң биринчи кезекте эмгек акыга 16733,3миң сом, соц фондко чегерүүлөргө 2286,0 миң сом жана коммуналдык чыгымдарга 1000,0миң сом жумшалаары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин 24-беренесинин негизинде, жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1пайызга чейинки же болбосо 282,6миң сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
4. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебинде 2025-жылдын 01-январына карата калган калдык негизги каражаттан 7млн.365 миң 900 сом. Атайын каражаттан калган калдык 1390,3миң сомду түзүп, мунун ичинде аппараттын эсебинде 1027,4сом, ал эми балдар бакчасынын эсебинде ата-энелер төлөмүнөн 362,9сом калган. Көрсөтүлгөн акча каражаттары №3 тиркеменин негизинде жумшалаары белгиленсин.
5.Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин киреше бөлүгү №4 тиркеменин негизинде, Кара-Көл жайыт пайдалануучулардан 614миң 405 сом, жергиликтүү салыктардан топтоонун көлөмү 1млн.385миң 595сом, жалпы 2025-жылга карата жалпы 2000,0 сом өлчөмүндө бекитилсин жана өз убагында жыйноону камсыздоо жагы жайыт комитетине тапшырылсын.
6. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бюджетинин чыгаша бөлүгү №4 тиркеменин негизинде 2025-жылга карата 2млн. сом өлчөмүндө бекитилсин. Эң биринчи кезекте эмгек акыга- 633668 миң сом, соц. фондко чегерүүлөргө-14миң 257 сом, сапар чыгымга 40миң сом, ар кандай чыгымдарга 134миң 350 сом, канцелярдык товарларды сатып алууга 15миң сом, 6% бирдиктүү салыкка-120 миң сом жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга-1042миң 725сом жумшалаары белгиленсин.
7.Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2025-жылга карата аткарыла турган иш–чаралар планы №5 тиркемеге жана жайыт кызматкерлеринин эмгек акы тарификациясы, штат бирдиги №6 тиркемеге ылайык бекитилсин.
8. Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасына, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 40-беренесинин 6-бөлүгүнө, 41-беренесинин 2-бөлүгүнүн жана КР министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 13-январындагы №4 “ Коомдук башталышта иштеген жергиликтүү кеңештердин төрагаларына жана аларды алмаштырган учурда орун басарларына төлөнүп берилүүчү бир жолку компенсациянын өлчөмүн аныктоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ буйругунун негизинде, жергиликтүү бюджеттен компенсация төлөнүүсү белгиленсин.
9. Жогорудагы бекитилген жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
11. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
12. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: |
Г.Маленов |