Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-декабрындагы № 833 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө сунуштарды түзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө сунуштарды түзүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун кошпогондо, министрликтердин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Кыргыз Республикасынын атайын статусу бар мамлекеттик органдарынын (мындан ары - мамлекеттик органдар) муктаждыктары боюнча илимий-изилдөө иштерин (мындан ары - ИИИ) жүргүзүү аркылуу өлкөнүн экономикасынын тармактарын өнүктүрүү максатында иштелип чыккан.
2. Ушул Жобонун милдети мамлекеттик органдарда ИИИни жүргүзүү үчүн талаптарды иштеп чыгуу болуп саналат.
3. Мамлекеттик органдарда ИИИни жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүргүзүлөт, ошол эле учурда ИИИ жогоруда аталган Мыйзамды түшүнүүдө кызмат көрсөтүү катары каралат.
4. ИИИ мамлекеттик органдын негизги иши боюнча мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынган чечимдердин илимий негиздүүлүгүн иштеп чыгуу үчүн аткарылат.
5. Ушул Жобо мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлүүчү, мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан ИИИни жүргүзүүгө колдонулбайт. Ушул Жобо "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынуучу мамлекеттик заказ боюнча ИИИни түзүү тартибине да колдонулбайт.
2-глава. ИИИнин тематикаларына талаптар
6. Илимий иштин төмөнкүдөй түрлөрү боюнча ИИИ жүргүзүлөт:
1) илимий-инновациялык иш;
2) илимий жана илимий-техникалык иш;
3) илимий-маалыматтык иш;
4) тажрыйба-конструктордук иштер;
5) колдонмо илимий изилдөөлөр;
6) фундаменталдык илимий изилдөөлөр.
7. ИИИни жүргүзүүгө сунуштар төмөнкүдөй учурда берилиши мүмкүн, эгер алар:
1) мамлекеттик органдын стратегиялык милдеттерин чечүүгө багытталса;
2) жалпы мамлекеттик тармактык же тармактар аралык мүнөздө болсо;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына кирсе.
8. ИИИ төмөнкүдөй максаттарга жетүү үчүн жүргүзүлөт:
1) өндүрүштө жаңы техниканы, технологияларды жана материалдарды, продуктуларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өздөштүрүү, жогорку технологиялык өндүрүштөрдү ишке киргизүү;
2) инновациялык продуктуну алуу;
3) мамлекеттик программаларды жана милдеттерди иштеп чыгуу, чечүү;
4) илимий-техникалык платформа үчүн жаңы маалыматтарды алуу жана башкалар.
3-глава. ИИИни жүргүзүүгө сунуштарды түзүү тартиби
9. ИИИни жүргүзүүгө сунуштарды түзүү төмөнкүдөй этаптардан турат:
1) мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн ИИИни жүргүзүүгө сунуштарды топтоо;
2) коллегиялуу орган - илимий-техникалык кеңеш (мындан ары - ИТК) тарабынан сунуштарды кароо;
3) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ИИИни жүргүзүүгө кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча ишти уюштуруу.
10. Мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн ИИИни жүргүзүүгө сунуштарды топтоо мамлекеттик органдын ишинин алкагындагы актуалдуу маселелер боюнча жүргүзүлөт.
Сунуштар төмөнкүдөй документтерди тиркөө менен түзүлүүгө тийиш:
1) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык сатып алуу жөнүндө документтерди даярдоо үчүн баштапкы материалдар;
2) ИИИ концепциясы.
11. ИИИ концепциясы төмөнкүлөрдү чагылдырууга тийиш:
1) сунушталган иштин максаты жана милдеттери, актуалдуулугу, максатка ылайыктуулугу (улуттук жана/же мамлекеттик программаны же социалдык-экономикалык проблеманы көрсөтүү менен);
2) тиешелүү багыттын (проблеманын) өнүгүшүнүн дүйнөлүк тенденцияларынын абалын талдоо, сунушталган иштин жаңылыгын баалоо;
3) ИИИни аткаруу үчүн талап кылынган ресурстарды баалоо (конструктордук-технологиялык жана өндүрүштүк база боюнча ИИИ аткаруучулары үчүн талаптар);
4) ИИИден күтүүлөр, натыйжалардын болжолу, анын ичинде экологиялык, социалдык, долбоордун актуалдуулугун жоготуу тобокелдигинин болжолдору;
5) ИИИнин ишинин календардык планы;
6) уюштуруу маселелери жана ИИИни аткарууну финансылык жана ресурстук камсыз кылуу маселелери боюнча сунуштар.
12. ИТК түзүлгөн сунуштарды карайт жана 3 жуманын ичинде өзүнүн чечимдерин мамлекеттик органдын жетекчисинин кароосуна жиберет.
13. ИТКнын чечими төмөнкүлөрдү чагылдырууга тийиш:
1) мамлекеттик органдын каражаттарынын эсебинен ИИИни жүргүзүүнүн максатка ылайыктуулугун (мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын максаттарына, милдеттерине жана артыкчылыктарына шайкештигин);
2) ИИИнин оригиналдуулугу жөнүндө маалыматты;
3) улуттук жана/же мамлекеттик программаларга (стратегиялык документтерге) же социалдык-экономикалык проблемаларга шайкештиги жөнүндө маалыматты.
14. Мамлекеттик органдын жетекчиси ИИИнин тандалган темалары боюнча мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алат.
15. Тандалган темалар боюнча "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынган жол-жоболор жүргүзүлөт.
16. Тиешелүү жол-жоболор менен аныкталган юридикалык же жеке жак ИИИни аткаруучу болуп саналат.
17. Менчигинин түрүнө карабастан уюмдар ИИИнин аткаруучулары боло алат.
18. Аткаруучуда техникалык өзгөчөлүккө ылайык ИИИни аткаруу үчүн талап кылынган жабдуулар болууга тийиш. Кадрдык курамга жогорку кесиптик билими бар адистер кирүүгө тийиш, окумуштуулук даражанын болушу артыкчылык болуп саналат.
19. Аткаруучулар ИИИни жүргүзүүгө илимий, илимий-техникалык кызматкерлерди, адистерди, анын ичинде чет өлкөлүк адистерди Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык ишке тартышы мүмкүн.
20. Зарыл болгон учурда мамлекеттик орган аткаруучуну тиешелүү жабдуулар менен камсыз кыла алат.
21. Аткаруучу ИИИни аткаруу үчүн зарыл болгон жабдууларды, материалдарды жана башканы сатып алууга укуктуу.
22. Аткаруучу ар бир 6 айда жарым жылдык аралыктык отчетту, календардык жылдын жыйынтыгы боюнча - жылдык, ошондой эле ИИИ аяктаганда - жыйынтыктоочу отчетту берүүгө милдеттүү.
Отчеттор мамлекеттер аралык МАМСТ 7.32-2017 стандартына ылайык берилет.
23. ИИИнин алынган натыйжаларын баалоо ушул Жобонун 4-главасында көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык ИТК тарабынан жүргүзүлөт.
4-глава. ИИИнин натыйжалары
24. ИИИнин натыйжалары төмөнкүдөй болууга тийиш:
1) тиешелүү тармакта практикалык ишке ашырылууга;
2) өлчөө индикаторлоруна ээ болууга;
3) ишке ашыруу планынан жана зарыл болгон каржылоо сметасынан турууга;
4) атаандаштыкка жөндөмдүү болууга;
5) товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн импортун кыскартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга;
6) социалдык-экономикалык проблемаларды комплекстүү чечүүгө.
25. ИИИнин натыйжалары жөнүндө отчеттор төмөнкүдөй маалыматтарды камтуу менен берилет:
1) техникалык өзгөчөлүктө жана келишимдин шарттарында каралган илимий-техникалык документтердин комплектин;
2) МАМСТ 7.32-2017 ылайык илимий-изилдөө иши жөнүндө отчетту.
26. ИТК төмөнкүдөй критерийлер боюнча таблицага ылайык 10 баллдык шкала боюнча ИИИни жүргүзүү жөнүндө отчетту кабыл алат:
1) отчеттун мазмунунун билдирилген темага жана социалдык-экономикалык проблемалардын багыттарына шайкештиги;
2) отчеттун фундаменталдык, колдонмо илимдин жана техниканын өнүгүшүнүн заманбап деңгээлине шайкештиги;
3) дүйнөдөгү/өлкөдөгү окшош иштерден айырмасы;
4) отчеттун коюлган милдеттерге шайкештигин баалоо, ошондой эле ИТКнын сунушу боюнча башка пункттар.
27. ИТК жылдык жана жыйынтыктоочу отчетторду карайт. Канааттандырарлык корутунду болгондо жүргүзүлгөн иштин натыйжалары кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы менен кабыл алынат.
5-глава. ИИИни каржылоо
28. Мамлекеттик органдар билдирилген контролдук цифралардын алкагында борбордук аппараттардын каралган каражаттарынан бир пайыз өлчөмүндө ИИИни жүргүзүүгө бюджеттик каражаттарды бөлүп бериши мүмкүн.
Атайын каражаттар болгондо мамлекеттик органдар ИИИни жүргүзүүгө мамлекеттик органдардын борбордук аппараттарынын каралган атайын каражаттарынан бир пайыз өлчөмүндө каражаттарды да бөлүп бериши мүмкүн.
29. Ушул Жобону ишке ашырууга байланышкан чыгымдар ушул Жобонун 28-пункттун эске алуу менен тиешелүү жылдарга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.
30. Кезектеги жылга республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолунун долбоорлорун түзүүдө мамлекеттик органдар тиешелүү жылга контролдук цифралардын алкагында бир пайызды эске алуу менен тиешелүү органдарга ИИИни жүргүзүүгө сунуштарды жиберет.
31. Мамлекеттик органдарда жүргүзүлүүчү ИИИ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен каржыланышы мүмкүн.
6-глава. Корутунду жоболор
32. ИИИнин натыйжалары тиешелүү маселелер боюнча мамлекеттик органдардын чечимдерин кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат.
33. ИИИ коюлган максаттарга толук жетүү үчүн зарыл болгон мезгилде, бирок мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору жарыяланган күндөн тартып 3 жылдан ашпаган мезгилде жүргүзүлөт.
34. ИИИ этап-этабы менен ишке ашырылышы мүмкүн. Этаптарга бөлүнгөн учурда, ар бир этап үчүн өзүнүн аткаруучулары аныкталышы мүмкүн.
35. Мамлекеттик органдар ИИИни жүргүзүү боюнча иштин натыйжалары жөнүндө маалыматты жыл сайын борбордук тармактык мамлекеттик органга, ошондой эле мамлекеттик органдарда жүргүзүлгөн ИИИ реестрине киргизүү үчүн илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик органга берет.
36. ИИИни аткаруунун жүрүшүндө алынган интеллектуалдык иштин натыйжалары мамлекеттин менчиги болуп саналат. Укуктук корголууга тийиш болгон интеллектуалдык иштин натыйжалары Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте катталат.
37. Аткаруучулар логикалык аяктоого чейин жеткирилген ИИИнин бардык натыйжаларын толук көлөмдө мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү.
38. Аткаруучунун мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү уруксатысыз ИИИни ишке ашырууда алынган илимий натыйжаларды жарыялоого укугу жок.
39. Ушул Жобо "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына каршы болгон учурда жогоруда аталган Мыйзамдын ченемдери колдонулат.
|
| Таблица |
ИИИ отчетторун баалоо шкаласы
Балл | Отчеттун мазмунунун билдирилген темага жана социалдык-экономикалык проблемалардын багыттарына шайкештиги | Отчеттун фундаменталдык, колдонмо илимдин жана техниканын өнүгүшүнүн заманбап деңгээлине шайкештиги | Дүйнөдөгү/өлкөдөгү окшош иштерден айырмасы | Отчеттун коюлган милдеттерге шайкештигин баалоо | Башка критерийлер (ИТКнын сунушу боюнча) |
0 | Билдирилген темага шайкеш келбейт | Заманбап деңгээлге тиешеси жок | Жаңылыктын толугу менен жоктугу | Милдеттер чагылдырылган эмес | Отчет критерийге толугу менен шайкеш келбейт |
1-2 | Байланыш формалдуу, өтө начар | Өтө эскирген маалыматтар | Иш белгилүү натыйжаларды кайталайт | Отчет милдеттерди дээрлик ачып бербейт | Шайкештиги өтө төмөн |
3-4 | Теманы жарым-жартылай, үстүртөн чагылдыруу | Заманбап жетишкендиктерге жарым-жартылай таянуу | Бир аз айырмачылык бар, жалпысынан кайталоо | Милдеттердин аткарылышы фрагментардуу | Жарым-жартылай, чектелген шайкештик |
5-6 | Жалпысынан темага шайкеш келет, бирок четтөөлөр бар | Заманбап ыкмалар чектөөлөр менен колдонулууда | Жаңылыктын элементтери бар, бирок аз | Милдеттер толук көлөмдө аткарылган жок | Шайкештиктин канааттандырарлык деңгээли |
7-8 | Негизинен темага жана проблемаларга шайкеш келет | Заманбап деңгээлге жакшы шайкештик, айрым боштуктар | Так айырмачылыктар жана жаңы элементтер | Милдеттер аткарылган, айрым кемчиликтер | Шайкештиктин жогорку деңгээли |
9 | Дээрлик толук шайкештик, сын-пикирлер аз | Заманбап деңгээлге толук шайкештик, майда кемчиликтер | Олуттуу айырмачылыктар, оригиналдуулук жакшы деңгээлде | Бардык милдеттер аткарылган, майда сын-пикирлер | Критерийге дээрлик толук шайкештик |
10 | Темага толук шайкештик, Социалдык-экономикалык проблемаларды толук камтуу | Илимдин жана техниканын заманбап жетишкендиктерине толук шайкештик | Жаңылыктын жана оригиналдуулуктун жогорку даражасы | Бардык милдеттер толук көлөмдө аткарылган | Критерийге толук шайкештик |