Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2025-жылдын 24-мартындагы №14
«Үч-Терек айыл өкмөтүндөгү участкалык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо жөнүндө»
«Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу участкалык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо максатында сунушталган курамды карап, бекитип берүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Омуркановдун 2025-жылдын 17-мартындагы чыгыш №67 сандуу сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Омуркановдун 2025-жылдын 17-мартындагы чыгыш №67 сандуу сунушу эске алынсын.
2. Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу №2245, №2246, №2247 жана №2248 шайлоо участкаларында шайлоо комиссияларынын резервдеринин курамы бекитилсин.
3. Бекитилген курамдын тизмесин Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүү жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы З.Кигаровага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
Г. Маленов
|