Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-декабрындагы № 833 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын илимий-техникалык кеңеши жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын илимий-техникалык кеңеши жөнүндө типтүү жобо (мындан ары - Типтүү жобо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун кошпогондо, министрликтердин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Кыргыз Республикасынын атайын статусу бар мамлекеттик органдарынын (мындан ары - мамлекеттик органдар) илимий-техникалык кеңешинин негизги милдеттерин, функцияларын, укуктарын, ишин уюштурууну, иш тартибин аныктайт.
2. Илимий-техникалык кеңеш (мындан ары - ИТК) - мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынган чечимдердин илимий негиздүүлүгү үчүн түзүлүүчү мамлекеттик органдын консультациялык-кеңеш берүүчү, эксперттик, коллегиялуу органы.
3. ИТК өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын чечимдерин, ошондой эле ушул Типтүү жобону жетекчиликке алат.
2-глава. ИТКнын негизги милдеттери жана функциялары
4. ИТКнын негизги милдеттери илим жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууда мамлекеттик органга көмөк көрсөтүү, ошондой эле тиешелүү тармакта илимий-изилдөө иштерин (мындан ары - ИИИ) жана долбоорлорду жүргүзүүнү координациялоо болуп саналат.
5. ИТКнын функциялары:
- мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарынын чегинде илимий-техникалык жана инновациялык саясатты түзүү жана ишке ашыруу, анын ичинде илимий ишти өнүктүрүүнүн мамлекеттик артыкчылыктары, механизмдери жана шарттары боюнча сунуштарды, ошондой эле илим чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;
- мамлекеттик органдын илимий жана илимий-техникалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын жана ИИИнин негизги багыттарын аныктоо;
- ИИИни жүргүзүүгө сунуштарды кароо, алардын аткарылышын контролдоо, иштеп чыгуулардын илимий-техникалык баалуулугун аныктоо, алардын илимий жана практикалык мааниси жөнүндө сунуштамаларды жана корутундуларды даярдоо;
- мамлекеттик органдын максаттуу жана илимий-техникалык программаларын кароо жана талдоо, аларды түзүү боюнча сунуштарды жана мамлекеттик каржылоо үчүн ИИИ боюнча сунуштамаларды даярдоо;
- эл аралык кызматташуунун алкагында ИИИ боюнча сунуштарды кароо жана иштеп чыгуу;
- мамлекеттик органдын ишин маалыматтык-аналитикалык коштоо жана илим, техника жана инновациялар маселелери боюнча бизнес-түзүмдөр, билим берүү, илимий уюмдар жана башка кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүү;
- илим системасындагы маалыматтык жана илимий-техникалык тейлөөнү камсыз кылууну контролдоо;
- ИИИни жүргүзүүгө таасир этүүчү илимий-экономикалык, ченемдик укуктук жана уюштуруучулук маселелерди кароо жана илимий иштин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн алдынкы илимий жана илимий-методикалык чечимдерди пайдалануу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;
- тиешелүү чөйрөдөгү жаңы жетишкендиктерди өндүрүштө колдонууга жана ишке киргизүүгө көмөк көрсөтүү;
- ИИИнин натыйжаларын баалоо.
6. ИТКнын ишинин негизги принциптери:
- ачык-айкындуулук;
- коллегиялуулук;
- чечимдердин илимий негиздүүлүгү;
- ачыктык;
- объективдүүлүк;
- эксперттердин көз карандысыздыгы;
- кеңештин мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги.
3-глава. ИТКнын укуктары жана милдеттери
7. ИТК өзүнүн милдеттерине ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
- ИТКнын функцияларына кирген маселелер боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- илимий, билим берүү жана башка уюмдардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен ИТКнын иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды суроого;
- өзүнүн ишине окумуштууларды жана адистерди, башка мамлекеттик органдын ИТК мүчөлөрүн тартууга;
- Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык мамлекеттик заказ боюнча каржылануучу ИИИнин жетекчилеринин билдирүүлөрүн жана отчетторун угууга;
- ИТКнын ишине тиешелүү маселелер боюнча убактылуу жумушчу топторду түзүүгө;
- илимий-техникалык кызматташуу жана илим жаатындагы мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча биргелешкен сунуштарды иштеп чыгуу максатында мамлекеттик органдардын, илимий, илимий-техникалык уюмдардын, жогорку окуу жайлардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен ИТКнын кеңейтилген жыйналыштарын өткөрүүгө;
- илим чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча сунуштамаларды киргизүүгө.
4-глава. ИТКны түзүү тартиби
8. ИТКнын курамы мамлекеттик орган тарабынан окумуштуулардын, тиешелүү тармактагы адистердин, илимий жана билим берүү уюмдарынын, мамлекеттик органдардын, өндүрүштүн жана бизнес-түзүмдөрдүн өкүлдөрүнөн түзүлөт. ИТКнын курамына өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да кириши мүмкүн.
9. ИТКнын курамына талапкерлер төмөнкүдөй критерийлерге шайкеш келүүгө тийиш:
- илимдин тиешелүү тармагында окумуштуулук даражасынын болушу;
- илимий чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы, анын ичинде илимий долбоорлорду башкаруу тажрыйбасы;
- рецензияланган илимий журналдарда публикацияларынын болушу жана эл аралык конференцияларга катышуусу;
- илимий мекемелердеги иш тажрыйбасы;
- илимий программаларды же долбоорлорду иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуусу.
Бул критерийлер мамлекеттик органдардын, өндүрүштүн жана бизнес-түзүмдөрдүн өкүлдөрү үчүн милдеттүү эмес.
10. ИТКнын курамына төмөнкүлөр кирет:
- төрага - мамлекеттик органдын жетекчиси;
- төраганын орун басары - мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары жана/же түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси;
- илимдин тиешелүү багыттарынын өкүлү болгон мүчөлөр;
- катчы (добуш берүү укугу жок).
11. ИТКнын курамы мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен 2 (эки) жылдык мөөнөткө бекитилет жана так сандагы добуш берүүчү мүчөлөрдөн турат.
5-глава. ИТКнын ишин уюштуруу
12. ИТК жыйналыштарды зарылдыгына жараша, бирок жылына эки жолудан кем эмес офлайн жана/же онлайн форматта өткөрөт.
ИТКда каралган маселелер көрсөтүүнү жана өндүрүштө түздөн-түз талкуулоону талап кылган учурларда ИТКнын көчмө жыйналыштары өткөрүлөт.
13. ИТКнын төрагасы:
- ИТКнын ишин жетектейт;
- ИТКнын жыйналыштарына төрагалык кылат;
- талаш-тартыштуу маселелерди талкуулоодо коллегиялуулукту камсыз кылат;
- ИТКнын жыйналыштарынын күн тартибин, өткөрүү датасын жана ордун аныктайт;
- ушул Типтүү жободо аныкталган милдеттердин аткарылышын камсыз кылат;
- ИТКнын чечимдеринин ишке ашырылышын жалпы контролдойт;
- ИТКнын документтерине кол коет;
- ИТКнын ишин жетектөө үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды аткарат.
14. ИТКнын төрагасынын орун басары:
- ИТКнын төрагасы жок болгон учурда ИТКнын жыйналыштарына төрагалык кылат;
- ИТКнын жыйналыштарынын күн тартибин түзөт;
- айрым маселелерди чечүү үчүн ИТКнын жыйналыштарынын катышуучуларынын, баяндамачылардын, анын ичинде башка уюмдардан чакырылгандардын курамын аныктайт;
- ИТКнын чечимдеринин аткарылышын контролдойт;
- төрага менен макулдашуу боюнча ИТКнын иши жөнүндө отчетторду түзөт;
- ИТКнын мүчөлөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын сунуштарынын негизинде ИТКнын иш планын иштеп чыгат;
- ИТКнын мүчөлөрүнүн ишин координациялайт;
- ИТКнын документтерине кол коет;
- ИТКнын ишин жетектөө үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды аткарат.
15. ИТКнын катчысы:
- ИТКнын учурдагы ишин уюштурат;
- ИТКнын ишин маалыматтык жана уюштуруу-техникалык камсыз кылууну уюштурат;
- ИТКнын жыйналыштарынын протоколдорун тариздейт;
- ИТКнын чечимдерин аткаруу боюнча ишти жүргүзөт;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында ИТКнын документтерине кол коет;
- ИТКнын төрагасынын жана анын орун басарынын тапшырмаларынын аткарылышын уюштурат жана контролдойт.
16. ИТКнын мүчөлөрү:
- каралган маселелер жана материалдар, ИТКнын жыйналыштарынын протоколдору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды киргизет;
- тиешелүү чечимдерди кабыл алууну талап кылган илимий-техникалык жана экономикалык маселелерди ИТКнын талкуусуна коет;
- ИТКнын жыйналышына чейин каралган маселелер боюнча материалдар менен таанышат;
- баяндамалар менен чыгып сүйлөө аркылуу ИТКнын ишине активдүү катышат;
- ИТКнын документтерине кол коет;
- корутундулардын, чечимдердин долбоорлорун даярдоо үчүн сунуштарды киргизет.
17. ИТКнын кезектеги жыйналышында каралуучу маселелер боюнча материалдар кагаз же электрондук түрдө ИТКнын мүчөлөрүнө жана катышуучуларына жыйналыштын датасына чейин 3 күн эрте берилет.
18. ИТКнын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси ага катышкан учурда ИТКнын жыйналыштары мыйзамдуу болуп саналат. ИТКнын чечимдери ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат жана добуш берүү укугу бар жыйналышка катышкан 3/2ден (үчтөн/эки) кем эмес ИТКнын мүчөсү добуш берген учурда кабыл алынды деп эсептелет. ИТКнын мүчөлөрү онлайн форматта жыйналыштарга катышууга укуктуу.
19. Чечимди кабыл алууга каршы добуш берген ИТКнын мүчөлөрү ИТКнын чечимине "өзгөчө пикир" белгиси менен жазуу жүзүндөгү позициясын тиркейт.
20. ИТКнын чечимдери сунуштоочу мүнөзгө ээ жана протоколдор менен таризделет. ИТКнын жыйналыштарынын протоколу 5 жумуш күндөн кечиктирилбестен таризделет, ага ИТКнын төрагасы, төраганын орун басары, мүчөлөрү жана катчысы кол коет.
21. ИТКнын айрым чечимдери мамлекеттик органдын чечими менен бекитилет.
6-глава. Корутунду жоболор
22. ИТК кабыл алынган чечимдердин негиздүүлүгү үчүн жоопкерчилик тартат.
23. ИТКнын жыйналыштарынын протоколдорунун түп нускасы Кыргыз Республикасынын архив иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын ченемдерине ылайык мамлекеттик органда сакталат.
24. Ушул Типтүү жобонун негизинде мамлекеттик органдын ИТКсы жөнүндө жобо иштелип чыгышы мүмкүн.
25. ИТКнын иши мамлекеттик органдын чечимине ылайык токтотулат.