Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 17-январы № 12
Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-декабрындагы № 774 токтомунун редакциясына ылайык)
"Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-статьясына, "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-бөлүгүнө, "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-бөлүгүнө, "Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине, "Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 154 "Салттуу билимдерди каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө жана катталган салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелерин, Кыргыз Республикасынын Салттуу билимдеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы ", Кыргыз Республикасынын Салттуу билимдеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин" деген сөздөр алып салынсын;
2) 1-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын:
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-декабрындагы № 774 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 753 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пунктунун 3-пунктчасы;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 154 "Салттуу билимдерди каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө жана катталган салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелерин, Кыргыз Республикасынын Салттуу билимдеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пунктунун 3-пунктчасы.
4. Иш-чараларды каржылоо республикалык бюджетте интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 23-январындагы № 6 (3559) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндө жобого 16-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын салттуу билимдеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын салттуу билимдеринин мамлекеттик реестри (мындан ары - СБ мамреестри) салттуу билимдерди каттоо, салттуу билимдерди пайдалануу укугун берүү, катталган салттуу билимдерди пайдалануу укугун (мындан ары - күбөлүк), ошондой эле алардын укуктук статусун өзгөртүү жөнүндө маалыматтарды берүү үчүн арналган расмий документ болуп саналат.
2. СБ мамреестрине салттуу билим жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп салттуу билимди каттоо, катталган салттуу билимди пайдалануу укугун берүү жана аларды пайдалануу укугун каттоо жөнүндө чечим жана каттоо, жарыялоо жана күбөлүк берүү үчүн алымды төлөө эсептелет.
3. Салттуу билимди каттоодо жана аны пайдалануу укугун берүүдө СБ мамреестрине төмөнкү маалыматтар киргизилет:
1) салттуу билимди каттоо номери/салттуу билимди пайдалануу укугуна күбөлүктүн номери;
2) СБ мамреестринде салттуу билим катталган дата;
3) салттуу билимди пайдалануу укугуна күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү бүткөн дата;
4) салттуу билимди каттоого жана аны пайдалануу укугун берүүгө өтүнмөнүн же катталган салттуу билимди пайдалануу укугун берүүгө өтүнмөнүн номери;
5) салттуу билимди каттоого жана аны пайдалануу укугун берүүгө өтүнмө же катталган салттуу билимди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө берилген дата;
6) салттуу билимдин аталышы;
7) билдирилген салттуу билимдин сыпаттамасы;
8) күбөлүктүн ээси жөнүндө маалыматтар: юридикалык жактын толук аталышы, анын турган жери, жеке жактын аты-жөнү, анын жашаган жери;
9) өтүнмө ээсинин өкүлүнүн аты-жөнү;
10) кат алышуу үчүн дареги;
11) салттуу билимди каттоо жөнүндө маалыматтар жана күбөлүктү берүү жөнүндө маалыматтар жарыяланган дата.
2. Мамреестрге өзгөртүүлөрдү жана кошумча маалыматтарды киргизүү тартиби
4. СБ мамреестрин жүргүзүү процессинде ага төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана кошумча маалыматтар киргизилет:
- күбөлүктүн ээсинин аталышын же аты-жөнүн өзгөртүү жана/же анын жашаган жеринин (турган ордунун) дарегин өзгөртүү жөнүндө;
- күбөлүктүн колдонулушун токтотуу жөнүндө;
- күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө;
- катталган салттуу билимди пайдалануу келишими жөнүндө;
- ачык жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө;
- күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө.
1) Күбөлүктүн ээсинин аталышын же аты-жөнүн өзгөртүү жана/же анын жашаган жеринин (турган жеринин) дарегин өзгөртүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
Күбөлүктүн ээсинин аталышын же аты-жөнүн өзгөртүүлөр жана/же анын жашаган жеринин (турган жеринин) дарегин өзгөртүү жөнүндө маалыматтар күбөлүктүн ээсинин же болбосо анын укук улантуучусунун, өкүлүнүн Кыргызпатенттин почталык же электрондук дарегине берген арызынын негизинде СБ мамреестрине жана күбөлүккө киргизилет.
Арыз төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- күбөлүктүн номери;
- күбөлүктүн ээсинин мурунку жана жаңы толук аталышы же аты-жөнү жана жашаган жеринин (турган жеринин) дареги.
Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:
- белгиленген алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
- арыз өкүл аркылуу берилген учурда, күбөлүктүн ээси тарабынан өкүлгө берилген ишеним кат.
Кайра уюштурууга, укугун улантууга байланыштуу күбөлүктүн ээсинин аталышын өзгөртүү жөнүндө арызга бул өзгөртүүнү ырастоочу документ тиркелет.
Күбөлүктүн ээсинин турган жерин же жашаган жерин өзгөртүү жөнүндө арызга компетенттүү органдын (органдардын) күбөлүктүн ээсинин катталган салттуу билимге ылайык келген географиялык бул объектте жайгашкандыгын ырастоочу корутундусу тиркелет.
Документтер Кыргызпатентке келип түшкөн датадан тартып бир айдын ичинде каралат. Кароо процессинде күбөлүктүн ээсине (өкүлүнө) жетишпеген же тактоочу материалдарды берүү үчүн почталык же электрондук дарегине суроо-талап жөнөтүлүшү мүмкүн. Суроо-талап жөнөтүлгөн учурда документтерди кароонун мөөнөтү тиешелүү түрдө узартылат.
Документтерди кароонун натыйжасы оң болгон учурда Кыргызпатент:
- СБ мамреестрине жана күбөлүктүн кошумча барагына күбөлүк ээсинин жаңы аталышын же аты-жөнүн киргизет;
- киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө билдирүүнү жарыялоого жөнөтөт;
- арыз берген адамдын почталык же электрондук дарегине киргизилген өзгөртүүлөр менен күбөлүктүн кошумча барагын жөнөтөт.
2) Күбөлүктүн колдонулушун токтотуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
СБ мамреестрине күбөлүктүн колдонулушун токтотуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп Кыргызпатенттин буйругу саналат.
Кыргызпатент буйрук чыгарылган датадан тартып бир айдын ичинде:
- СБ мамреестрине тиешелүү маалыматтарды киргизет;
- Мамреестрге киргизилген маалыматтар жөнүндө билдирүүнү жарыялоого жөнөтөт.
СБ мамреестрине күбөлүктүн колдонулушун токтотуу жөнүндө маалыматтар төмөнкүдөй киргизилет:
- "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясында белгиленген күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин;
- күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу үчүн алым белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн учурда;
- күбөлүктүн ээси тарабынан Кыргызпатентке берилген арыздын негизинде.
3) Күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
Күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп күбөлүктүн ээсинин же анын укук улантуучусунун, өкүлүнүн күбөлүктүн жарактуулугунун акыркы жылынын ичинде берилген арызы саналат.
Күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү алым төлөнгөн шартта ар жолу он жылга узартылат. Күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу үчүн ээсинин өтүнүч каты боюнча ага кошумча алым төлөнгөн шартта күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин алты айлык мөөнөт берилиши мүмкүн.
Арыз төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- күбөлүктүн номери;
- күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү;
- күбөлүктүн ээсин көрсөтүү (юридикалык жактын аталышы же жеке жактын аты-жөнү);
- күбөлүктүн ээсинин дареги.
Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелүүгө тийиш:
- алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
- арыз өкүл аркылуу берилген учурда, күбөлүктүн ээсинин өкүлүнө берилген ишеним кат.
Документтер Кыргызпатентке келип түшкөн датадан тартып бир айдын ичинде каралат. Кароо процессинде күбөлүктүн ээсине (өкүлүнө) жетишпеген же тактоочу материалдарды берүү үчүн почталык же электрондук дарегине суроо-талап жөнөтүлүшү мүмкүн. Суроо-талап жөнөтүлгөн учурда документтерди кароонун мөөнөтү тиешелүү түрдө бир айга узартылат.
Документтерди кароонун натыйжасы оң болгон учурда Кыргызпатент:
- күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө күбөлүктүн кошумча барагын даярдайт;
- СБ мамреестрине күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү узартылганга чейинки датаны киргизет;
- күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө билдирүүнү жарыялоого жөнөтөт;
- арыз берген жактын почталык же электрондук дарегине күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалыматтарды камтыган күбөлүктүн кошумча барагын жөнөтөт.
Катталган салттуу билимдерди пайдалануу келишими жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
Катталган салттуу билимдерди пайдалануу келишими жөнүндө маалыматтарды Мамреестрге киргизүү үчүн негиз болуп Кыргызпатенттин келишимди каттоо жөнүндө чечими саналат.
Салттуу билимди пайдалануу келишимин каттоодо Кыргызпатент чечимди алган датадан тартып бир айдын ичинде:
- Мамреестрге жана күбөлүктүн кошумча барагына тиешелүү маалыматтарды киргизет;
- арыз берген адамга киргизилген маалыматтар менен күбөлүктүн кошумча барагын тапшырат же анын дарегине жөнөтөт.
Ошол эле учурда Мамреестрге жана күбөлүктүн кошумча барагына төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:
- салттуу билимдин ээси жөнүндө;
- пайдаланылуучу укуктардын көлөмү жөнүндө;
- Жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүү фондуна салттуу билимдерди пайдалануу үчүн төлөмдөрдү чегерүүлөр жөнүндө;
- келишимди каттоо жөнүндө чечим чыгарылган дата;
- келишимдин жарактуулук аймагы;
- келишимдин жарактуулук мөөнөтү.
Ачык жана техникалык каталарды оңдоолорду киргизүү.
Ачык жана техникалык каталарды оңдоо Кыргызпатент тарабынан СБ мамреестрине киргизилет. Ачык жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө маалымат жарыялоого жөнөтүлөт.
5. СБ мамреестринен көчүрмөнү берүү.
СБ мамреестринен көчүрмө күбөлүктүн ээси же өкүлү берген өтүнүч каттын негизинде берилет.
Өтүнүч кат юридикалык же жеке жак тарабынан мамлекеттик же расмий тилде берилет. Юридикалык жактан өтүнүч катка уюмдун жетекчиси же буга белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген башка адам аты-жөнүн, кызмат ордун көрсөтүү жана мөөр басуу менен кол коёт.
Жеке жактын өтүнүч каты - аты-жөнүн көрсөтүү менен (мөөр, эгер бар болсо).
Өтүнүч катта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- күбөлүктүн номери;
- РС мамреестринде катталган датасы;
- рационализатордук сунуштун аталышы.
- ээсинин аталышы.
Түздөн-түз берилген же почта аркылуу же электрондук түрдө келип түшкөн өтүнүч кат жана ага тиркелген документтер алар келип түшкөн датадан тартып он жумуш күндүн ичинде каралат.".