Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 17-январы № 12
Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-статьясына, "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-бөлүгүнө, "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-бөлүгүнө, "Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине, "Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 154 "Салттуу билимдерди каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө жана катталган салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелерин, Кыргыз Республикасынын Салттуу билимдеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы ", Кыргыз Республикасынын Салттуу билимдеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин" деген сөздөр алып салынсын;
2) 1-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын:
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбулада:
- "тейлөө белгилери" деген сөздөрдөн кийин ", географиялык көрсөтмөлөр" деген сөздөр менен толукталсын;
- ", "Электрондук эсептөө машиналары жана маалымат базалары үчүн программаларды укуктук коргоо жөнүндө" деген сөздөр алып салынсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндө жободо:
- 2-пунктта:
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"ИМОнун электрондук мамлекеттик реестри - бул ИМОну, ошондой эле алардын укуктук статусунун бардык өзгөрүүлөрүн каттоо үчүн арналган жалпыга жеткиликтүү маалыматтар базасы, анын жардамы менен Кыргыз Республикасында укуктук коргоо камсыздалат.";
6-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) Кыргыз Республикасынын товарлар чыгарылган жерлердин географиялык көрсөтмөлөрүнүн жана аталыштарынын мамлекеттик реестри;";
төмөнкүдөй мазмундагы 16-пунктча менен толукталсын:
"16) Кыргыз Республикасынын салттуу билимдеринин мамлекеттик реестри.
Өтүнмө ээсинин арызы боюнча электрондук коргоо документи берилиши мүмкүн (ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө, селекциялык жетишкендикке патент, товардык белгиге, тейлөө белгисине, жалпыга белгилүү товардык белгилерге, товар чыгарылган жердин географиялык көрсөтмөсүнө жана аталышына, автордук укук объектисине, чектеш укуктар объектисине, ЭЭМ үчүн программаларга, интегралдык микросхемалардын топологияларына, рационализатордук сунуштарга, салттуу билимдерге күбөлүк).
Патенттик ишенимдүү өкүлдүн арызы боюнча электрондук күбөлүк берилиши мүмкүн.";
төртүнчү абзацтагы "1-15-тиркемелерде" деген сөздөр "1-16-тиркемелерде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемесинде:
2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Патентти каттоо, жарыялоо жана берүү үчүн алым төлөгөндүгүн ырастоочу документ патент берүү жөнүндө чечим өтүнмө ээсине жөнөтүлгөн датадан тартып үч айдын ичинде же көрсөтүлгөн үч айлык мөөнөт өткөн күндөн тартып кошумча акы төлөнгөн шартта үч айдын ичинде берилет.";
6-пунктта:
төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- ачык лицензия берүү жөнүндө;";
тогузунчу, онунчу абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- патенттин, автордун күбөлүгүнүн дубликатын берүү жөнүндө;
- патенттин колдонулушун калыбына келтирүү жөнүндө;";
төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи-он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- патент алууга укукту өткөрүп берүү жөнүндө;
- патентти күчүндө кармап туруу жөнүндө;
- укуктарды мурастоо (мурас боюнча) тартибинде укукту өткөрүп берүү жөнүндө.";
1-пунктчада:
онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- өзгөртүүлөрдүн укуктуулугун ырастоочу документтин көчүрмөсү (мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү);";
жыйырманчы абзацтын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кароонун процессинде патент ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө же өкүлгө почталык же электрондук дарекке жетишпеген же тактоочу документтерге суроо-талап жөнөтүлүшү мүмкүн.";
жыйырма төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- патент ээсинин, патенттик ишенимдүү өкүлдүн же өкүлдүн почталык же электрондук дарегине киргизилген өзгөртүүлөр менен патентке кошумча баракты жөнөтөт.";
2-пунктчада:
биринчи-үчүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Патентти өткөрүп берүү жөнүндө катталган келишим, комплекстүү ишкердик лицензия же ойлоп табууну пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишим тууралуу маалыматтарды киргизүү.
Патентти өткөрүп берүү жөнүндө катталган келишим, комплекстүү ишкердик лицензия же ойлоп табууну пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишим тууралуу маалыматтарды ОТ мамреестрине киргизүү үчүн негиз болуп Кыргызпатенттин чечими эсептелет.
Патентти өткөрүп берүү жөнүндө келишимди, комплекстүү ишкердик лицензияны же ойлоп табууну пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди каттоодо реестрлер бөлүмү чечимди алган датадан баштап бир айдын ичинде:";
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- патент ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө же өкүлгө почталык же электрондук дарегине киргизилген маалыматтар менен патентке кошумча баракты жөнөтөт.";
он алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ачык лицензия берүү жөнүндө арыз боюнча:";
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- ачык лицензияны чакыртып алуу жөнүндө өтүнмө боюнча:
ачык лицензияны кайра чакыртып алуу жөнүндө маалымат жарыяланган датасы жана бюллетендин номери.
- комплекстүү ишкердик лицензиянын келишими (франчайзинг) боюнча:
лицензиат;
келишимди каттоо жөнүндө чечим чыгарылган дата.";
3-пунктчанын экинчи абзацындагы "31- жана 32-беренелери" деген сөздөр "38-беренеси" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-пунктчада:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Патенттин колдонулушун токтотуу жөнүндө маалыматтарды ОТ мамреестрине киргизүү үчүн негиз болуп (Мыйзамдын 39-беренеси) Кыргызпатенттин буйругу эсептелет.";
жетинчи абзацтагы "4-беренесине" деген сөздөр "9-беренесине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5-пунктчада:
экинчи, үчүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мыйзамдын 40-беренесине ылайык, эгерде ойлоп табууга патенттин жана өтүнмө ээсинин жоопкерчилигиндеги патенттин колдонулушу патентти күчүндө кармап туруу үчүн белгиленген мөөнөттө алым төлөнбөгөндүгүнүн натыйжасында токтотулган болсо жана патенттин колдонуу мөөнөтү өтө элек болсо, анда анын ээсинин өтүнмөсү боюнча мындай патенттин колдонулушу алым боюнча карыз жана өтүнмө берүү үчүн алым төлөгөн шартта калыбына келтирилиши мүмкүн.
Патенттин колдонулушун калыбына келтирүү жөнүндө өтүнмө Кыргызпатентке Мыйзамдын 9-беренесинде белгиленген патенттин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин, патентти колдонуунун ар бир өткөрүп жиберилген жылы үчүн алым жана ушундай өтүнмөнү берүү үчүн белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөн шартта берилет.";
бешинчи абзацтын экинчи сүйлөмүндөгү "башка" деген сөз алып салынсын;
онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Түздөн-түз берилген же почта аркылуу же электрондук түрдө келип түшкөн өтүнмө жана ага тиркелген документтер алар келип түшкөн датадан тартып он жумуш күндүн ичинде каралат.";
он жетинчи абзацтагы "дарегине" деген сөз "почталык же электрондук дарегине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7-пунктчанын экинчи абзацындагы биринчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Патенттин түпнускасы жоголгон же бузулган учурда, патент ээсинин, патенттик ишенимдүү өкүлдүн же өкүлдүн арызы боюнча Кыргызпатент тарабынан патенттин дубликаты берилиши мүмкүн.";
төмөнкүдөй мазмундагы 8, 9-пунктчалар менен толукталсын:
"8) Патентти күчүндө сактоо.
Мыйзамдын 9-беренесине ылайык патенттин колдонуу мөөнөтү алым төлөнгөн шартта сакталат.
9) Мурастоо (мурас боюнча, кайра уюштуруу тартибинде) тартибинде укуктун өткөрүп берилиши.
ОТ мамреестрине мурастоо тартибинде укукту өткөрүп берүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп патент ээсинин же анын мураскеринин, өкүлүнүн арызы саналат.
Арыз төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
- патенттин номерин;
- ОТ мамлекеттик реестринде катталган датасын;
- ойлоп табуунун аталышын;
- патент ээсинин аты-жөнүн же толук аталышын жана дарегин;
- патенттин жаңы ээсинин аты-жөнүн же толук аталышын жана дарегин.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- өзгөртүүлөрдүн укуктуулугун ырастаган документтин көчүрмөсү (мурастоого укук жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүк);
- белгиленген алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
- патент ээси патенттик ишенимдүү өкүлгө же өкүлгө берген ишеним кат.
Түздөн-түз берилген же почта аркылуу же электрондук түрдө берилген арыз жана ага тиркелген документтер келип түшкөн датасынан тартып он төрт жумуш күндүн ичинде каралат.";
төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7. ОТ мамреестринен көчүрмө берүү.
ОТ мамреестринен көчүрмө патент ээси, патенттик ишенимдүү өкүл же өкүл берген өтүнмөнүн негизинде берилет.
Өтүнмө юридикалык же жеке жак тарабынан мамлекеттик же расмий тилде берилет. Юридикалык жактан өтүнмөгө уюмдун жетекчиси же белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген башка жак тарабынан аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлүп кол коюлат жана мөөр басылат.
Жеке жактан өтүнмө - аты-жөнүн көрсөтүү менен (эгер бар болсо, мөөр).
Өтүнмөдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- патенттин номери;
- ОТ мамреестринде катталган датасы;
- ойлоп табуунун аталышы;
- ээсинин аталышы.
Түздөн-түз берген же почта аркылуу же электрондук түрдө берилген өтүнүч жана ага тиркелген документтер келип түшкөн датасынан тартып он жумуш күндүн ичинде каралат.";
- жогоруда аталган Жобонун 2-тиркемесинде:
5-пунктта:
онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- патенттин, автордун күбөлүгүнүн дубликатын берүү жөнүндө;";
төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи-он бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"- патентти колдонууну калыбына келтирүү жөнүндө;
- патентти алууга укукту өткөрүп берүү жөнүндө;
- патентти күчүндө кармап туруу жөнүндө;
- мурастоо тартибинде (мурас боюнча) укукту өткөрүп берүү жөнүндө;
- комплекстүү ишкердик лицензия жөнүндө.";
он биринчи абзацтагы "2-главасынын 6-пунктунун 1-7-пунктчаларында" деген сөздөр "5-пунктунда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6. ПМ мамреестринен көчүрмө берүү Кыргыз Республикасынын Ойлоп табууларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартибинин 7-пунктунда көрсөтүлгөн иш-аракеттерге окшош жүргүзүлөт.";
- жогоруда аталган Жобонун 3-тиркемесинде:
2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын:
5-пункттун төртүнчү абзацындагы "табигый тилдеги" деген сөздөр алып салынсын;
6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. ӨҮ мамреестрин жүргүзүү процессинде ага төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана кошумча маалыматтар киргизилет:
- патент ээсинин аталышын же аты-жөнүн өзгөртүү жөнүндө жана/же анын турган жеринин (жашаган жеринин) дарегинин өзгөрүшү жөнүндө;
- патентти өткөрүп берүү жөнүндө катталган келишим жөнүндө;
- өнөр жай үлгүсүн пайдаланууга укук берүү жөнүндө катталган лицензиялык келишим жөнүндө;
- өнөр жай үлгүсүн пайдаланууга укук берүү жөнүндө;
- патентти толугу менен же жарым-жартылай жараксыз деп таануу жөнүндө;
- патентти жарым-жартылай жараксыз деп таанууда өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин тизмегин өзгөртүү жөнүндө;
- патенттин колдонулушун токтотуу, жокко чыгаруу жөнүндө;
- ачык лицензияга укук берүү жөнүндө;
- айкын жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө;
- патенттин, автордун күбөлүгүнүн дубликатын берүү жөнүндө;
- патент алууга укугун өткөрүп берүү жөнүндө;
- патенттин күчүн узартуу жөнүндө;
- мурастоо тартибинде (мурас боюнча) укукту өткөрүп берүү жөнүндө;
- комплекстүү ишкердик лицензия жөнүндө.";
төмөнкүдөй мазмундагы 7, 8-пункттар менен толукталсын:
"7. Мыйзамдын 9-беренесине ылайык патенттин колдонуу мөөнөтү патент ээсинин өтүнмөсү боюнча алым төлөгөн шартта ар бир жолу 5 жылга узартылат. Өтүнмө мамлекеттик же расмий тилде берилет. Өтүнмөгө патент ээси, аларды дайындаган учурда патенттик ишенимдүү өкүл же башка өкүл кол коёт. Юридикалык жактын атынан өтүнмөгө уюмдун жетекчиси же белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген башка жак тарабынан анын аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлүп кол коюлат жана мөөр басылат.
Патентти колдонуу мөөнөтү өткөндөн кийин өтүнмө ээсинин өнөр жай үлгүсүнө патентти колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнмөсү боюнча кошумча алым төлөнгөн шартта ага алты айлык мөөнөт берилет.
ӨҮ мамреестрине кошумча маалыматтарды жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жана өнөр жай үлгүсүн каттоо жөнүндө патент берүү Кыргыз Республикасынын Ойлоп табууларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартибинин 6-пунктунун 1-7 жана 9-пунктчаларында көрсөтүлгөн иш-аракеттерге окшош жүргүзүлөт.
8. ӨҮ мамреестринен көчүрмө берүү Кыргыз Республикасынын Ойлоп табууларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартибинин 7-пунктунда көрсөтүлгөн иш-аракеттерге окшош жүргүзүлөт.";
- жогоруда аталган Жобонун 4-тиркемесинде:
2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Алымды төлөө мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген учурда, укук ээсине кошумча алымды төлөгөн шартта, ТБ мамреестринде товардык белгини каттоо үчүн алымды төлөөгө кошумча үч ай берилет.";
5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Жамааттык белгини каттоо "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 25-беренесине ылайык жүргүзүлөт. Жамааттык товардык белгилерге кошумча ТБ мамреестрине жана күбөлүккө жамааттык белгини пайдаланууга укугу бар юридикалык жактар жөнүндө маалыматтар, уставга шилтеме жана жамааттык белгини пайдаланууга укугу бар ишканалардын жана уюмдардын бардык жетекчилери кол койгон датасы киргизилет.";
6-пунктта:
экинчи абзацта "товардык белгинин аталышынын же ээсинин" деген сөздөр "укук ээсинин аталышынын же" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү, он төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- товардык белгиге укуктун укук улантуучулук тартибинде өтүшү жөнүндө (мурас боюнча, кайра уюштуруу тартибинде);
- комплекстүү ишкердик лицензиясы жөнүндө.";
1-пунктчада:
биринчи, экинчи, сегизинчи, он үчүнчү, он төртүнчү абзацтарда ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "товардык белгинин ээси" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "укук ээси" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жыйырманчы абзацтын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Карап чыгуу процессинде укук ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө, башка кызыкдар жакка почта, электрондук почта боюнча же байланыштын башка электрондук түрлөрү аркылуу жетишпеген же тактала турган материалдардын сурамы жиберилиши мүмкүн. Сурамды жиберүүдө документтерди карап чыгуу мөөнөтү тиешелүү түрдө узартылат.";
жыйырма экинчи абзацтагы "товардык белгинин ээсинин" деген сөздөр "укук ээсинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жыйырма төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- почта, электрондук почта боюнча же байланыштын башка электрондук түрлөрү аркылуу укук ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө же өзгөртүүлөр киргизилген күбөлүктүн кошумча барагын жиберет.";
2-пунктчада:
экинчи, жетинчи, сегизинчи, он экинчи абзацтарда түрдүү жөндөмөлөрдөгү "товардык белгинин ээси" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "укук ээси" деген сөздөргө алмаштырылсын;
он алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- почта, анын ичинде электрондук почта боюнча же байланыштын башка электрондук түрлөрү аркылуу укук ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө өзгөртүүлөр киргизилген күбөлүктүн кошумча барагын жиберет.";
3-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) Товардык белгиге өзгөчө укукту өткөрүп берүү (ажыратуу) жөнүндө катталган келишим, комплекстүү ишкердик лицензиясы же товардык белгини пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишим жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
ТБ мамреестрине товардык белгиге өзгөчө укукту өткөрүп берүү (ажыратуу), комплекстүү ишкердик лицензиясы же товардык белгини пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишим жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп Кыргызпатенттин чечими эсептелет.
Товардык белгиге өзгөчө укукту өткөрүп берүү (ажыратуу), комплекстүү ишкердик лицензиясы же товардык белгини пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди каттоодо реестрлер бөлүмү чечимди алган күндөн тартып бир айдын ичинде:
- ТБ мамреестрине жана күбөлүктүн кошумча барагына тиешелүү маалыматтарды киргизет;
- укук ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө маалыматтар киргизилген күбөлүктүн кошумча барагын почта, анын ичинде электрондук почта боюнча же коммуникациянын башка электрондук формалары аркылуу жиберет.
Ошол эле учурда ТБ мамреестрине жана күбөлүктүн кошумча барагына төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:
- өткөрүп берүү жөнүндө келишим боюнча: укук улантуучусу; келишимди каттоо жөнүндө чечим чыгарылган дата;
- товардык белгини пайдаланууга укук берүү жөнүндө келишим боюнча: лицензиат; берилүүчү укуктардын көлөмү; келишимди каттоо жөнүндө чечим чыгарылган дата;
- комплекстүү ишкердик лицензиясынын келишими боюнча: лицензиат; келишимди каттоо жөнүндө чечим чыгарылган дата.";
5-пунктчада:
жетинчи абзацта "4-беренесинде" деген сөздөр "9-беренесинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
сегизинчи абзацта "5-беренесинде" деген сөздөр "10-беренесинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
тогузунчу, он биринчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кайсы жак болбосун алым төлөө менен колдонула турган бардык мөөнөт ичинде товардык белгини каттоого каршы пикирин Апелляциялык кеңешке бере алат.";
6-пунктчада:
экинчи абзацта "26-беренеси" деген сөздөр "33-беренеси" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жетинчи абзацта "15-беренесинде" деген сөздөр "19-беренесинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
сегизинчи абзацта "19-беренесинин үчүнчү бөлүгүнө" деген сөздөр "25-беренесинин 4-пунктуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
тогузунчу абзацта "20-беренесинин бешинчи бөлүгүнө" деген сөздөр "26-берененин 4-пунктуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
онунчу абзацта "товардык белгинин ээсинин" деген сөздөр "укук ээсинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
он экинчи абзацта "ээсинин" деген сөз "укук ээсинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7-пунктчада:
экинчи, жетинчи, он экинчи абзацтарда ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "товардык белгинин ээси" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "укук ээси" деген сөздөргө алмаштырылсын;
он сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- почта, анын ичинде электрондук почта боюнча же байланыштын башка электрондук формалары аркылуу укук ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө товардык белгини каттоонун жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалыматтарды камтыган күбөлүккө кошумча баракты жиберет.";.
8-1-пунктчасында:
экинчи, сегизинчи абзацтарда "ээси" деген сөз "укук ээси" деген сөздөргө алмаштырылсын;
он экинчи, он алтынчы абзацтарда "товардык белгинин ээсине" деген сөздөр "укук ээсине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9-пунктчанын тогузунчу абзацында "ээсине" деген сөз "укук ээсине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 10-пунктча менен толукталсын:
"10) Товардык белгиге укуктун укук улантуучулук тартибинде өтүшү (мурас боюнча).
ТБ мамреестрине укук улантуучулук тартибинде (мурас боюнча) укуктун өтүшү жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп күбөлүктүн укук ээсинин же анын укук мураскорунун, патенттик ишенимдүү өкүлдүн же өкүлдүн арызы эсептелет.
Арызда төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
- күбөлүктүн номери;
- ТБ мамреестринде катталган датасы;
- товардык белгинин аталышы;
- күбөлүк ээсинин аты-жөнү же толук аталышы жана дареги;
- күбөлүктүн жаңы ээсинин аты-жөнү же толук аталышы жана дареги.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- өзгөртүүлөрдүн укуктуулугун ырастоочу документтин көчүрмөсү (мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү);
- белгиленген алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
- патенттин укук ээси тарабынан патенттик ишенимдүү өкүлгө же башка талапкер тарабынан берилген ишеним кат.";
төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7. ТБ мамреестринен көчүрмө берүү.
ТБ мамреестринен көчүрмө күбөлүктүн укук ээси, патенттик ишенимдүү өкүл же өкүл тарабынан берилген өтүнүчтүн негизинде берилет.
Өтүнүч юридикалык же жеке жактардан мамлекеттик же расмий тилде берилет. Юридикалык жактын өтүнүчүнө уюмдун жетекчиси же белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген башка адам тарабынан аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлүп кол коюлат жана мөөр басылат.
Жеке жактын өтүнүчү - аты-жөнүн көрсөтүү менен (эгерде бар болсо, мөөрү).
Өтүнүчтө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- күбөлүктүн номери;
- ТБ мамреестринде катталган датасы;
- товардык белгинин, тейлөө белгисинин аталышы;
- укук ээсинин аталышы.
Түздөн-түз берилген же почта аркылуу же электрондук түрдө келип түшкөн өтүнүч жана ага тиркелген документтер алар келип түшкөн күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде каралат.";
- жогоруда аталган Жобонун 5-тиркемесинде:
3-пунктта:
төртүнчү абзацта "ээсинин (ээлеринин)" деген сөздөр "укук ээсинин (ээлеринин)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Апелляциялык кеңештин товардык белгини жалпыга белгилүү деп таануудан баш тартуу жөнүндө чечими сот тарабынан жараксыз деп таанылган учурда товардык белги жалпыга белгилүү деп Кыргызпатенттин буйругу менен таанылат.
Кыргызпатенттин буйругунун негизинде реестрлер бөлүмү ЖБТБ мамреестринде каттайт, күбөлүк берет жана бир айдын ичинде расмий бюллетенге маалыматтарды жарыялайт.";
4-пунктта:
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- жалпыга белгилүү товардык белгиге укук улантуучулук тартибинде өтүшү жөнүндө (мурас боюнча).";
2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө өзгөртүүлөрдү, оңдоолорду жана маалыматтарды ЖБТБ мамреестрине киргизүүнүн Кыргыз Республикасынын Товардык белгилеринин жана тейлөө белгилеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартибинин 6-пунктунун 1, 8 жана 9-пунктчаларында көрсөтүлгөн аракеттерге окшош жүргүзүлөт.";
төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. ЖБТБ мамреестринен көчүрмө берүү Кыргыз Республикасынын товардык белгилеринин, тейлөө белгилеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибинин 7-пунктунда көрсөтүлгөн иш-аракеттерге окшош жүргүзүлөт.";
- жогоруда аталган Жобонун 6-тиркемесинде:
1-4-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын географиялык көрсөтмөлөрүнүн жана товарлар чыгарылган жерлеринин аталыштарынын мамлекеттик реестри (мындан ары - ГК жана ТЧЖА мамреестри) географиялык көрсөтмөлөрдү жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын пайдалануу, ошондой эле алардын укуктук статусун өзгөртүү укугуна Кыргыз Республикасынын күбөлүктөрү (мындан ары - күбөлүктөр) берилген географиялык көрсөтмөлөрдү жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын каттоого жана географиялык көрсөтмөлөрдү жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын пайдалануу укугун берүү жөнүндө маалыматтарды киргизүүгө, ошондой эле алардын укуктук статусун өзгөртүүгө арналган расмий документ болуп эсептелет.
2. ГК жана ТЧЖА мамреестрине географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоо жана аларды пайдаланууга укук берүү жана каттагандыгы, жарыялагандыгы жана күбөлүк бергендиги үчүн алым төлөнгөндүгү жөнүндө чечим эсептелет.
3. Географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоодо жана аларды пайдаланууга укук берүүдө маалыматтарды киргизүү библиографиялык маалыматтарды идентификациялоо үчүн ИНИДдин коддорун коюу менен ИМБДУнун ST.60 стандартына ылайык жүзөгө ашырылат.
4. ГК жана ТЧЖА мамреестрине төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:
- ТЧЖА мамреестриндеги географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышынын каттоо номери/географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктүн номери (11);
- ТЧЖА мамреестриндеги географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышы катталган дата (15);
- географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү аяктаган дата (18);
- географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнүн же катталган товар чыгарылган жердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнүн номери (21);
- географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнүн же катталган товар чыгарылган жердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө берилген дата (22);
- географиялык көрсөтмөлөрдүн жана товар чыгарылган жердин аталышы (билдирилген белги) (54);
- товардын түрү жана анын өзгөчө касиеттеринин сыпаттамасы (57);
- товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктүн ээсинин (ээлеринин) аты-жөнү же толук аталышы, өлкөнүн коду (73);
- патенттик ишенимдүү өкүлдүн аты-жөнү жана каттоо номери (74);
- кат алышуу үчүн дарек (98).";
- 5-пунктта:
экинчи абзацта "күбөлүктүн ээсинин" деген сөздөр "укук ээсинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү, төртүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоону жана географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктү жараксыз деп таануу жөнүндө;
- географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоонун жана географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктүн аракетин токтотуу жөнүндө;";
1-4-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
1) Укук ээсинин аталышын же атын жана/же анын турган жеринин (жашаган жеринин) дарегин өзгөртүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
ГК жана ТЧЖА мамреестрине жана күбөлүккө укук ээсинин аталышына же атына өзгөртүүлөрдү, ошондой эле башка өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн негиз болуп укук ээсинин же анын укук мураскорунун, патенттик ишенимдүү өкүлдүн же өкүлдүн Кыргызпатентке берилген арызы эсептелет.
Арыз төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- күбөлүктүн номери;
- географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана пайдалануу укугун берүүгө өтүнмөнүн же катталган географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун берүүгө өтүнмөнүн номери;
- географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана пайдалануу укугун берүүгө өтүнмө же катталган товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун берүүгө өтүнмө берилген дата;
- географиялык көрсөтмөлөр жана товар чыгарылган жердин аталышы (билдирилген белги);
- укук ээсинин мурдагы жана жаңы аты-жөнү же толук аталышы жана дареги.
Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелүүгө тийиш:
- өзгөртүүлөрдүн укуктуулугун ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- белгиленген алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
- укук ээси тарабынан патенттик ишенимдүү өкүлгө же өкүлгө берилген ишеним кат, эгерде арыз ал аркылуу берилсе.
Укук ээсинин жүргөн жерин же жашаган жерин өзгөртүү жөнүндө арызга укук ээсинин, катталган товар чыгарылган жердин аталышына туура келген ушул географиялык объектиде тургандыгын ырастоочу компетенттүү органдын (компетенттүү органдардын) корутундусу тиркелет.
Документтер келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде каралат. Кароо процессинде укук ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө же өкүлгө жетишпеген же тактоочу материалдардын сурамы жөнөтүлүшү мүмкүн. Сурам жиберилгенде документтерди кароо мөөнөтү тиешелүү түрдө узартылат.
Карап чыгуунун жыйынтыгы оң болгон учурда реестрлер бөлүмү:
- ГК жана ТЧЖА мамреестрине, күбөлүккө жана күбөлүктүн кошумча барагына укук ээсинин жаңы аталышын же аты-жөнүн киргизет;
- киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө кабарлоону жарыялоого жиберет;
- укук ээсинин (патенттик ишенимдүү өкүлгө) почта же электрондук дарегине күбөлүктүн кошумча барагын киргизилген өзгөртүүлөр менен жиберет.
2) Географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоону жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктү жараксыз деп таануу жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
ГК жана ТЧЖА мамреестрине товар чыгарылган жердин аталышын каттоону жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктү толук же жарым-жартылай жараксыз деп таануу жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп Апелляциялык кеңештин чечими же күчүнө кирген соттун чечиминин негизиндеги Кыргызпатенттин буйругу эсептелет.
Реестрлер бөлүмү Апелляциялык кеңештин чечимин же Кыргызпатенттин буйругун алган күндөн тартып бир айдын ичинде:
- ГК жана ТЧЖА мамреестрине жана күбөлүккө тийиштүү маалыматтарды киргизет;
- киргизилген маалыматтар жөнүндө кабарлоону жарыялоого жиберет.
ГК жана ТЧЖА мамреестрине төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:
- каттоонун аракетинин бүткүл мөөнөтүндө географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоону жараксыз деп таануу жөнүндө, эгерде ал "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында (мындан ары - Мыйзам) белгиленген талаптарды бузуу менен жүргүзүлгөн болсо;
- географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоону жараксыз деп таанууга байланыштуу географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун жараксыз деп таануу жөнүндө.
Кайсы гана жак болбосун, алым төлөө менен, Апелляциялык кеңешке географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүк берүүгө каршы пикир бере алат, ал келип түшкөн датадан тартып үч айдын ичинде каралууга тийиш.
Апелляциялык кеңештин чечими аны алган күндөн тартып үч айдын ичинде өтүнмө ээси тарабынан сотко даттанылышы мүмкүн.
3) Географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоонун жана географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктүн колдонулушун токтотуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
ГК жана ТЧЖА мамреестрине географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоонун же географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктүн колдонулушун токтотуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп Кыргызпатенттин буйругу эсептелет.
Реестрлер бөлүмү Кыргызпатенттин буйругун алган датадан тартып бир айдын ичинде:
- каттоонун колдонулушу токтотулган учурда:
ГК жана ТЧЖА мамреестрине мындай географиялык объект үчүн мүнөздүү шарттардын жок болуп кеткендигине жана ГК жана ТЧЖА мамреестринде көрсөтүлгөн касиеттери менен товарды өндүрүүгө мүмкүн эместигине, чет өлкөлүк юридикалык же жеке жактардын товар чыгарылган өлкөдө мындай географиялык көрсөтмөгө жана товар чыгарылган жердин аталышына укуктарын жоготкондугуна байланыштуу каттоонун колдонулушун токтотуу жөнүндө маалыматтарды киргизет;
ГК жана ТЧЖА мамреестрине киргизилген маалыматтар жөнүндө кабарлоону жарыялоого жөнөтөт;
- күбөлүктүн колдонулушу токтотулган учурда:
юридикалык жак жоюлганда же укук ээсинин Кыргызпатентке берген өтүнмөсүнүн негизинде жеке жактын - укук ээсинин ишкердик иши укук мураскерин түзүүсүз токтотулганда ГК жана ТЧЖА мамреестрине географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоонун колдонулушун токтотууга, күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү бүткөндүгүнө (Мыйзамдын 44-беренеси), мындай географиялык көрсөтмөгө же товар чыгарылган жердин аталышына карата ГК жана ТЧЖА мамреестринде көрсөтүлгөн өзгөчө касиеттерин жоготкондугуна байланыштуу каттоонун колдонулушун токтотуу жөнүндө маалыматтарды киргизет;
- ГКК жана ТЧЖА мамреестрине киргизилген маалыматтар жөнүндө кабарлоону жарыялоого жөнөтөт.
Кайсы жак болбосун жогоруда көрсөтүлгөн негиздер боюнча географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоонун же географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктүн колдонулушун токтотуу жөнүндө каршы пикирин Апелляциялык кеңешке бере алат. Каршы пикир ал келип түшкөн күндөн тартып үч айдын ичинде каралууга тийиш.
Апелляциялык кеңештин чечими өтүнмө ээси тарабынан аны алган күндөн тартып үч айдын ичинде сотко даттанылышы мүмкүн.
4) Күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
ГК жана ТЧЖА мамреестрине географиялык көрсөтмөлөргө жана товар чыгарылган жердин аталышына күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп географиялык көрсөтмөлөргө жана товар чыгарылган жердин аталышына күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүнүн акыркы жылынын ичинде укук ээсинин же анын укук мураскеринин, өкүлүнүн берген өтүнмөсү эсептелет.
Күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү ар бир жолу он жылга алым төлөнгөн шартта узартылышы мүмкүн. Ээсинин өтүнүч каты боюнча географиялык көрсөтмөгө жана товар чыгарылган жердин аталышына күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү өткөндөн кийин кошумча алым төлөнгөн шартта ага алты айлык мөөнөт берилиши мүмкүн.
Өтүнмө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- күбөлүктүн номери;
- географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана пайдалануу укугун берүүгө өтүнмөнүн же катталган географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун берүүгө өтүнмөнүн номери;
- күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү;
- укук ээсин көрсөтүү (жеке жактын аты-жөнүн же юридикалык жактын аталышын);
- укук ээсинин дареги.
Өтүнмөгө төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:
- компетенттүү органдын (компетенттүү органдардын) укук ээсинин мындай географиялык объектте жүргөндүгүн жана күбөлүктө көрсөтүлгөн касиеттер менен товар өндүрүп жаткандыгын ырастоочу корутундусу;
- белгиленген алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
- укук ээси тарабынан Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлгө берилген ишеним кат, эгерде өтүнмө ал аркылуу берилсе.
Документтер келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде каралат жана карап чыгуу бүткөндөн кийин оң натыйжа болгондо реестрлер бөлүмү:
- күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө күбөлүккө кошумча барак даярдайт;
- ГК жана ТЧЖА мамреестрине күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү узартылган дата киргизилет;
- күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө кабарлоону жарыялоого жөнөтөт;
- укук ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө же өкүлгө күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалыматтарды камтыган күбөлүккө кошумча баракты почта аркылуу, электрондук почта аркылуу же коммуникациянын башка электрондук түрлөрү аркылуу жөнөтөт.";
5-пунктчанын экинчи абзацындагы "ТЧЖА" деген аббревиатура "ГК жана ТЧЖА" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6-пунктчада:
экинчи, алтынчы абзацтарда "күбөлүктүн ээсинин" деген сөздөр "укук ээсинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
сегизинчи абзацтагы "ТЧЖА" деген аббревиатура "ГК жана ТЧЖА" деген сөздөргө алмаштырылсын;
тогузунчу абзацтагы "күбөлүктүн ээсине" деген сөздөр "укук ээсине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6. ГК жана ТЧЖА мамреестринен көчүрмө берүү.
ГК жана ТЧЖА мамреестринен көчүрмө күбөлүктүн укук ээси, патенттик ишенимдүү өкүл же өкүл берген өтүнүч каттын негизинде берилет.
Өтүнүч кат юридикалык же жеке жак тарабынан мамлекеттик же расмий тилде берилет. Юридикалык жактан өтүнүч катка уюмдун жетекчиси же белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген башка жак тарабынан аты-жөнү, кызмат ордун көрсөтүү менен кол коюлат жана мөөр басылат.
Жеке жактан өтүнүч кат - аты-жөнүн көрсөтүү менен (эгер бар болсо, мөөр).
Өтүнүч катта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- күбөлүктүн номери;
- ГК жана ТЧЖА мамреестринде катталган датасы;
- географиялык көрсөтмөнүн жана товар келип чыккан жердин аталышы;
- укук ээсинин аталышы.
Түздөн-түз берген же почта аркылуу же электрондук түрдө берилген өтүнүч кат жана ага тиркелген документтер келип түшкөн датадан тартып он жумуш күндүн ичинде каралат.";
- жогоруда аталган Жобонун 8-тиркемесинде:
4-пунктта:
4-пунктчанын сегизинчи абзацында "Мамкомиссиянын, Мамлекеттик асыл тукум инспекциясынын" деген сөздөр "айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7-пунктчанын биринчи абзацында "32-1-беренесине" деген сөздөр "30-1-беренесине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. СЖ мамреестринен көчүрмө берүү.
СЖ мамреестринен көчүрмө патент ээси, патенттик ишенимдүү өкүл же өкүл берген өтүнүч каттын негизинде берилет.
Өтүнүч кат юридикалык же жеке жак тарабынан мамлекеттик же расмий тилде берилет. Юридикалык жактан өтүнүч катка уюмдун жетекчиси же белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген башка жак тарабынан аты-жөнү, кызмат ордун көрсөтүү менен кол коюлат жана мөөр басылат.
Жеке жактан өтүнүч кат - аты-жөнүн көрсөтүү менен (эгер бар болсо, мөөр).
Өтүнүч катта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- патенттин номери;
- СЖ мамреестринде катталган датасы;
- селекциялык жетишкендиктин аталышы;
- ээсинин аталышы.
Түздөн-түз берген же почта аркылуу же электрондук түрдө берилген өтүнүч кат жана ага тиркелген документтер келип түшкөн датадан тартып он жумуш күндүн ичинде каралат.";
- жогоруда аталган Жобонун 9-тиркемесинде:
4-пункттун 1-пунктчасынын жыйырма үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- өзгөртүүлөр киргизилген күбөлүккө кошумча баракты укук ээсине же өкүлүнө түздөн-түз же электрондук түрдө өтүнмөлөрдү берүү системасы аркылуу анын дарегине жөнөтөт.";
төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. ЭЭМ мамреестринен көчүрмөнү берүү.
ЭЭМ мамреестринен көчүрмө күбөлүктүн ээси же өкүл берген өтүнүч каттын негизинде берилет.
Өтүнүч кат юридикалык же жеке жак тарабынан мамлекеттик же расмий тилде берилет. Юридикалык жактан өтүнүч катка уюмдун жетекчиси же белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген башка адам тарабынан аты-жөнү, кызмат ордун көрсөтүү менен кол коюлат жана мөөр басылат.
Аты-жөнүн көрсөтүү менен жеке жактан өтүнүч кат (эгер бар болсо, мөөр).
Өтүнүч катта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- күбөлүктүн номери;
- ЭЭМ мамреестринде катталган датасы;
- электрондук эсептөө машиналары үчүн программанын аталышы;
- ээсинин аталышы.
Түздөн-түз берген же почта аркылуу же электрондук түрдө берилген өтүнүч кат жана ага тиркелген документтер келип түшкөн датадан тартып он жумуш күндүн ичинде каралат.";
- жогоруда аталган Жобонун 10-тиркемесинде:
төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. МБ мамреестринен көчүрмө берүү Кыргыз Республикасынын Электрондук эсептөө машиналары үчүн программалардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибинин 5-пунктунда көрсөтүлгөн иш-аракеттерге окшош жүргүзүлөт.";
- жогоруда аталган Жобонун 11-тиркемесинде:
төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. ИМСТ мамреестринен көчүрмөнү берүү Кыргыз Республикасынын Электрондук эсептөө машиналары үчүн программалардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибинин 5-пунктунда көрсөтүлгөн иш-аракеттерге окшош жүргүзүлөт.";
- жогоруда аталган жобонун 12-тиркемесинде:
4-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- автордун же укук ээсинин аталышынын же аты-жөнүнүн жана/же дарегинин өзгөрүшү жөнүндө;";
1-пунктчада:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Автордун же укук ээсинин аталышын же аты-жөнүн жана/же дарегин өзгөртүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү.";
жыйырма төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мүлктүк укуктун ээсинин (өкүлүнүн) дарегине түздөн-түз же электрондук түрдө өтүнмөлөрдү берүү системасы аркылуу киргизилген өзгөртүүлөр менен күбөлүккө кошумча баракты жөнөтөт.";
төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. АУ мамреестринен көчүрмө берүү.
АУ мамреестринен көчүрмө күбөлүктүн ээси же өкүл берген өтүнүч каттын негизинде берилет.
Өтүнүч кат юридикалык же жеке жак тарабынан мамлекеттик же расмий тилде берилет. Юридикалык жактан өтүнүч катка уюмдун жетекчиси же белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген башка адам тарабынан аты-жөнү, кызмат ордун көрсөтүү менен кол коюлат жана мөөр басылат.
Жеке жактан өтүнүч кат - аты-жөнүн көрсөтүү менен (эгер бар болсо, мөөр).
Өтүнүч катта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- күбөлүктүн номери;
- АУ мамреестринде катталган датасы;
- автордук укук объекттеринин аталышы;
- ээсинин аталышы.
Түздөн-түз берген же почта аркылуу же электрондук түрдө берилген өтүнүч кат жана ага тиркелген документтер келип түшкөн датадан тартып он жумуш күндүн ичинде каралат.";
- жогоруда аталган Жобонун 13-тиркемесинде:
төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6. ЧУ мамреестринен көчүрмө берүү Кыргыз Республикасынын Автордук укук объектилеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибинин 5-пунктунда көрсөтүлгөн иш-аракеттерге окшош жүргүзүлөт.";
- жогоруда аталган Жобонун 14-тиркемесинде:
төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. РС мамреестринен көчүрмө берүү.
РС мамреестринен көчүрмө күбөлүктүн ээси же анын өкүлү берген өтүнүч каттын негизинде берилет.
Өтүнүч кат юридикалык же жеке жак тарабынан мамлекеттик же расмий тилде берилет. Юридикалык жактан өтүнүч катка уюмдун жетекчиси же буга белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген башка адам аты-жөнүн, кызмат ордун көрсөтүү жана мөөр басуу менен кол коёт.
Жеке жактын өтүнүч каты - аты-жөнүн көрсөтүү менен (мөөр, эгер бар болсо).
Өтүнүч катта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- күбөлүктүн номери;
- РС мамреестринде катталган дата;
- рационализатордук сунуштун аталышы;
- ээсинин аталышы.
Түздөн-түз берилген же почта аркылуу же электрондук түрдө келип түшкөн өтүнүч кат жана ага тиркелген документтер алар келип түшкөн датадан тартып он жумуш күндүн ичинде каралат.";
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык 16-тиркеме менен толукталсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 753 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пунктунун 3-пунктчасы;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 154 "Салттуу билимдерди каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө жана катталган салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелерин, Кыргыз Республикасынын Салттуу билимдеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пунктунун 3-пунктчасы.
4. Иш-чараларды каржылоо республикалык бюджетте интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 23-январындагы № 6 (3559) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндө жобого 16-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын салттуу билимдеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын салттуу билимдеринин мамлекеттик реестри (мындан ары - СБ мамреестри) салттуу билимдерди каттоо, салттуу билимдерди пайдалануу укугун берүү, катталган салттуу билимдерди пайдалануу укугун (мындан ары - күбөлүк), ошондой эле алардын укуктук статусун өзгөртүү жөнүндө маалыматтарды берүү үчүн арналган расмий документ болуп саналат.
2. СБ мамреестрине салттуу билим жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп салттуу билимди каттоо, катталган салттуу билимди пайдалануу укугун берүү жана аларды пайдалануу укугун каттоо жөнүндө чечим жана каттоо, жарыялоо жана күбөлүк берүү үчүн алымды төлөө эсептелет.
3. Салттуу билимди каттоодо жана аны пайдалануу укугун берүүдө СБ мамреестрине төмөнкү маалыматтар киргизилет:
1) салттуу билимди каттоо номери/салттуу билимди пайдалануу укугуна күбөлүктүн номери;
2) СБ мамреестринде салттуу билим катталган дата;
3) салттуу билимди пайдалануу укугуна күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү бүткөн дата;
4) салттуу билимди каттоого жана аны пайдалануу укугун берүүгө өтүнмөнүн же катталган салттуу билимди пайдалануу укугун берүүгө өтүнмөнүн номери;
5) салттуу билимди каттоого жана аны пайдалануу укугун берүүгө өтүнмө же катталган салттуу билимди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө берилген дата;
6) салттуу билимдин аталышы;
7) билдирилген салттуу билимдин сыпаттамасы;
8) күбөлүктүн ээси жөнүндө маалыматтар: юридикалык жактын толук аталышы, анын турган жери, жеке жактын аты-жөнү, анын жашаган жери;
9) өтүнмө ээсинин өкүлүнүн аты-жөнү;
10) кат алышуу үчүн дареги;
11) салттуу билимди каттоо жөнүндө маалыматтар жана күбөлүктү берүү жөнүндө маалыматтар жарыяланган дата.
2. Мамреестрге өзгөртүүлөрдү жана кошумча маалыматтарды киргизүү тартиби
4. СБ мамреестрин жүргүзүү процессинде ага төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана кошумча маалыматтар киргизилет:
- күбөлүктүн ээсинин аталышын же аты-жөнүн өзгөртүү жана/же анын жашаган жеринин (турган ордунун) дарегин өзгөртүү жөнүндө;
- күбөлүктүн колдонулушун токтотуу жөнүндө;
- күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө;
- катталган салттуу билимди пайдалануу келишими жөнүндө;
- ачык жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө;
- күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө.
1) Күбөлүктүн ээсинин аталышын же аты-жөнүн өзгөртүү жана/же анын жашаган жеринин (турган жеринин) дарегин өзгөртүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
Күбөлүктүн ээсинин аталышын же аты-жөнүн өзгөртүүлөр жана/же анын жашаган жеринин (турган жеринин) дарегин өзгөртүү жөнүндө маалыматтар күбөлүктүн ээсинин же болбосо анын укук улантуучусунун, өкүлүнүн Кыргызпатенттин почталык же электрондук дарегине берген арызынын негизинде СБ мамреестрине жана күбөлүккө киргизилет.
Арыз төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- күбөлүктүн номери;
- күбөлүктүн ээсинин мурунку жана жаңы толук аталышы же аты-жөнү жана жашаган жеринин (турган жеринин) дареги.
Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:
- белгиленген алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
- арыз өкүл аркылуу берилген учурда, күбөлүктүн ээси тарабынан өкүлгө берилген ишеним кат.
Кайра уюштурууга, укугун улантууга байланыштуу күбөлүктүн ээсинин аталышын өзгөртүү жөнүндө арызга бул өзгөртүүнү ырастоочу документ тиркелет.
Күбөлүктүн ээсинин турган жерин же жашаган жерин өзгөртүү жөнүндө арызга компетенттүү органдын (органдардын) күбөлүктүн ээсинин катталган салттуу билимге ылайык келген географиялык бул объектте жайгашкандыгын ырастоочу корутундусу тиркелет.
Документтер Кыргызпатентке келип түшкөн датадан тартып бир айдын ичинде каралат. Кароо процессинде күбөлүктүн ээсине (өкүлүнө) жетишпеген же тактоочу материалдарды берүү үчүн почталык же электрондук дарегине суроо-талап жөнөтүлүшү мүмкүн. Суроо-талап жөнөтүлгөн учурда документтерди кароонун мөөнөтү тиешелүү түрдө узартылат.
Документтерди кароонун натыйжасы оң болгон учурда Кыргызпатент:
- СБ мамреестрине жана күбөлүктүн кошумча барагына күбөлүк ээсинин жаңы аталышын же аты-жөнүн киргизет;
- киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө билдирүүнү жарыялоого жөнөтөт;
- арыз берген адамдын почталык же электрондук дарегине киргизилген өзгөртүүлөр менен күбөлүктүн кошумча барагын жөнөтөт.
2) Күбөлүктүн колдонулушун токтотуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
СБ мамреестрине күбөлүктүн колдонулушун токтотуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп Кыргызпатенттин буйругу саналат.
Кыргызпатент буйрук чыгарылган датадан тартып бир айдын ичинде:
- СБ мамреестрине тиешелүү маалыматтарды киргизет;
- Мамреестрге киргизилген маалыматтар жөнүндө билдирүүнү жарыялоого жөнөтөт.
СБ мамреестрине күбөлүктүн колдонулушун токтотуу жөнүндө маалыматтар төмөнкүдөй киргизилет:
- "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясында белгиленген күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин;
- күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу үчүн алым белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн учурда;
- күбөлүктүн ээси тарабынан Кыргызпатентке берилген арыздын негизинде.
3) Күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
Күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп күбөлүктүн ээсинин же анын укук улантуучусунун, өкүлүнүн күбөлүктүн жарактуулугунун акыркы жылынын ичинде берилген арызы саналат.
Күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү алым төлөнгөн шартта ар жолу он жылга узартылат. Күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу үчүн ээсинин өтүнүч каты боюнча ага кошумча алым төлөнгөн шартта күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин алты айлык мөөнөт берилиши мүмкүн.
Арыз төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- күбөлүктүн номери;
- күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү;
- күбөлүктүн ээсин көрсөтүү (юридикалык жактын аталышы же жеке жактын аты-жөнү);
- күбөлүктүн ээсинин дареги.
Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелүүгө тийиш:
- алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
- арыз өкүл аркылуу берилген учурда, күбөлүктүн ээсинин өкүлүнө берилген ишеним кат.
Документтер Кыргызпатентке келип түшкөн датадан тартып бир айдын ичинде каралат. Кароо процессинде күбөлүктүн ээсине (өкүлүнө) жетишпеген же тактоочу материалдарды берүү үчүн почталык же электрондук дарегине суроо-талап жөнөтүлүшү мүмкүн. Суроо-талап жөнөтүлгөн учурда документтерди кароонун мөөнөтү тиешелүү түрдө бир айга узартылат.
Документтерди кароонун натыйжасы оң болгон учурда Кыргызпатент:
- күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө күбөлүктүн кошумча барагын даярдайт;
- СБ мамреестрине күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү узартылганга чейинки датаны киргизет;
- күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө билдирүүнү жарыялоого жөнөтөт;
- арыз берген жактын почталык же электрондук дарегине күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалыматтарды камтыган күбөлүктүн кошумча барагын жөнөтөт.
Катталган салттуу билимдерди пайдалануу келишими жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
Катталган салттуу билимдерди пайдалануу келишими жөнүндө маалыматтарды Мамреестрге киргизүү үчүн негиз болуп Кыргызпатенттин келишимди каттоо жөнүндө чечими саналат.
Салттуу билимди пайдалануу келишимин каттоодо Кыргызпатент чечимди алган датадан тартып бир айдын ичинде:
- Мамреестрге жана күбөлүктүн кошумча барагына тиешелүү маалыматтарды киргизет;
- арыз берген адамга киргизилген маалыматтар менен күбөлүктүн кошумча барагын тапшырат же анын дарегине жөнөтөт.
Ошол эле учурда Мамреестрге жана күбөлүктүн кошумча барагына төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:
- салттуу билимдин ээси жөнүндө;
- пайдаланылуучу укуктардын көлөмү жөнүндө;
- Жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүү фондуна салттуу билимдерди пайдалануу үчүн төлөмдөрдү чегерүүлөр жөнүндө;
- келишимди каттоо жөнүндө чечим чыгарылган дата;
- келишимдин жарактуулук аймагы;
- келишимдин жарактуулук мөөнөтү.
Ачык жана техникалык каталарды оңдоолорду киргизүү.
Ачык жана техникалык каталарды оңдоо Кыргызпатент тарабынан СБ мамреестрине киргизилет. Ачык жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө маалымат жарыялоого жөнөтүлөт.
5. СБ мамреестринен көчүрмөнү берүү.
СБ мамреестринен көчүрмө күбөлүктүн ээси же өкүлү берген өтүнүч каттын негизинде берилет.
Өтүнүч кат юридикалык же жеке жак тарабынан мамлекеттик же расмий тилде берилет. Юридикалык жактан өтүнүч катка уюмдун жетекчиси же буга белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген башка адам аты-жөнүн, кызмат ордун көрсөтүү жана мөөр басуу менен кол коёт.
Жеке жактын өтүнүч каты - аты-жөнүн көрсөтүү менен (мөөр, эгер бар болсо).
Өтүнүч катта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- күбөлүктүн номери;
- РС мамреестринде катталган датасы;
- рационализатордук сунуштун аталышы.
- ээсинин аталышы.
Түздөн-түз берилген же почта аркылуу же электрондук түрдө келип түшкөн өтүнүч кат жана ага тиркелген документтер алар келип түшкөн датадан тартып он жумуш күндүн ичинде каралат.".
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 17-январы № 12
Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-декабрындагы № 774 токтомунун редакциясына ылайык)
"Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-статьясына, "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-бөлүгүнө, "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-бөлүгүнө, "Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине, "Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 154 "Салттуу билимдерди каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө жана катталган салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелерин, Кыргыз Республикасынын Салттуу билимдеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы ", Кыргыз Республикасынын Салттуу билимдеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин" деген сөздөр алып салынсын;
2) 1-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын:
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-декабрындагы № 774 токтомуна ылайык күчүн жоготту)