УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айылдык кеңешинин кезексиз XIII сессиясы
2025-жылдын 03-декабры № 01-06/13-01
Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Үч-Коргон айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын төрагасынын билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 40-беренесине негиз Үч-Коргон айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Үч-Коргон айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын “Үч-Коргон айылдык кеңешинин төрагасын жабык, жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү” №3 протоколу бекитилсин.
- Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы болуп Бердибеков Бекмурза Абдулазизович шайланды деп эсептелсин.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | С.Атамбаев. |