УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айылдык кеңешинин кезексиз XIII сессиясы
2025-жылдын 03-декабры № 01-06/13-02
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн “CAMRI” кызматтык автоунаасын Үч-Коргон айылдык кеңешине өткөрүп берүү жөнүндө
Үч-Коргон айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик” жөнүндөгү Мыйзамынын 19-статьясына негиз,7 Үч-Коргон айылдык кеңеши токтом кылат:
- Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн “CAMRI” кызматтык автоунаасын Үч-Коргон айылдык кеңешине өткөрүп берилсин.
- Тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүп тапшыруу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.Атамбаев. |