Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII чакырылышындагы депутаттарынын
кезектеги сессиясы
2025-жылдын 5-марты № 20
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2024-жылда аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча аткарган иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин, 2-пунктунун, 6 пунктчасына ылайык, Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2024-жылда аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча аткарган иштери боюнча айыл өкмөт башчысы А. Жолдошовдун маалыматын угуп Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2024-жылда аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча аткарган иштери боюнча айыл өкмөт башчысы А. Жолдошовдун аткарган иштери канаттандырарлык деп табылсын.
2. Социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча программаларды эсепке алуу менен 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин бекитилген долбоорун максаттуу чыгымдалышын аткаруу жагы Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |