Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII чакырылышындагы депутаттарынын
кезектеги сессиясы
2025-жылдын 5-марты № 21
“Жылалды” муниципалдык ишканасынын 2024-жылда аткарган иштери жөнүндө
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн алдындагы “Жылалды” муниципалдык ишканасынын 2024-жылда аткарган иштери боюнча М. Акназаровдун маалыматын угуп Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Жылалды” муниципалдык ишканасынын 2024-жылда аткарган иштери канаттандырарлык деп табылсын.
2. Муниципалдык ишкананын 2025-жылга бекитилген долбоорун максаттуу чыгымдалышын аткарууга алуу жагы А. Пирматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |