Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII чакырылышындагы депутаттарынын
кезектеги сессиясы
2025-жылдын 5-марты № 22
Жазгы талаа иштерине даярдыктар жөнүндө
Аймакта жазгы талаа иштерин агротехникалык эрежелерге ылайык, өз мөөнөтүнө, уюшкандыкта өткөрүү максатында, даярдыктар боюнча башкы адис Д. Сулаймановдун маалыматын угуп Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Аймакта жазгы талаа иштерин өз мөөнөтүнө, уюшкандыкта өткөрүү максатында, даярдыктар боюнча башкы адис Д. Сулаймановдун маалыматы эске алынсын.
2. Аймактагы каналдарды жана ички арыктарды 2025-жылдын вегатациялык мезгилине карата механикалык жол менен тазалап, айыл чарба эгиндерин өз убагында сугат суу менен камсыздоо жагы “Жылалды” муниципалдык ишканасына (А. Пирматов) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |