Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII чакырылышындагы депутаттарынын
кезектеги сессиясы
2025-жылдын 5-марты № 23
Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан бекитилген Айылдык кеңештин Типтүү регламентине ылайык айылдык кеңештин ишин пландаштыруу жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылга карата иш-план 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төраганын орун басарлары А. Канботоевага, М. Акназаровго айылдык кеңештин, бекитилген иш планын өз убагында аткаруу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана координациялоо милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам..
Төрага |
| М. Тажибаев |
Бекитем
Төрт –Көл айылдык кеңешинин төрагасы _________ М. Тажибаев
5. 03. 2025-жыл
Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылга иш планы
№ п\п | Айылдык кеңештин сессиясында каралчу маселенин аталышы
|
Сессия өтчү ай | Каралуучу маселелер тууралуу кыскача маалымат | Жооптуу адам, аткаруучу (адис, мекеменин, уюмдун жетекчиси) | Бул маселе боюнча жооптуу айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы | Жарандардын ЖӨБгө катышуусунун формасы | Маселени карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча АК кабыл алган чечим (тескеме, токтом); | |
I квартал | ||||||||
1 | Коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү, депутаттык окууларды өткөрүү | Январь | Коомдук бюджеттик угуулар, депутаттык окуулар өткөрүлөт | ФЭБ башчы (У. Бакиров) | Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жан инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссия.
| «ЖӨБ жөнүндө» КР Мыйзамынын 19,61,63-беренелерине ылайык, жарандардын, жарандык коомдун, бизнес коомчулугунун, МжБ топторунун, демилгечи топтордун, донорлордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, АК ачык сессияларына катышуусу. | Маселени карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча айылдык кеңешке сессияга сунушталат, токтом кабыл алат. Күчүнө кириши үчүн айылдык кеңештин токтому (кабыл алынган учурда) жарыяланат жана ал ЧУАнын мамлекеттик реестрине кошулат. | |
2 | 2025-жылга карата Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга карата болжолу жөнүндө |
январь | 2025-жылга карата Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү боюнча | Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчы (У. Бакиров), башкы адиси (Д. Сулайманов) жооптуу катчы-орун басар (Р. Маматова), | Төрт-Көл айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялары. | Жарандардын, бизнес коомчулугунун, МжБ топторунун, демилгечи топтордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, АК ачык сессияларына катышуусу. | Маселени карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча айылдык кеңеш токтом (же тескеме) кабыл алат. Күчүнө кириши үчүн айылдык кеңештин токтому (кабыл алынган учурда) жарыяланат жана ал ЧУАнын мамлекеттик реестрине кошулат. | |
3 | Жарандардын жана мекеме уюмдардын кайрылуулары жөнүндө | январь | Жарандардын жана мекеме уюмдардын кайрылууларын тиешелүү туруктуу комиссияларда каралып маалыматтары угулат. | Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчы (У. Бакиров), башкы адиси (Д. Сулайманов) | Төрт-Көл айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялары. | Жарандардын, бизнес коомчулугунун, МжБ топторунун, демилгечи топтордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, АК ачык сессияларына катышуусу. | Маселени карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча айылдык кеңеш токтом (же тескеме) кабыл алат. Күчүнө кириши үчүн айылдык кеңештин токтому (кабыл алынган учурда) жарыяланат жана ал ЧУАнын мамлекеттик реестрине кошулат. | |
4 | Инвестицияларды жана гранттарды тартуу
|
Февраль | Инвестицияларды жана гранттарды тартуу жаатында эл аралык долбоордук уюмдар, донорлор, демөөрчүлөр менен жүргүзүлгөн иштер боюнча АӨ башчысынын (бейөкмөт уюмдардын, коомдук уюмдарды, демилгелүү топтордун, жамааттардын – макулдашуу боюнча) маалыматын угуу. Зарыл болгон учурда мониторинг жана баалоо тобунун ишинин жыйынтыктарын угуу. | АӨ башчысы, бейөкмөт уюмдардын, коомдук уюмдардын жетекчилери (макулдашуу боюнча) жана башка кызыкдар адамдар. | Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жан инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссия. Сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынат .Кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. | «ЖӨБ жөнүндө» КР Мыйзамынын 19,61,63-беренелерине ылайык, жарандардын, жарандык коомдун, бизнес коомчулугунун, МжБ топторунун, демилгечи топтордун, донорлордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, АК ачык сессияларына катышуусу. | Маселени карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча айылдык кеңеш токтом (же тескеме) кабыл алат. Күчүнө кириши үчүн айылдык кеңештин токтому (кабыл алынган учурда) жарыяланат жана ал ЧУАнын мамлекеттик реестрине кошулат. | |
5. | Жайыт жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселесин кароо
|
Февраль | Төмөнкүлөр каралат жана бекитилет: - Жайыт пайдалануу үчүн акыны орнотуу тартиби жөнүндө жобо; - 2025-жылга жайыттарды пайдалануунун жылдык планы; - Малдын башына жана түрүнө жараша жайыт жерлерин пайдалануу укугу үчүн акынын көлөмү; - жайыт жерлерин башка максаттарда пайдалануу үчүн акынын көлөмү. | “Жылалды” МИ жетекчиси (А. Пирматов) Жайыт комитетинин төрагасы.
| Айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия. Сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынат. Кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. |
Жарандардын, жайыт пайдалануучулардын жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, сессияларына катышуусу. | Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу. | |
6 | 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу АӨ башчынын отчету |
Февраль
| Айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу АӨ башчынын отчетун угуу.
АӨ башчынын отчету тууралуу туруктуу комиссиянын корутундусун угуу. Айылдык кеңештин жооптуу туруктуу комиссиясынын корутундусун, АК депутаттарынын пикирлерин жана сунуштарын эсепке алуу менен АӨ башчынын отчетун бекитүү же башка чечим кабыл алуу.
| АӨ башчысы (А. Жолдошов) | Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жан инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссия. Ссессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынат.Кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. | Жарандардын, бизнес коомчулугунун, МжБ топторунун, демилгечи топтордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, АК ачык сессияларына катышуусу. | 2024-жыл үчүн АӨ башчынын отчетун кабыл алуу. Айылдык кеңештин тескемесин кабыл алуу. | |
7 | АЖМФ жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселесин кароо
|
Февраль
| Келечекке пландын аткарылышы, АЖМФ жерлери үчүн ижара акынын түшүшү жана пайдаланылышы тууралуу башкы адис Д. Сулаймановдун отчетун угуу. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасын угуу. АЖМФ жерлерин экономикалык жагымдуу жерлердин аймагынан түз берүү менен АА аймагында жашаган социалдык багыттагы субъекттердин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана жарандардын тизмесин карап чыгуу жана бекитүү (зарыл болгон учурда). Жеке жана юридикалык жактарга ижарага берилген АЖМФ жер участокторунун ижара акысын жана көлөмүн орнотуу. АЖМФ жерлерин колдонуу үчүн ижара төлөмүнүн суммасынан жерлерди жакшыртуу боюнча иш-чараларды аткарууга багытталган каражаттын көлөмүн бекитүү (зарыл болгон учурда). | Башкы адис (Д. Сулайманов). Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүүдө жер комиссиясы | Айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия. Жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынат. Кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. |
Жарандардын, бизнес коомчулугунун, МжБ топторунун, демилгечи топтордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, АК ачык сессияларына катышуусу. | Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу, жарыялоо жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу. | |
8 | “Жылалды” муниципалдык ишкансынын 2024-жылда аткарган иштеринин отчетун угуу, 2025-жылга карата милдеттери.
|
Февраль
| Муниципалдык ишканалар жана мекемелер, ошондой эле муниципалдык менчикти пайдаланган башка юридикалык жана жеке жактар тарабынан көрсөтүлүүчү коммуналдык кызматтарга тарифтерди бекитүү (зарыл болгон учурда). | “Жылалды” МИ башчысы (А. Пирматов) | Айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия. Жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынат.Ккийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. |
Жарандардын, бизнес коомчулугунун, МжБ топторунун, демилгечи топтордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, АК ачык сессияларына катышуусу | Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу. | |
9 | Жазгы талаа иштерине даярдык, коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчө жарыгынын абалы тууралуу |
Февраль
| Туруктуу комиссиянын төрагасын угуу, АӨ иш-чаралар пландары жөнүндө АӨ башчысынын орун басарынын, муниципалдык ишкананын жетекчисинин маалыматын угуу: - жазгы талаа иштерине даярдануу боюнча, - жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча; - көчө жарыктарынын абалы жөнүндө, - жергиликтүү бюджеттин каражаттары, жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга, жарык орнотууга багытталган гранттар, инвестициялар, демөөрчүлүк жана башка каражаттар боюнча. Ишембилик өткөрүү, сугат жерлерин тазалоо, калктуу конуштарга көчөттөрдү отургузуу ж.б. графиктери менен таанышуу. | АӨ башчысынын орун басары МИ жетекчиси | Айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия. Жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынат.Ккийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. |
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, АК сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары. | Айылдык кеңеш токтом кабыл алат | |
10 | Тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча маалыматты угуу
|
Март | Тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча маалыматты угуу - АӨ башчысынын орун басарынын, ТКЧ боюнча АӨ адисинин, МИ жетекчисинин), айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын корутундусу. Жергиликтүү бюджетте каражат болсо, каржылоо маселесин карап чыгуу. Таштандыны жыйноо, ташып кетүү үчүн тарифти карап чыгып, бекитүү. |
АӨ башчысынын орун басары, ТКЧ боюнча АӨ адиси, МИ жетекчиси, айыл башчы.
| Айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия. Жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынат.Ккийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. |
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, курултайларга айылдык кеңештин сессияларына катышуусу. | Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу, жарыялоо жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу. | |
II квартал | ||||||||
11 | Калктуу конуштарды ичүүчү жана сугат суу менен жабдуу (таза суу системасын, ирригация системасынын, канализациянын, тазалоочу курулмалардын ишин камсыз кылуу) |
Апрель | 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча элди ичүүчү жана сугат суу, ирригация системасынын, канализациянын, тазалоочу курулмалардын ишин камсыз кылуу маселелери боюнча маалыматты угуу: - АӨ башчысынын орун басары, - калкты ичүүчү менен камсыз кылуу, калктуу конуштун ичики ирригациясын, канализация системасынын жана тазалоочу курулмалардын ишин камсыз кылуу боюнча муниципалдык ишкананын жетекчисин; - айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы. Калктын сунуштарын эсепке алуу менен ичүүчү сууга, суугат сууга жана сууну тазалоо тарифти карап чыгуу жана бекитүү. Муниципалдык менчикте турган жана муниципалдык ишканага башкарууга өткөрүлүп берилген ичүүчү суу менен жабдуу системасын жыл сайын оңдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат караштыруу. |
АӨ башчысынын орун басары, муниципалдык ишкананын жетекчиси | Айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынат. Кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт |
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, курултайларга, АК сессияларына катышуусу | Айылдык кеңеш токтом (же тескеме) кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат (ЧУА кабыл алынган учурда) жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.
| |
12 | Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу, спорттук курулмалардын иштешин камсыз кылуу
|
Апрель | Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу боюнча маалыматты угуу: - АӨ башчысынын орун басарынын, - билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин (макулдашуу боюнча); - айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасынын. Жергиликтүү бюджетте каражат болсо каржылоо маселесин карап чыгуу. Спорттун улуттук жана башка түрлөрүн, ошондой эле ААнын аймагында массалык спортту ишке ашыруу жана өнүктүрүү программаларын карап чыгуу жана бекитүү. Массалык жана спорттун башка түрлөрү боюнча иш-чараларды өткөрүү графигин карап чыгуу. | АӨ башчысынын орун басары, айыл башчы, билим берүү мекемелеринин жетекчилери(макулдашуу боюнча). | Социалдык маселелер, дин иштери, гендер жана жаштар саясаты, спорт маселелери боюнча туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынат.Ккийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. |
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, курултайларга, АК сессияларына катышуусу. | Айылдык кеңеш токтом (же тескеме) кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат (ЧУА кабыл алынган учурда) жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.
| |
13 | 2025-2027-жылдарга аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнү жана калкты социалдык жактан коргоону камсыз кылуу
|
Май | Айылдык кеңештин жооптуу туруктуу комиссиясынын корутундусун, АК депутаттарынын пикирлерин жана сунуштарын эсепке алуу менен, 2025-2027-жылдарга аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программасын кароо жана бекитүү | АӨ башчысы, АӨ башчысынын орун басары, ФЭБ башчысы ж.б. | Айылдык кеңештин бардык туруктуу комиссиялары, өзүдөрүнүн бардык корутундуларын жалпылаштырат жана айылдык кеңештин сессиясында бирдиктүү корутунду катары баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алышат. Ккийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзүшөт. | Жарандардын, БӨУ, коомдук уюмдарынын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, курултайларга, АК сессияларына катышуусу. | 2025-2027-жылдарга АСЭӨ жана калкты социалдык жактан коргоонун Программасын бекитүү жөнүндө АК токтому кабыл алынат, жарыяланат, күчүнө кирет, ЧУА Реестрине кошулат. | |
14 | Парктардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу |
Май | Парктардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылууга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу боюнча төмөнкүлөрдүн маалыматын угуу: - АӨ башчысынын орун басарынын, МИ жетекчисинин; - Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын корутундусун. Жергиликтүү бюджетте каражат болгондо каржылоо маселесин караштыруу. Бул маселелерди демөөрчүлөрдүн каражатынын, инвестициялардын, гранттардын ж.б. жардамы менен чечүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу. |
АӨ башчысынын орун басары, МИ жетекчиси
| егламент, мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар менен байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынат, кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. |
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, АК сессияларына катышуусу. | Айылдык кеңеш токтом (же тескеме) кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат (ЧУА кабыл алынган учурда) жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат. | |
15 | Айылдык кеңештин депутаттары өз округундагы шайлоочуларга отчет беришет, шайлоочулардын суроо талаптарын аткарышат |
Май | Депутаттардын шайлоочулар алдындагы отчетун тапшыруу боюнча иш-чаралардын Планын жана графигин карап, бекитүү. АӨ башчысына, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилерине шайлоочулар менен жолугушууну графикке жана Иш-чаралар планына ылайык уюштуруу, жолугушууларды өткөрүү үчүн жайларды бөлүп берүү, шайлоочуларга жолугушуу өтчү убактысы жана орду жөнүндө кабар берүү, ошондой эле депутатка шайлоо округунда отчет берүүгө көмөкчү болгон башка чараларды көрүү. Депутаттардын шайлоочулар алдындагы отчетун тапшыруу боюнча өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча айылдык кеңештин этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуу. Шайлоочулардан түшкөн сунуштар, даттануулар жана арыздар боюнча тийиштүү сунуштамаларды жана чечимдерди талкуулоо жана кабыл алуу. | АӨ башчысы, этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы | Регламент, мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар менен байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. |
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын депутаттардын шайлоочулар алдындагы отчетун тапшыруу боюнча иш-чаралардына, АК сессияларына катышуусу. | Шайлоочулардан түшкөн сунуштарды, даттанууларды жана арыздарды эске алуу менен айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу.
| |
16 | Коомдук транспорттун ишин жөнгө салуунун жүрүшү тууралуу |
Июнь | АӨ башчысынын орун басарынын, зарыл болсо МИ жетекчисинин, бизнес коомчулуктун, башка кызыкдар тараптардын, калктуу конуштун ичинде же калктуу конуштардын ортосунда жүргүнчүлөрдү ташыган юридикалык жактардын маалыматын угуу. Жергиликтүү бюджетте финансы каражаты болгон учурда муниципалдык транспорттук ишкананы түзүү жана анын ишин уюштуруу маселесин караштыруу. Окуучуларды мектепке ташуу маселесин кароо, бул маселени демөөрчүлөрдүн, инвестициялардын, гранттардын жана башка каражаттардын жардамы менен чечүү. |
АӨ башчысы (транспорттук уюмдардын жетекчилери, коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү ташыган юридикалык, физикалык жактар – макулдашуу боюнча). | Регламент, мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар менен байланыш маселелери боюнча туруктуу сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. |
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, курултайларга, АК сессияларына катышуусу.
| АК токтом (тескеме) кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.
| |
III квартал | ||||||||
17 | 2025-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу АӨ башчынын отчету
|
Июль | АӨ башчысынын айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, өнүгүү программасынын жана планынын (СЭӨП, КСКП, иш-чаралар планы) аткарылышы тууралуу биринчи жыл үчүн АӨ башчынын отчетун угуу. Биринчи жыл үчүн АӨ башчысынын отчету тууралуу туруктуу комиссиянын корутундусун угуу. АКтын жооптуу туруктуу комиссиясынын корутундусун, АК депутаттарынын пикирлерин жана сунуштарын эсепке алуу менен АӨ башчысынын отчетун бекитүү же башка чечим кабыл алуу.
| АӨ башчысы | Айылдык кеңештин төрагасынын резолюциясы менен аныкталган) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. |
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, АК сессияларына катышуусу. | 2025-жылдын 1-жарым жылдыгы үчүн АӨ отчетун кабыл алуу, АК токтомун (тескемесин кабыл алуу), жарыялоо, күчүнө киргизүү, ЧУА Мамлекеттик реестрине кошуу.
| |
18 | Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү, балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу
|
Июль | АӨ башчысынын орун басарынын, жаштар комитетинин, төмөнкү маселелер боюнча комиссиясынын маалыматын угуу: - элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү, - бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу, - балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу, - ААнын аймагында балдардын укуктары менен кызыкчылыктарын камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу; - балдар укугун бузуу учурларын аныктоо жана укугу бузулган балдарга юридикалык жардам берүү. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын корутундусун угуу. Социалдык маселелер боюнча комиссиянын Жобосун карап чыгуу жана бекитүү.
|
АӨ башчысынын орун басары, соц.жана жаштар маселелери боюнча адис, социалдык маселелер боюнча комиссиянын төрагасы, жаштар комитетинин төрагасы
| Социалдык маселелер, дин иштери, гендер жана жаштар саясаты, спорт маселелери боюнча, . Регламент, мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар менен байланыш маселелери боюнча жооптуу туруктуу комиссиялар сессияда өздөрүнүн корутундусу боюнча баяндама жасашат жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзүшөт. |
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, чогулуштарга АК сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары
| Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу. Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.
| |
19 | Жергиликтүү маанидеги китепканалардын, маданият үйлөрүн, клубдарын, музейлеринин ишин уюштуруу жана камсыз кылуу, жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы контролдоо |
Июль | Жергиликтүү маанидеги китепканалардын, маданият үйлөрүн, клубдарын, музейлеринин иши, жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды (эстеликтерди) коргоо жана пайдалануу жагындагы контролдоо боюнча маалыматты угуу: - АӨ башчысынын орун басарын, китепканачыларын, маданий кызматкерлерин, музей кызматкерлерин, - АК туруктуу комиссиясынын төрагасын. Бул жааттагы ишти жакшыртуу боюнча тийиштүү сунуштамаларды жана сунуштарды карап чыгуу, талкуулоо жана кабыл алуу. |
АӨ башчысынын орун басары |
Социалдык маселелер, дин иштери, гендер жана жаштар саясаты, спорт маселелери боюнча, . Регламент, мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар менен байланыш маселелери боюнча жооптуу туруктуу комиссиялар сессияда өздөрүнүн корутундусу боюнча баяндама жасашат жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзүшөт. |
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, чогулуштарга, курултайларга АК сессияларына катышуусу. | Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу.
| |
20 | Күз-кыш мезгилине даярдык тууралуу |
Август | Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселелери боюнча маалымат угуу: - АӨ башчысынын орун басары, - тийиштүү мекемелердин жетекчилери; - АК туруктуу комиссиясынын төрагасы. Жылытуучу материалдарды сатып алуу жана муну каржылоо маселесин кароо жана талкуулоо.
|
АӨ башчысынын орун басары, мекемелердин жетекчилери | Социалдык маселелер, дин иштери, гендер жана жаштар саясаты, спорт маселелери боюнча, Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жан инвестиция маселелери боюнча жооптуу туруктуу комиссиялар сессияда өздөрүнүн корутундулары боюнча баяндама жасашат жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзүшөт. |
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, чогулуштарга АК сессияларына катышуусу. | АК токтом (тескеме) кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.
| |
21 | Өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП, КСКП) эсепке алуу менен 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун алдын-ала карап чыгуу жана макулдашуу. Бюджет боюнча коомдук угуулардын катышуучуларынан түшкөн сунуштарды карап чыгуу |
Август | Коомдук бюджеттик угуулардын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин долбоорун төмөнкүлөрдөн угуу: - АӨ башчысынан (АӨ ФЭБ башчысынан), - АК туруктуу комиссиясынын төрагасынан, - башка кызыкдар адамдардан Өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП, КСКП, иш-чаралар планы), жергиликтүү жамааттын сунуштары менен пикирлерин эсепке алып, жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча пикирлерин жана сунуштарын берет. Маселени кароонун жыйынтыгы боюнча бюджеттин долбоорун жактырат же толук иштеп чыгууга жөнөтөт.
| АӨ башчысы, ФЭБ башчысы
| Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жан инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. |
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, АК сессияларына катышуусу. | АК жергиликтүү бюджеттин долбоорун жактыруу тууралуу токтом кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.
| |
IV квартал
| ||||||||
22 | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана анын кесепеттерин жоюуга даярдык тууралуу
|
Сентябрь | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча АӨ даярдаган иш-чаралар Планын карап чыгуу жана бекитүү. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу тууралуу иш-чаралар планын аткарылышы боюнча АӨ башчысынын (башчынын орун басарынын) маалыматын угуу.
|
АӨ башчынын орун басары, МЧС адиси |
Айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
|
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, жыйындарга, курултайларга, АК сессияларына катышуусу. | Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу. Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.
| |
23 | Мыйзамдын жана/же ЧУА негизинде мамлекеттик органдардан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды АӨнүн аткаруусу
|
Октябрь | Мыйзамдын жана/же ЧУА негизинде мамлекеттик органдар өткөрүп берген ыйгарым укуктарды кандай аткаргандыгы тууралуу АӨ башчысынын орун басарынын маалыматын угуу. АКтын туруктуу комиссиясынын корутундусун угуу. Зарыл болгон учурда, ыйгарым укуктарды материалдык-финансылык, методикалык жактан камсыз кылуунун шарттарын, айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ЖӨБ органдарына өткөрүп берүү жөнүндө шарттарын карап чыгуу, мыйзамдарда белгиленген тартипте тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуштарды жана сунуштамаларды берүү.
| АӨ башчысы (башчынын орун басары) | Регламент, мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар менен байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. |
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын АК сессияларына катышуусу. | Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу. Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.
| |
24 | АКтын депутаттарынын, АӨ адистеринин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкан жана айылдык аймактын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон жарандардын ишине баа берип, жылдын аягында аларды сыйлоо
|
Ноябрь | АКтын жигердүү, көрүнүктүү депутаттарына, АӨнүн адистерине, ААнын жашоочуларына айылдык аймактын өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы үчүн жылдын жыйынтыгы боюнча муниципалдык сыйлыктарды тапшыруу, аларды мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү маселелери боюнча АӨнүн башчысын (АӨнүн башчысынын орун басарын), АКтын туруктуу комиссиясынын төрагасын угуу. | АӨнүн башчысы (АӨнүн башчысынын орун басары), АК төрагасы (АК төрагасынын орун басарлары), туруктуу комиссиянын төрагалары. | Регламент, мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар менен байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссия өзүнүн корутундусу боюнча сессияда баяндама жасайт. |
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын айылдык кеңештин сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары. | Сыйлоо тууралуу айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу. Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу. | |
25 | Өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП, КСКП, иш-чаралар Планы) эсепке алуу менен 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин такталган долбоорун бекитүү. |
Декабрь | Такталган жергиликтүү бюджеттин долбоорун угуу: - АӨнүн ФЭБ башчысын, -АКтын туруктуу комиссиясынын төрагасы, - башка кызыкдар адамдардын өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП, КСКП, иш-чаралар Планы) эсепке алуу менен жергиликтүү бюджеттин долбооруна өзүнүн, жергиликтүү жамааттын пикирлерин жана сунуштарын киргизет.
| АӨ башчысы, ФЭБ жетекчиси
| Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жан инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. |
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, айылдык кеңештин сессияларына катышуусу.
| Такталган жергиликтүү бюджеттин долбоорун жактыруу тууралуу айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу. Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.
| |
| Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары кийинки жылга иш планын бекитишет
|
Декабрь | 2025-жылга иш планынын аткарылышы жана иштин жыйынтыгы боюнча туруктуу комиссиялардын төрагаларынын отчетторун угуу. Айылдык кеңештин токтомдорунун, тескемелеринин аткарылышына анализ жасоо, аткарылган тапшырмаларды көзөмөлдөн алып салуу. АКтын төрагасынын орун басарынан АКтын туруктуу комиссияларынын иши жана жылдын аягында өз милдеттерин талаптагыдай аткаруусу жөнүндө маалыматын угуу. 2026-жылга айылдык кеңештин иш планын талкуулоо жана бекитүү. 2026-жылга иш пландарынын долбоорлору боюнча АК туруктуу комиссияларынын төрагаларын угуу жана аларды бекитүү. |
АК төрагасынын орун басары, АК туруктуу комиссиясынын төрагалары, АКтын жооптуу катчысы |
АКтын төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялардын төрагалары, АКтын жооптуу туруктуу комиссиясы аталган маселе боюнча АК сессиясында баяндама жасашат.
|
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын айылдык кеңештин сессияларына катышуусу.
| Туруктуу комиссиялардын отчетторун бекитүү жөнүндө АКтын токтомун (тескемесин), 2026-жылга АКтын иш Планын, 2026-жылга туруктуу комиссиялардын иш пландарын кабыл алуу. Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.
| |
Жооптуу катчы М. Кыргызбаев