Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII чакырылышындагы депутаттарынын
кезектеги сессиясы
2025-жылдын 5-марты № 24
Турак имараттар жана жайлары үчүн ставканын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 379-беренесине ылайык, турак имараттар жана жайлары үчүн ставканын өлчөмүн бекитүү боюнча Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы У. Бакировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 379-беренесине ылайык, турак имараттар жана жайлары үчүн ставканын өлчөмү, Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын сунушу боюнча 1 чарчы метр үчүн 12 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы У. Бакировго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |