Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII чакырылышындагы депутаттарынын
кезектеги сессиясы
2025-жылдын 5-марты № 25
Бостон айылындагы эски мектептин ордун, бала бакча багытына пайдаланууга багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Бостон айылына бала бакча куруу үчүн Бостон айылындагы эски мектептин ордун, бала бакча багытына пайдаланууга багытын өзгөртүүгө макулдук сурап, айыл башчы Т. Алимбековдун берген сунушун карап, Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Бостон айылындагы эски мектептин ордун 5590 м2 жер тилкесин, бала бакча багытына пайдаланууга багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси Д. Сулаймановго Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында каралган талаптар боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Суралсын Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу жер ресурстары, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Өзгөн филиалынан тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |