Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII чакырылышындагы депутаттарынын
кезектеги сессиясы
2025-жылдын 5-марты № 26
Архивариус кызматкеринин эмгек акысы жөнүндө
Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери У. Бакировдун архивариус кызматкеринин жумушу көбөйгөндүгүнө байланыштуу контрактык негиздеги айыл башчы кызматкеринин эмгек акысынын элүү пайызын төлөп берүү боюнча сунушун карап, Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн штаттык расписаниесине жана түзүмү боюнча бекитилген бирдиктеринин чегинде жана “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат” жөнүндө мыйзамынын негизинде айыл башчы кызматкеринин эмгек акысынын элүү пайызын архивариус кызматкерине төлөп берүүгө макулдук берилсин.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы У. Бакировго ушул токтомдун 1-пунктунда белгиленген ченемдик укуктук актылар боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин. 3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |