Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII чакырылышындагы депутаттарынын
кезектеги сессиясы
2025-жылдын 5-марты № 27
Жылалды айылынын тургуну Боронбаева Патма Эргешовнанын менчигиндеги турак жай үчүн 614 м2 жер тилкесинин пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча берген арызы жөнүндө
Жылалды айылынын тургуну Боронбаева Патма Эргешовнанын Прогресс айылындагы менчигиндеги турак жай үчүн 614 м2 жер тилкесинин, жерге жайгаштыруу делосу идентификациялык коду 5-06-06-1005-0398, жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы сериясы Ч № 1302437, 2024-жылдын 10-июнунда түзүлгөн, пайдалануу багытын элди тейлөө багытына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү, айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Убукеевдин маалыматын угуп жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жылалды айылынын тургуну Боронбаева Патма Эргешовнанын Прогресс айылындагы менчигиндеги турак жай үчүн 614 м2 жер тилкесинин багытын, элди тейлөө багытына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси Д. Сулаймановго Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана мыйзамдарында каралган талаптар боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Суралсын Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу жер ресурстары, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Өзгөн филиалынын тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |