Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII чакырылышындагы депутаттарынын
кезектеги сессиясы
2025-жылдын 5-марты № 28
Жылалды айылынын тургуну Эргешова Кенжегүл Адамбаевнанын менчигиндеги 200 м2 жер тилкесинин пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча берген арызы жөнүндө
Жылалды айылынын тургуну Эргешова Кенжегүл Адамбаевнанын Прогресс айылындагы менчигиндеги 200 м2 жер тилкесинин, жерге жайгаштыруу делосу идентификациялык коду 5-06-06-1005-1242, жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы сериясы Ч № 782433, 2024-жылдын 10-июнунда түзүлгөн, пайдалануу багытын калкты тейлөө, кызмат көрсөтүү багытына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү, айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Убукеевдин маалыматын угуп жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жылалды айылынын тургуну Эргешова Кенжегүл Адамбаевнанын менчигиндеги турак жай үчүн 600 м2 жер тилкесинин багытын, калкты тейлөө, кызмат көрсөтүү багытына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси Д. Сулаймановго Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана мыйзамдарында каралган талаптар боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Суралсын Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу жер ресурстары, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Өзгөн филиалынан тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |