Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII чакырылышындагы депутаттарынын
кезектеги сессиясы
2025-жылдын 5-марты № 29
Прогресс айылынын тургуну Эгемкулова Айсалкын Кубатбековнанын менчигиндеги 225 м2 жер тилкесинин пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча берген арызы жөнүндө
Прогресс айылынын тургуну Эгемкулова Айсалкын Кубатбековнанын Прогресс айылындагы менчигиндеги 225 м2 жер тилкесинин, жерге жайгаштыруу делосу идентификациялык коду 5-06-06-1005-0585, жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы сериясы Ч № 321946, 2011-жылдын 27-июнунда берилген, пайдалануу багытын калкты тейлөө, кызмат көрсөтүү багытына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү, айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Убукеевдин маалыматын угуп жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Прогресс айылынын тургуну Эгемкулова Айсалкын Кубатбековнанын менчигиндеги турак жай үчүн 225 м2 жер тилкесинин багытын, калкты тейлөө, кызмат көрсөтүү багытына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси Д. Сулаймановго Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана мыйзамдарында каралган талаптар боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Суралсын Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу жер ресурстары, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Өзгөн филиалынын тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |