Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII чакырылышындагы депутаттарынын
кезектеги сессиясы
2025-жылдын 5-марты № 30
Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүндө “Береке базары” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Прогресс айылында базар куруу максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 790 токтомуна ылайык, калктын муктаждыктарын канааттандыруу максатында “Береке базары” муниципалдык ишкана түзүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Прогресс айылында базар куруу максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 790 токтомуна ылайык, калктын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн төмөндөгүдөй “Береке базары” муниципалдык ишкана түзүүгө макулдук берилсин:
Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: “ Береке базары ” муниципалдык ишканасы;
- расмий тилде: “ Береке базары ” муниципальная предприятия.
Ишкананын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: “ Береке базары ” МИ;
- расмий тилде: “ Береке базары ” МП.
2. “ Береке базары ” муниципалдык ишканасынын юридикалык дареги болуп Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Өзгөн району, Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтү, Прогресс айылы, Жибек-Жолу көчөсү болуп белгиленсин.
3. “ Береке базары ” муниципалдык ишканасынын Жобосу түзүлүп, бекитилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар менен байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |