Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин II-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз № 15- сессиясы
2025-жылдын 28-октябры № 65
Айыл өкмөтүнө айыл чарба техникасын “Айыл банк” аркылуу айыл чарба техникасын алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржы –экономикалык негиздери жөнүндө” мыйзамын талаптарына ылайык;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шекер айыл аймагынын айыл өкмөтүнө «Айыл банк» айыл чарба техникасы Муниципалдык ишканага LOVOL TD 1054 жана айланма соко 1LF-430 маркасы менен лизингке 5 жылдык мөөнөт менен айыл өкмөтүнүн бюджетинен сатып алынсын.
2. Шекер айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен өздүк салым үчүн 896900 (сегиз жүз токсон алты миң тогуз жүз) сом, техниканы камсыздандырууга 51000 (элүү бир миң) сом жана ГРСтин чыгымдарына 2100 (эки миң бир жүз) сом каралсын.
3. «Лизинг компаниясы» ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана келишимден келип чыгуучу башка документтерге кол коюу укугу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мураталиевага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага |
| К. Э. Иманалиев |