Редакцияот 19.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Үч-Коргон айылдык кеңешинин кезексиз  XIII сессиясы

 

2025-жылдын 19-декабры № 01-06/14-01

  

Үч-Коргон айыл аймагынын  калкын ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча кызматына тарифтерди белгилөө жөнүндө 

 

                                          

Үч-Коргон айылдык кеңешинин финанс жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен областтык башкармалыгынын № 56 буйругуна ылайык, "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө " Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып", Үч-Коргон айылдык кеңеши  токтом кылат:

 

  1. Үч-Коргон айылы аймагынын абоненттерин ичүүчү суу менен камсыздоо тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

  1. Бекитилген тарифтер Үч-Коргон айыл аймагында  2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо жагы  айылдык кеңештин агрардык жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

С.Атамбаев.

 

 

Үч-Коргон айылдык кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы  №01-06/14-02                                                 Токтомуна тиркеме

 

 

 

 

   Үч-Коргон айыл аймагындагы “Үч-Коргон” муниципалдык ишканасынын ичүүчү таза суу жеткирүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн баа прейскуранты

 

№

Кызматтардын аталышы

Өлчөө бирдиги

Суммасы (сом)

  1.  

Калкка

1м3/сом

28,56

  1.  

Бюджеттик ишканалар

1м3/сом

40

  1.  

Коммерциялык мекемелер

1м3/сом

100

 

 

 

 

Катчы:                                                         Д.Ахунова