Үч-Коргон айылдык кеңешинин кезексиз XIII сессиясы
2025-жылдын 19-декабры № 01-06/14-06
Үч-Коргон айыл аймагынын Анхор-1 көчөсүндө жайгашкан 0,32 га жер аянтын муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө.
«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын , 6-беренесин, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, жана 39-беренелерине ылайык, Үч-Коргон айылдык кеңеши токтом кылат:
- Үч-Коргон айыл аймагынын Анхор-1 көчөсүндө жайгашкан 0,32 га жер аянтын муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
- Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы О.Шакировго жүктүлсүн.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы агрардык жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.Атамбаев. |