Үч-Коргон айылдык кеңешинин кезексиз XIII сессиясы
2025-жылдын 19-декабры № 01-06/14-04
Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн Үч-Коргон жалпы билим берүү мектебин Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн балансына муниципалдык мектеп катары өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ,6-беренесин, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, жана 39-беренелерине ылайык, Үч-Коргон айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн Үч-Коргон жалпы билим берүү мектебин, Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн балансына муниципалдык мектеп катары өткөрүп алууга макулдук берилсин.
- Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы О.Шакировго жүктүлсүн.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы агрардык жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.Атамбаев. |