Редакцияот 11.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 11-декабры № 800

 

Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагын ыңгайлаштырууга карата талаптарды бекитүү жөнүндө

 

 

“Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагын (мындан ары – “Тамчы” АФИА) ыңгайлаштырууга карата талаптар тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. “Тамчы” АФИАнын башкаруучу компаниясы жана “Тамчы” АФИАны башкаруу боюнча кеңеш “Тамчы” АФИАнын ички актыларын иштеп чыгууда жана өнүктүрүү пландарын бекитүүдө ушул токтомдо каралган Ыңгайлаштырууга карата талаптарды эске алсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 12-декабрындагы № 98 (3755) саны менен жарыяланган.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев