Үч-Коргон айылдык кеңешинин кезексиз XIII сессиясы
2025-жылдын 19-декабры № 01-06/14-08
Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Чаувай айылы менен, мурдагы Чаувай айыл аймагы бириктирилип, бир эле Үч-Коргон айыл аймагынын Чаувай айылы деп статус берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, «2025-жылдын 16-январь күнү Үч-Коргон айыл аймагынын Чаувай айылынын тургундары менен мурунку Чаувай айыл аймагынын тургундары ортосунда өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколдорунун чечимдерине негиз, Үч-Коргон айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Чаувай айылы менен, мурдагы Чаувай айыл аймагы бириктирилип, бир эле Үч-Коргон айыл аймагынын Чаувай айылы деп статус берилсин.
- Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы О.Шакировго жүктөлсүн.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.Атамбаев. |