Редакцияот 16.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2026-жылдын “____”_____

№ ____ тескемеси менен

жактырылган

 

2025-жылдын 1-сентябрында Тяньцзинь шаарында кол коюлган

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин

коопсуздугунун чакырыктарына жана коркунучтарына каршы

аракеттенүү боюнча универсалдуу борбор жөнүндө макулдашууга

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

корутундусу

 

2025-жылдын 1-сентябрында Кытай Эл Республикасынын Тяньцзинь шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коопсуздугунун чакырыктарына жана коркунучтарына каршы аракеттенүү боюнча универсалдуу борбор жөнүндө макулдашуу (мындан ары – Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.

Макулдашуунун расмий тилдеги долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 29-августундагы № 289 тескемеси менен жактырылган жана Шанхай кызматташтык уюмунун Региондук терроризмге каршы түзүмүнүн (мындан ары – ШКУ РТКТ) базасында Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугунун чакырыктарына жана коркунучтарына каршы аракеттенүү боюнча универсалдуу борборду (мындан ары – Универсалдуу борбор) анын түзүмүнө Маалыматтык коопсуздук борборун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында жайгашкан Универсалдуу борбордун түзүмдүк бөлүмү статусундагы бөлүмчө катары Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча борборду кошуу менен түзүүнү карайт.

Универсалдуу борбор ШКУ РТКТ укук улантуучусу болуп саналат. ШКУ РТКТ укуктары жана милдеттенмелери, анын ичинде эл аралык келишимдерден келип чыгуучу укуктары жана милдеттенмелери Макулдашуу күчүнө кирген учурдан тартып Универсалдуу борборго өтөт.

Макулдашуунун долбоору “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Макулдашуунун долбоорун макулдашуу баскычында ага чегинүүлөрдү билдирүүгө тыюу салган же белгилүү категориядагы чегинүүлөрдү гана билдирүүгө жол берген жоболорду камтыбагандыктан, аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттерине киргизүүгө зарылдык болгон эмес жана буга ылайык алар менен макулдашуу жүргүзүлгөн эмес.

“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12-беренелерине ылайык Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.

Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир финансылыкэкономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.