Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 800 токтомуна) |
Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагын ыңгайлаштырууга карата ТАЛАПТАР
1-глава. Жалпы жоболор
1. Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагын ыңгайлаштырууга карата талаптар (мындан ары - Талаптар) Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагын (мындан ары - "Тамчы" АФИА) жайгаштыруу жерин, аймакты өнүктүрүүнүн комплекстүү планын, ошондой эле зоналаштыруунун милдеттүү критерийлерин жана тартибин белгилейт.
2. Талаптар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, "Тамчы" АФИАнын башкаруучу компаниясы жана субъекттери үчүн, ошондой эле "Тамчы" АФИАда объекттерди жайгаштыруу жөнүндө чечимдерди даярдоого, макулдашууга жана ишке ашырууга катышкан юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү болуп саналат.
3. Объекттерди жайгаштыруу жерин аныктоодо, ошондой эле тышкы жана ички чек араларын аныктоодо жана өзгөртүүдө "Тамчы" АФИАнын аймагын өнүктүрүүнүн комплекстүү планында "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору сакталууга тийиш.
4. "Тамчы" АФИАда объекттерди жайгаштыруу төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
- мыйзамдуулук жана коопсуздук;
- Ысык-Көлдүн уникалдуу экосистемасын сактоо;
- экономикалык натыйжалуулук, жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу, энергиялык натыйжалуулук жана климаттык туруктуулук;
- "Тамчы" АФИАнын кабыл алынган актыларынын ачыктыгы, айкындуулугу, маалыматтуулугу.
5. "Тамчы" АФИАнын ушул Талаптарынын негизинде жана аларды аткаруу үчүн "Тамчы" АФИАнын тиешелүү актылары кабыл алынат, алар төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
- "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун Ысык-Көл филиалынын иши туруктуу жана коопсуз режимде жүргүзүлүшү үчүн авиациялык коопсуздуктун жана учуулардын коопсуздугунун талаптарын так сактоо;
- Тамчы" АФИАнын актылары менен иштелип чыккан жана бекитилген жер мамилелери, шаар куруу, аймактык пландоо жана шаар курууну зоналаштыруу, инженердик, коммуналдык жана транспорттук инфраструктура схемалары, айлана-чөйрөнү, суу ресурстарын коргоо, анын ичинде Ысык-Көлдүн экологиялык системасы, санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик, маданий мурас объекттерин коргоо жана жер казынасын пайдалануу, өрт коопсуздугу чөйрөлөрүндөгү ченемдерди жана талаптарды сактоо. Жогоруда көрсөтүлгөн маселелер боюнча "Тамчы" АФИАнын тиешелүү актылары кабыл алынганга жана күчүнө киргенге чейин экономикалык иштин субъекттери Курулуш жана жер иштерин жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын тиешелүү ченемдерин жетекчиликке алууга милдеттүү;
- кооптуу табигый жана техногендик процесстерге, анын ичинде сейсмикалык таасирлерге, сел жана суу ташкыны тобокелдиктерине, жер көчкү жана эрозиялык процесстерге карата коопсуздук жана туруктуулук.
2-глава. Терминдер жана аныктамалар
6. Ушул Талаптарда төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
аймакты өнүктүрүүнүн комплекстүү планы - аймакты мейкиндиктик, инфраструктуралык, архитектуралык жана функционалдык өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоочу стратегиялык пландоо документи;
негизги транспорттук багыттар - аймактын тышкы транспорттук инфраструктура менен байланышын жана аймактын ички транспорттук байланышын камсыз кылуучу магистралдык транспорттук маршруттар;
жашылдандырылган аймактардын системасы - аймакта экологиялык, санитардык-коргоочу жана рекреациялык функцияларды аткаруучу табигый жана жасалма жол менен түзүлгөн жашыл бак- дарактардын жыйындысы;
айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизүүнүн алдын алуу жана азайтуу боюнча иш-чаралардын планы - аймакта долбоорлорду ишке ашырууда экологиялык тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталган уюштуруучулук, инженердик жана жаратылышты коргоо чараларынын комплексин камтыган документ;
жер участокторун пайдалануу жана уюштуруу боюнча чечимдер - аймактын чектеринде жер участокторун рационалдуу пайдалануу, функциялык зоналаштыруу, пландаштыруу жана куруу тартибин аныктоочу шаар куруу жана жерге жайгаштыруу чечимдери;
долбоордук иштин субъекттери - бул юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле долбоордук документтерди даярдоону, иштеп чыгууну, макулдашууну жана ишке ашырууну жүзөгө ашыруучу, ошондой эле "Тамчы" АФИАнын аймагында объекттерди жайгаштырууну жана иштерди аткарууну демилгелеген жеке ишкерлер.
3-глава. Аймакты функционалдык уюштуруу жана өнүктүрүү
7. "Тамчы" АФИАда функционалдык зоналар, анын ичинде финансы-ишкердик борбору, ишкердик кызмат көрсөтүүлөр зонасы, туристтик-рекреациялык иш жана оюн-зоок зонасы, логистика жана кампалык иштетүү зонасы, коомдук-ишкердик жана сервистик инфраструктура зонасы, инженердик зоналар, коргоо жана буфердик аймактар каралышы мүмкүн. "Тамчы" АФИАнын аймагын өнүктүрүүнүн комплекстүү планына конкреттүү тизме жана талаптар "Тамчы" АФИАнын актылары менен белгиленет.
8. Коопсуздуктун жогорку талаптары бар объекттерди, ошондой эле айлана-чөйрөгө потенциалдуу терс таасири бар объекттерди жайгаштыруу эсептөөлөр жана экспертизалар менен ырасталган санитардык-коргоо зоналарын жана буферлерди милдеттүү түрдө орнотуу менен жүзөгө ашырылат.
4-глава. Инженердик жана транспорттук инфраструктура
9. "Тамчы" АФИАнын актылары менен бекитилген аймакты өнүктүрүүнүн комплекстүү планында инженердик инфраструктуранын бардык түрлөрүнө кошулуу булактары жана схемалары, анын ичинде электр менен камсыздоо, жылуулук менен камсыздоо, суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу, жаан-чачын канализациясы, газ менен камсыздоо, телекоммуникациялык тармактар, ошондой эле бар болгон учурда калдыктар менен иштөө объекттери каралган. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аталган инфраструктурага тоскоолдуксуз жетүүнү камсыз кылууга жана берүүгө милдеттүү.
10. Инженердик чечимдер ишенимдүүлүктү жана резервдөөнү, сейсмикалуулукту эсепке алууну, энергиялык натыйжалуулуктун ченемдерин жана климаттык таасирлерге туруктуулукту камсыз кылууга тийиш.
11. Транспорттук чечимдер "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун Ысык-Көл филиалы жана негизги транспорттук багыттар менен байланышты караштырышы керек.
5-глава. Экологиялык жана жаратылышты коргоо талаптары
12. Бардык жайгаштыруу долбоорлору үчүн долбоорлоо ишинин субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын экологиялык мыйзамдарынын талаптарына жана "Тамчы" АФИАнын ченемдик актыларына ылайык "Тамчы" АФИАнын башкаруучу компаниясы тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга баалоонун натыйжалары жана кабыл алынып жаткан экологиялык чаралар жөнүндө милдеттүү түрдө маалымдоо менен айлана-чөйрөгө тийгизген таасирге баалоо жүргүзүлөт. Олуттуу таасирлер табылганда алдын алуу, азайтуу жана компенсациялоо боюнча чаралар иштелип чыгат.
13. Ысык-Көлдүн экосистемасы үчүн жана калкты суу менен камсыз кылууга зыян келтирбестен суу балансын эсептөө жана суу ресурстарынын жетиштүүлүгүн ырастоо милдеттүү. Саркынды сууларды чыгаруу үчүн сапаттын ченемдик көрсөткүчтөрүнө жетишүү менен саркынды сууларды тазалоо схемасы иштелип чыгат.
14. Жер участокторун пайдалануу жана уюштуруу боюнча чечимдерде жашылдандырылган аймактардын системасын сактоо каралууга тийиш.
15. "Тамчы" АФИАнын актылары менен айлана-чөйрөгө терс таасирдин алдын алуу жана азайтуу боюнча иш-чаралардын планы бекитилет.
6-глава. Жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн документтер
16. "Тамчы" АФИАда объекттерди жайгаштыруу жана куруу жөнүндө чечимдер "Тамчы" АФИАнын актылары менен белгиленген жер кадастрына карата талаптарды эске алуу менен "Тамчы" АФИАнын актыларына ылайык жана экономикалык иштин тиешелүү субъекттери тарабынан берилген жер участокторуна укук белгилөөчү жана кадастрдык документтердин, инженердик изилдөөлөрдүн натыйжаларынын, айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоонун, шаар курууну негиздөөнүн жана функционалдык зоналаштыруунун техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн негизинде кабыл алынат.
17. "Тамчы" АФИАда объекттерди жайгаштыруу жөнүндө документтер белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилет.
7-глава. Мониторинг жүргүзүү жана контролдоо
18. "Тамчы" АФИАнын актыларында милдеттүү мониторинг жүргүзүү каралышы керек. Мониторинг жүргүзүү индикаторлорду контролдоону, инженердик тармактарга кошууну жана алардын жүктөмүн, ишенимдүүлүгүн жана резервдүүлүгүн, саркынды сууларды тазалоонун сапатын, жер үстүндөгү жана жер астындагы суулардын абалын, жалпы пайдалануудагы жээк тилкелеринин сакталышын, аэродромго караштуу аймактарда бийиктик чектөөлөрүнүн сакталышын, экологиялык таасирлерди башкаруу планы боюнча иш- чаралардын аткарылышын камтыйт.
19. Жайгаштыруу боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтар, бекитилген чек аралардын жана функционалдык зоналардын карталары расмий, анын ичинде машина окуй турган формада жарыяланууга тийиш, жарыялоонун тартиби жана мөөнөтү "Тамчы" АФИАнын актылары менен аныкталат.
20. "Тамчы" АФИАнын башкаруучу компаниясы Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине ушул Талаптардын сакталышы жөнүндө маалымдайт.