Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 11-апрели № 36/6-9
Талас шаарынын Б.Сарногоев көчөсүнүн № 132/1 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 1202 чарчы метр муниципалдык жер тилкесине кызматтык үй куруу үчүн Талас областтык ички иштер башкармалыгына берүүгө макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренеси жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 14, 25-беренелерине ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 28.03.2025-жылдагы №01-26/47 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын Б.Сарногоев көчөсүнүн № 132/1 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 1202 чарчы метр муниципалдык жер тилкесине кызматтык үй куруу үчүн Талас областтык ички иштер башкармалыгына берүүгө макулдукберилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (Сариева.А.Ж.) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Суйунтбеков.А.О) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |