Редакцияот 31.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 31-декабры № 858

 

Виртуалдык активдерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө

 

Кыргыз Республикасында виртуалдык активдер рыногун өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Иштеп жаткан виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөр уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн 2026-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 “Виртуалдык активдерди жүгүртүүдө келип чыккан мамилелерди жөнгө салуу маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Виртуалдык активдердин тооруктарынын операторунун (криптобиржанын) иши жана виртуалдык активдердин тооруктарынын операторлорунун (криптобиржанын) реестрин жүргүзүү жөнүндө жобонун талаптарына ылайык келтирүүгө милдеттүү деп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 “Виртуалдык активдерди жүгүртүүдө келип чыккан мамилелерди жөнгө салуу маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтомунун 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.А. Касымалиев